Кыргыз гезиттер

 
Равшан Жээнбеков, Жогорку Кеңештин депутаты:
"Президент улуттун кызыкчылыгын коргобой, тескерисинче тепселеди"
Эркин депутат Равшан Жээнбеков менен оппозициялык кыймылдын жетекчилигинен кеткени жана президенттин Молдовалык ишкер менен жашыруун жолугушканы тууралуу баарлаштык.

- Равшан мырза, президенттин аппаратынын айткандарына ишенсек, ал Молдовага улуттук кызыкчылык үчүн жашыруун жолугушууга кетиптир. Сиз "президент улуттун кызыкчылыгы үчүн кетти" - дегенге ынанасызбы же "жеке кызыкчылык үчүн барды" - дегенге кошуласызбы?
- Эгемендүү мамлекеттин башчысы эч убакта, өзгөчө чет элдик ишкердин жеке менчик самолёту менен, жеке ишкер жашаган мамлекетке барып, улуттук кызыкчылык болобу, жеке кызыкчылык болобу сүйлөшүүгө конституциялык да, моралдык да укугу жок. Демократиялуу мамлекеттерде президент чет элдик ишкердин жеке менчик самолётун пайдаланып, чет элдик инвестордун мамлекетине барып, жашыруун сүйлөшө турган болсо, андай президентке парламент сөзсүз түрдө импичмент жарыялайт. Ал эми биздин парламент президенттин олдоксон саясатына каршы тура албайт. Анткени, парламент толугу менен президентке көз каранды болуп, демократиялуу позициясы жок. Импичмент жарыялап, президентке каш кайрып, катачылыгын айта албайт. Бирок, парламент президентке жүгүнгөнү менен депутаттар, саясатчылар мамлекеттин келечеги, эгемендүүлүгү, демократиялуулугу үчүн сөзсүз түрдө президенттин катачылыгын айта беребиз.
Анткени, президенттин бул кадамы мамлекеттин эгемендигине, улуттун коопсуздугуна, ар- намысына шек келтирген кадам болуп калды. Президент, эгерде улуттук кызыкчылыкты сактайм десе, андай ишкерди өзүнүн кабинетинде, жок эле дегенде өзүнүн мамлекетинде кабыл алат. Бирөөнүн самолётуна түшүп алып, башка мамлекетке учуп барып, анын көзүн карап сүйлөшкөнү улуттун кызыкчылыгын коргобой, тескерисинче тепселеп жатат.
- Президентти Питердин губернатору тосуп алганы Кыргызстанды тоготпостугубу же президенттин кадырынын жоктугубу?
- Адатта президент кайсы бир мамлекетке официалдуу жолугушууга бара турган болсо, сөзсүз түрдө ал мамлекеттин, жок эле дегенде өкмөт башчысынын орун басары, таптакыр эле болбой калса, көрүнүктүү министрлер тосуп алат. Протокол боюнча президентибизди Санкт- Петербургдун губернатору тосуп алганы эл аралык дипломатияда туура эмес. Кыскасы, алардын мындай мамилеси президенттин эл аралык мамиледеги ордун көрсөтүп койду.
- Эмне үчүн акыркы мезгилде Путин тууралуу түрдүү имиштер чыга баштады?
- Россияда бүгүн экономикалык оор абал кептелип, айласын таппай жатышат. Оор абалга кептелишинин үч себеби бар.
Биринчиси, Россия да бизге окшогон авторитардык мамлекет. Россия акыркы 20 жылдын ичинде маанилүү, көрүнүктүү реформаларды жасаган жок.
Экинчиси, Россияга батыш көптөгөн санкцияларын киргизди. Ошон үчүн Россиянын финансылык абалы бүгүнкү күндө аябагандай оор абалга кептелди.
Үчүнчүсү, дүйнөлүк нефтинин баасы түшүп кетип, ал түздөн түз рублди чөгөлөтүп, кескин девальвацияга алып келди. Мына ушул үч кыйынчылык Россиядагы саясый элитаны, олигархтарды, мамлекеттик кызматчыларды жана атайын кызматтын өкүлдөрүн бийликке авторитардык режимге мурдагыдай берилгендигин алсыратып, алардын башын бириктирип, бийликке каршы иштөөгө шарт түзүп койду. Мына ушундай кыйынчылыктардын кесепетинен Россия оор абалга тушугуп, Путин тууралуу түрдүү ушактар чыгып жатат. Азыр Россияда бизге көрүнгөн жана көрүнбөгөн көптөгөн оор процесстер жүрүп жатат. Анын кесепети бийликке да тиет.
- Равшан мырза, Тажикстандын да, Россиянын да көрүнүктүү оппозиционерлерин белгисиз адамдар атып кетишти. Ошондон кооптонуп, тизгиниңизди тартып, Улуттук оппозициялык кыймылдын лидерлигинен баш тарттыңызбы?
- Чынымды айтсам андай нерселерден коркуп, тизгинимди тарткан деле жокмун. Болгону, "саясатта жаңы саясый маданияттуулукту үйрөтөлү, башкаларга үлгү бололу" - деген максатта гана ушул кадамга бардым. Менин принцибимде кандай гана уюмду, партияны жетектебейин саясатта ар дайым демократиянын үлгүсүн көрсөткөнгө аракет кылам. Ошон үчүн өзүмдүн жагдайыма жана ээлеген саясый ордума байланыштуу колумдан келишинче демократиялуу болгонго, башкалардын да кызыкчылыгын эске алганга аракеттендим.
Тажикстандын жана орустардын оппозициядагы көрүнүктүү лидерлерин атып кетишкени биз үчүн да жаман болду. Анткени, биздин президент ошол мамлекеттин лидерлери менен мамиле түзүп жүрөт. Алардын саясый режимдеринен сабак алышы да мүмкүн. Ошондуктан, "бизде да оппозиция лидерлерин жок кылуу аракети болбойт" - деген кепилдик жок. Бирок, адам болгондон кийин жакшы нерсени ойлоп, жакшыдан үмүт кылышыбыз керек. Кыргызстанда буга чейинки бийлик оппозиционерлерди аткан, өлтүргөн учурлар болбогонун эске алып, президент андай жолго барбайт деп ишенгим келет.
- Бу сапар Улуттук оппозициялык кыймылга ким лидер болот?
- Азырынча белгисиз. Анткени, ар кандай көз караштар айтылып жатат. Бири "жаштарды шайлайлы" десе, дагы бири "тажрыйбалуу адамдарды шайлайлы" деп жатышат. Эмнеси болсо да, жакынкы күндөрү Улуттук оппозициялык кыймылдын мүчөлөрү чогулуп, эки маселени талкуулап, жаштарга улуу саясатчылар үстөмдүк кылбагыдай так эрежелерди иштеп чыгабыз. Анткени, кыймылдын катарына жаштарды тартып, жашартып, жаңырттык. Себеби, улуу саясатчылар эмнегедир активдүү эмес, поссивдүү болуп жатышат.
Чынайым Кутманалиева
"Алиби"





