Кыргыз гезиттер

 
Жылдызкан Жолдошева:
"Камчыбек Ташиевдин фракция депутаттарына көрсөтмө же буйрук берүүгө, тапшырмалар менен кат жөнөтүүгө моралдык жана юридикалык укугу жок"

2015-жылдын 11-март күнкү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин пленардык олтурумунун жүрүшүндө депутат Мурзабеков Кантемир Зулумович мени "Ата-Журт" депутаттык фракциясынын жетекчилигинен бошогондугум, менин ордума убактынча лидердин милдетин аткаруучу катары депутат Дастанбек Артисбекович Джумабеков дайындалгандыгы тууралуу жарыя жасады. Фракциянын лидерлигинен мени четтетүү тууралуу жасаган өзүнүн бул кадамын ал "Ата-Журт" фракциясынын депутаттарынын, Ж.Жолдошованы лидерликтен алуу тууралуу кол топтогондугу менен түшүндүрдү.
Депутат К.З. Мурзабековдун жасаган бул ишин "мыйзамсыз деп эсептөөгө толук негиздер бар" - деп эсептеймин.Себеби 2010-жылдын 10-ноябрында бекитилген "Ата-Журт" фракциясынын Жобосунун VII главасынын 1-пунктунун 15 подпунктуна ылайык "Фракциянын лидеринин ыйгарым укуктары фракциянын жалпы мүчөлөрүнүн үчтөн экисинин ачык добушу менен мөөнөтүнөн мурда токтотулушу мүмкүн".
Ошондой эле, чечимге расмий ыйгарымдуу каттоо саны коюлбаган, б.а. каттоодон өткөн эмес, датасы көрсөтүлбөгөн, жана фракциянын чечимине депутаттардын таанышкандыгы жөнүндө ("Ознакомлены") гана кол коюп беришкендиктерин чечимде ачык эле жазышкан. Ошондуктан, 2015-жылдын 11-мартында депутаттарга таратылган Ж.Жолдошеваны фракциянын лидерлигинен четтетүү тууралуу чечими легитимсиз экенин баса белгилеп айтып кетүүгө болот.
Ошону менен бирге, легитимсиз чечимге таанышуу иретинде кол койгон 19 депутаттын 8 депутаты өз кол тамгаларын төмөндө көрсөтүлгөн каттарга ылайык кайрадан чакыртып алышкан (04.03.2015-ж. 6-1496 и/15-сандуу, 05.03.2015-ж. 6-1527и/15- сандуу, 05.03.21015-ж. 6-5845/15, 05.03.21015-ж. 6-5846/15 жана 11.03.2015-ж, 6-1662и/15.
Муну алар далилдеп айтып да бере алышат. Мындан сырткары депутат Кантемир Мурзабековго фракциянын депутаттарынын атынан сүйлөөгө эч ким укук берген эместигин, анын кадамы мыйзам чыгаруу жаатында иштеген кишиге таандык кадам эместигин башка депутаттар да ачык эле бетине айтып жатышат.
Дагы бир орчундуу маселе мыйзам чегинде кайсы партия болбосун ал депутаттык фракциянын ишине түздөн-түз кирише албайт (КР Жогорку Кеңеши тууралуу Мыйзамдын 10-беренеси).
Биринчиден, "Ата-Журт" партиясы азыркы учурда "Республика" партиясы менен биригип кеткендиктен, юридикалык жак катары өз алдынча каттоодо да жок. Ошондуктан, Камчыбек Ташиев фракция депутаттарына көрсөтмө берүүгө, тапшырмалар менен кат жөнөтүүгө, башка буйруктарды берүүгө моралдык жана юридикалык укугу жок деп эсептеймин.
Экинчиден, дагы бир маанилүү маалымат бул, "Ата-Журт" партиясынын ээси Базарбай Темишов болуп чыккандыгы, ал эми партиянын тагдыры ушул жылдын май айларында чечилээри бүгүнкү күндө анык болуп калды.
Анан да айта кетчү сөз, мен фракциянын лидерлигинен бир гана учурда өз каалоом менен кетишим мүмкүн, бул да болсо эгерде азыркы коалиция көпчүлүк ыдырап, "Ата-Журт" депутаттык фракциясы жаңы түзүлө турган коалицияга кирүү чечимин кабыл алган учурда гана.




"Камчыбек мырзанын абийирине койдум"
Мен, кээ бир булактардан Камчыбек Ташиев мырзанын менин дарегиме айткан сөздөрүн окудум. Байкашымча, акыркы кезде Камчы кандайдыр бир саясый топтордун таасиринде жүрөт окшойт. Камчыбек иниме, партиялашыма, кесиптешиме эч кандай жооп бербейин деп чечтим жана жасап жаткан кадамдарынын баарын толук бойдон анын абийирине койдум.
Канткенде да, бир топ оош-кыйыш мезгилде, саясый күрөштө бирге иш алып барганбыз. Мен ишенем, качандыр бир кезде, Камчыбек мырза, ушул айткандары жана жасаган иш-аракеттери үчүн өзү уялаар. Баарын убакыт өз ордуна коёт.
Жылдыз Жолдошова.





