Кыргыз гезиттер

 
Эгемен өлкөнүн Президентинин
ээн-жайкын басканына кандай карайсыз?
Президент А.Атамбаев Санкт-Петербург шаарына бараткан жолдо Молдова Республикасына кайрылып, олигарх, депутат В.Плахотнюкка жолугуп кеткени кыргыз коомчулугунда кызуу талкуу жаратып жатат. Атамбаев В.Плахотнюкка таандык "Нобил эйр" компаниясынын "Эмбраер легаси 650" учагы менен учуп барып, аны менен төрт саат бою сүйлөшкөн. Мындан башка Молдованын бир дагы расмий өкүлдөрү менен жолугушкан эмес. Коомчулукта бир тарап Атамбаевдин протоколдон чыгып, жөн салды олигархтар менен жолугушкан бул сапары иликтөөгө алынышы керек десе, бир тарабы президенттин жеке сапар менен жүрүүсү кадыресе көрүнүш, ага отчет беришинин кажети жок дешүүдө. Президенттин аппаратынын тышкы саясат боюнча бөлүм башчысы С.Исаков Атамбаевдин сапарын "улуттук кызыкчылыктын алкагында болду" деп сыпаттап жиберди. Жагдай тууралуу пикир сурап, мекендештерге собол салдык.

Өмүрбек Абдрахманов, ЖКнын депутаты:
"Президент Атамбаев өз билгенин кылып жатат"
- Мамлекеттин президенти башка мамлекеттин олигархына анын учагы менен барганы тарыхта болгон эмес. Бул Кыргызстан мамлекетин мазактоо болуп эсептелет. Демократиялык мамлекеттерде мындай кылыгы үчүн президент импичмент менен ишинен кетмек. А биздин авторитардык-советтик системанын президенттери өз билгенин кыла беришет...

Майрамбек Адылбеков, журналист:
"Олигарх менен жолугушууда кандай улуттук кызыкчылык бар?"
- Өз өлкөсүндө финансылык афераларга тийиштиги бар деп суракка алынып жаткан, натыйжада кече жакында биздин ажону ташыган учак менен Стамбулга качып кеткен Молдовалык олигархтын А.Атамбаев менен жолугушуусу коомчулукта кызуу талкууда. Эл өлкө башчысы аферага тийиштиги бар деген олигарх менен эмнеге жолукканын билгиси келет. Ошол эле учурда Сапар Исаков Президенттин бул адам менен жолугушуусу кыргыз элинин кызыкчылыгы үчүн деп жатат. Ал кандай улуттук кызыкчылык? Ушул белгисиз жолугушуунун себептерин Жогорку Кеңеш депутаттык комиссия түзүп, иликтеп чыгыш керек.

Тынчтык Алтымышев, журналист:
"Өлбөгөн эле төрт шыйрак калды"
- "Өлбөгөн гана төрт шыйрак" демекчи, бул кабар ансыз да араң турганда түндүгүбүздү түшүргөндөй эле болду. Бир чети кримтөбөл Азиз Батукаевге бир суткада паспорт жасап, абактан аэропортко чейин узатканын эстеп, "бу бийлик баарын кыла берет" деп жөн болот экенсиң. Экинчи жагынан, Алмаз Шаршеновичке ырахмат, жеке иштерин жеке учак менен барып бүтүрүп, ушул жерден мамлекеттин акчасын кичине үнөмдөптүр. Эми анын отчет берген, бербегени маанилүү эмес, болоору болду...
Келдибек Жээнбеков, жеке ишкер:
"Башка баш катыра турган маселе көп"
- Менин билишимче өлкө башчы жалпы кыргыз элинин эсебинен айлык алат. Ошондой эле кайтарып жүргөн жан сакчылары, транспорт жана башка чыгымдарын элдин эсебинен, бюджеттен алат. Өлкө башчысы протоколдун негизинде жүрүш керек деп уккам. Бир жылы Келдибеков күзөт кызматын таштап учуп кеткендиги үчүн аябай көп чуу болгон. Эгерде мыйзамда каралып, андай жолугушууларга мүмкүнчүлүк болсо анда аны чоң трагедия кылуунун кажети жок. Өлкөдө андан да коркунучтуу көйгөйлөр бышып жетилип турат. Токтогул суусунун критикалык абалга чейин азайышы, электр энергияга болгон баанын кымбаттыгы, Бажы биримдигине көпчүлүк карапайым калктын каршы болуусу сыяктуу жана башка көйгөйлөр. Биз мына ушулардын үстүндө баш катырышыбыз керек.