"Эгемен өлкө президенти менчик самолетто учууга акысы жок жана жеке чет элдик ишкерлер менен жашыруун сүйлөшүүлөрдү жүргүзө албайт"!
Урматтуу Алмаз
Шаршенович!
Молдова жана Кыргызстандын массалык маалымат каражаттары 2015-жылдын 15-мартында Сиздин жашыруун түрдө чет элдик менчик "Nobil Air" авиакомпаниясынын "Embraer Legacy 650" самолету менен Кишиневго барып келгениңизди жазып чыкты. "Интернет басылмалардын маалымдашынча, Сиз Кишиневдо төрт саат болуп, молдовалык ишкер Владимир Плахотнюк менен жолугушкансыз. Сиздин Молдовада болгонуңузду Молдова Президентинин басма сөз катчысы Влад Цуркану да тастыктаган жана ошол эле самолет менен Санкт-Петербургка учуп келгенсиз.

Урматтуу президент! Ушуга байланыштуу мен жеке өзүңүзгө түз кайрылууну туура таптым
1. Молдовага жашыруун учуп барганыңызды же барбаганыңызды коомчулук алдында ачык жана так айтууңузду талап кылам.
2. Эгер чын болсо эгемен Кыргыз мамлекетинин президенти чет элдик менчик "Nobil Air" авиакомпаниясынын "Embraer Legacy 650" самолету менен учууга акысы барбы же жокпу?
3. Самолеттун учуу акысы ким тарабынан төлөндү?
4. Эгемендүү мамлекеттин президенти катары чет элдик ишкер менен жолугущуу үчүн Молдовага учуп барууга эмне себеп болду? Жолугушууда кандай маселе талкууланды?
5. Мындай жашыруун жолугушуулар 1990-жылдары чет элдик ишкер Б.Бирштейн менен болгон жашыруун сүйлөшүүлөрдү эске салбайбы? Мындай коррупциялык саясат Кумтөрдөгүдөй аянычтуу абалга алып келбейби?
Урматтоо менен, Равшан Жээнбеков, Жогорку Кеңештин депутаты,
УОКтун мүчөсү





  п»ї





??.??