Улуттук банк Кыргызстандагы Дүйнөлүк Акча Жумалыгын жыйынтыктады
Кыргызстанда 2015-жылдын 11-мартынан 18-мартка чейин Дүйнөлүк Акча Жумалыгы (GlobalMoneyWeek) өткөрүлдү. Аманаттарды сактоо маданиятын өнүктүрүүгө, балдарга жана чоңдорго келечекте өз алдынча финансылык чечимдерди кабыл алуусуна үйрөтүүгө багытталган бул глобалдык кампанияга Кыргыз Республикасы биринчи жолу толук масштабда кошулду. Дүйнөлүк Акча Жумалыгынын алкагында, алыскы айыл аймактардан тартып бүткүл Кыргызстанда мектеп окуучулары менен студенттер үчүн атайын окутуулар өткөрүлүп, эксперттердин көчмө лекциялары, финансылык мекемелерге экскурсиялар, ошондой эле коммерциялык банктарда, банктык эмес финансылык кредиттик мекемелер, мамлекеттик мекемелер болгон - Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинде, Кыргыз Республикасынын депозиттерди коргоо боюнча агенттигинде, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында ачык эшик күндөрү, тренингдер, тегерек столдор, викториналар, олимпиадалар, сынактар жана башка көптөгөн иш-чаралар уюштурулду. Жалпысынан 160га жакын иш-чаралар уюштурулуп, ага 6000ден ашуун бала катышты.
Улуттук банктын адистери көчмө лекциялары менен республиканын баардык облустарында болушуп, мектеп окуучулары менен студенттерге азыркы турмушта финансылык жактан сабаттуу болуу маанилүү экендигин, билим алуу негизги жана алгачкы капитал болуп, келечекте аны туура колдонуу менен акчага алмаштырууга мүмкүн боло тургандыгын айтып беришти. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматынан маалымдашты. Улуттук банктын адистери жаштар менен болгон жолугушууларда валюта, кредиттер, депозиттер, банктык карттар, финансылык мекемелер сунуштаган банктык продукттар жана кызматтар туурасындагы темаларга дагы токтолушту. Улуттук банктын нумизматикалык музейине экскурсия уюштурулуп, анда балдар Борбор Азия аймагындагы алгачкы төлөм каражаттары, Кыргызстандын улуттук валютасынын пайда болуу тарыхы, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эстелик монеталары менен жакындан таанышышты. Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов: "Угуучулардын чоң кызыгуусу бар экендигин белгилей кетүү керек. Мектеп окуучулары баардык иш-чараларды жакшы кабыл алышып, талаш-тартыштарда, сынактарда, тренингдерде активдүү катышып, көптөгөн суроолорду берип жатышты. Кыргызстандагы Дүйнөлүк Акча Жумалыгы ийгиликтүү өткөрүлдү. Биз бул салтты кийинки жылы дагы сөзсүз улантабыз "-деди.
Кыргызстандагы Дүйнөлүк Акча Жумалыгынын расмий жабылуу аземинин алкагында "Бүгүнкү үнөмдөө - ишенимдүү эртеңки күн" аттуу мектеп окуучулары үчүн өткөрүлгөн улуттук сүрөт сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи 19-мартта Г. Айтиев атындагы кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде болду. Сынактык иштер 2015-жылдын 16-февралынан 27-февралга чейин 7 жаштан 17 жашка чейинки балдардан кабыл алынды. Жалпысынан сынакка өлкөнүн баардык облустарынан 199 автордон 205 сүрөт келип түшкөн. Балдар үй-бүлө бюджети, чөнтөк акчасы, финансылык мекемелер, финансылык керектөөлөр жана өздөрүнүн финансылык келечегине байланышкан темалардагы сүрөттөрдү жөнөтүшкөн. Сүрөткө авторлор ураан катары акча жөнүндө макал-лакаптарды, көпчүлүк иштерде акча каражаттарын туура пайдалануу жана топтоо туурасында чакырыктарды колдонушкан.
Сынактын жеңүүчүлөрүнө Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын коллекциялык монеталары, ошондой эле "ФИНКА Банктын", Банк "Бай Түшүмдүн", "Кыргыз Инвестициялык-Кредиттик банктын", "Айыл Банктын" демөөрчүлүгү алдында коммерциялык банктарда депозиттерди ачуу боюнча сертификаттар тапшырылды. Айтсак, үч категория боюнча биринчи орундарды алган сынактын жеңүүчүлөрүнө 5000 сомдон, экинчи орундагыларга - 3000 сомдон, ал эми үчүнчү орунду алган авторлорго - 2000 сомдон депозит ачылды. Кызыктыруучу сыйлык катары 1500 сомдук депозит ачуу эки авторго, ал эми байгеге илинбей, бирок сынактык комиссия тарабынан белгиленген 9 балага атайын белектер- 500 сомдон 1500 сомго чейин акчалай каражаты бар уюлдук капчык берилди. Мындан тышкары, баардык белгиленген авторлор Кыргыз Республикасындагы Дүйнөлүк Акча Жумалыгынын башка дагы уюштуруучулары тарабынан байгелүү белектерди алышты. Сынактын мыкты иштерин Г.Айтиев атындагы кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинен 2015-жылдын 19-мартынан 25-мартына чейин көрүүгө болот.
Дайырбек Мейманов





  п»ї





??.??