Тимур Абылаев, жарандык активист:
"Президент түгүл, бардык жетекчилер элге отчет бериши керек"
- Президент өлкө башчысы болгондуктан, анын ар бир баскан кадамы эл үчүн маалым болуп турушу керек. Президенттин кандай ички жана тышкы саясат жүргүзүп жаткандыгын, ким менен жолугуп жаткандыгын биз билишибиз керек. Негизи, президент менен жолуга турган адам өз расмий жолдору менен өзү жолугушууга келет, бирок биздин учурда кайдагы белгисиз бизнесмен-олигарх менен жолугуу үчүн президент жолугушууга өзү "чуркап" баргандыгы ага абийир алып келбейт. Мамлекеттин "биринчи" адамдары мындай шектүү кадамдарга барбашы керек. Бул учурда бир гана божомолдоо болушу мүмкүн. Тымызын иш-сапардын орун алышы бул ага катышкан адамдын "жеке" кызыкчылыгы болгондугун билдирет. Демек, президентибиз молдовалык бизнесмен-олигарх менен жеке маселесин чечкени барды. Инсан мамлекеттин эң жогорку даражалуу кызматын ээлегенден кийин, анын жеке иштеринин бардыгы токтотулушу керек эле. Президент болгондон соң, анын бир гана максаты болуш керек, ал аны шайлаган элин акыйкаттуу башкаруу жана мамлекеттин эгемендүүлүгүн жоготуудан сактоо. Ошондуктан, президент мыйзамда көрсөтүлгөн эреженин чегинен чыкпашы керек. Ал эми айрым депутаттардын "мындай иштери үчүн президент боюнча элге отчет бербей эле коюш керек" дегени туура эмес нерсе. Мындай сөздөрүн кандай көз-караштагы депутаттар тарабынан айтылып жаткандыгы анык. Аларды деле түшүнсө болот, анткени алар көз каранды депутаттар. Негизи, президент эле эмес, бардык жогорку мамлекеттик кызматкерлердин баскан-турган кадамдары элге маалым болуп турушу керек. Бул талап жөнөкөй мамлекеттик башкармачылыктын жетекчисинен баштап, министр, депутат жана президентке чейин тиешелүү!





Атамбаевдин көзү ачылып, кайра жумулду же Аиданын кемчилигин тазалап жатабы
10-марттагы парламенттик комитетте "бомба" жарылды. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын тергөө бөлүмүнүн жетекчиси Руслан Умаров Баш прокурордун 1-орун басары Темирбек Бекмаматов кыргыз-казак чек арасындагы тери аткезчилигин калкалап келатканын маалымдады. Анын айтымында, Казакстандан кирген контрабандалык жүктөрдүн бирөөсүн кармаганда Т.Бекмаматов коңгуроо кагып, кармалган кызматкерлерди бошотуп коюусун талап кылган. Буга моюн толгогонун билдирген Умаров муну тастыктоочу далилдер жетиштүү экенин кошумчалаган. ("Эгемен" газетасынан алынды). КР Башкы прокуратуранын бардык кызматкерлери коррупцияга аралашып жүргөнү ММКда көп эле айтылып келе жатат. Бирок, Парламент же президент Атамбаев тарабынан мыйзам бузуучуларга чара көрүлгөн жок. Болгону тандап алынган саясый элиталарды камоого алып, жалган кылмыш ишти таңуулап, соттоп жибергенин көрүп жатабыз. Элди колго алып койгон саясатчылар бийликке айбат көргөзүп, кылмыш жоопкерчиликтен бошоп кетишүүдө. Аида Салянованы Башкы прокурор кылгандыгы, Атамбаевдин кадр тандоодо тайкы экендигинин ачык далили болуп жатпайбы. Аида Салянова Башкы прокурор болуп келгени, эски карышкырлар аябай колдонуп алышты, прокуратура баш оту менен коррупцияга кирип кеткен. Темирбек Бекматов атасынын наамын булгаганы курусун, Ажо ишенип берген кызматты так аткарбай, пара акчасы жетпей, эми минтип машинелер менен жүк ташытып акча тапканы, мыйзамга туура келбейт ко. Ансыз деле улуттук статистикалык комитеттин берген маалыматына ылайык 2014-жылы өлкөдө 27 миң кылмыш иши катталган. Анын 42 пайызын уурдап-тоноо кылмыштары түзөт экен. Бул кылмыштардын алкагында 16 миң кылмышкер тузакка илинсе, анын 348 чет элдик жарандар. Эптеп Кыргызстанга кирип алып, ээн жердин бөрүсүндөй каалаганын жасап жүргөндөрдүн тизгинин тартчу жан барбы? Же биздин өлкө экинчи Сицилия болгону калганбы? ("Алиби" газетасына жарыяланган). Кылычбек Токтогуловду КР башкы прокуратурага, бирин орун басарына дайындаганы президенттин чоң жаңылыштык кетиргени. К. Токтогуловдун коррупциялык ишке эчактан бери аралашып жүргөнүн жазып келгем. Акыры "Ангектен качсаң дөңгөккө" деген ушу турбайбы.
Укук коргоочу
Качкынбек БУЛАТОВ






  п»ї





??.??