Кыргыз гезиттер

 
Айымдар акыйнеги
17-мартта парламентте "ата-журтчу" депутат Н.Нарматова кесиптеши А.Алтыбаеванын ишине нааразы болуп, жыйындар залын таптап чыгып кетти. Надира айымдын мындай кадамга барышына каралып жаткан маселе тууралуу иш кагаздары кеч берилип, ага карабастан шашылыш добушка коюлуп жатканы себеп болуптур. "Сиз маселелерди өтө тездик менен карап жатасыз. Өзүңүз демилгелеп, өзүңүз сунуштап, анан өзүңүз добуш берүүгө коюп жатканыңыз кандай? Жок дегенде материал менен таанышууга же суроо берүүгө үлгүрбөй жатабыз. Эч ким бизди кубалап келе жаткан жери жок да. Эмнеге мынча шашылабыз" деген эл өкүлү маселени шашылбай кароону сунуштады. Нарматованын сунушуна моюн толгогон А.Алтыбаева 3 күн мурда материалдар таратылганын айтып "суроо жок болсо добушка коем" деп көшөрүп туруп алды. Мындай мамилеге териккен Н.Нарматова "билгениңерди кыла бергиле" деп, залдан чыгып кетти.


Үч жылдыз
Өткөндө "Улуттук аялдар форумунда" 3 адам жылдыз болгонун ошол жерде катышкандар айтышты. Биринчи жылдыз албетте, Роза Отунбаева өзү болуптур. Ал шаардын, элеттин аялдарынны башын бириктирип, аялдар коомдо зор күч экенин далилдеп, форумдун максатына жеткире ишин аягына чыгара алды. Ар жерден келген аялдар Роза Исаковнага алкыш айтышты. Ал эми экинчи жылдыз вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева болуп, Роза апчеси демилгелеген форумду Өкмөттүн деңгээлинде өткөргөнгө салымын кошуп. Жамгырдай жааган суроолорго тарсылдап жооп берип атты дешти. Ал эми үчүнчү жылдыз жалаң аялдардын арасында отуруп, жалындуу сөзүн аябаган Өмүрбек Текебаев болуптур.


Ысык-Көл мафиясы
Редакцияга Ысык-Көл районунун Бостери айылынын тургуну Ж.К. чыркырап телефон чалып, 18-март күнү анын күйөөсү Ж.К.ны райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө бөлүмүнө телефон чалып чакырышып, эки суткага камап, 20-март күнү андан ары камоого санкция алуу үчүн сотко алып барууга даярданып жатышканын айтып берди.

Көрсө, иш мындай болуптур.
Ж.К. Бостеридеги пансионаттардын биринде кароолчу болуп иштеп жүрүп, ошол жердеги ишкерлердин бирине тийиштүү, эскилиги жеткен, пайдалануудан чыккан темир цистернаны 10 миң сомго соодалап, керек деген бирөөлөргө сатып жиберет. "Жоголгон бычактын сабы алтын" болуп, ишкер милицияга арыз жазат. Үч жылдан кийин башка бир кылмыштын артынан "цистерна окуясы" "калкып" чыгып, Ж.К. алгачкы суракта эле аны саткандыгын мойнуна алат. Айыпталуучунун өздүгү, туруктуу жашаган жери, иштеген иши кылмыш жасагандыгына өкүнүп, күнөөсүн мойнуна алгандыгы эске алынып, ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү аны камакка албастан, эч кайда кетпөө подпискасы менен сыртка чыгарат. Бул 2015-жылдын январь айында болгон окуя.
Түккө турбаган цистернаны тергөө эмнегедир ушул күнгө чейин созулат. Цистерна эчак эле табылып, азыр РОВДнын жанында турат.
Ж.К.нын эркиндикте жүргөнү Ысык-Көл районунун прокурору Таалайбеков Майрамбектин түн уйкусун онго бөлүп, Ж.К.нын ишин жүргүзгөн тергөөчүнү "сен эмне үчүн Ж.К.ны камабайсың? Сен өзүң да ага шериксиң. Тез аранын ичинде кама!" - деп эзе баштайт. Райондун прокурору айтып жатса аны аткарбашка тергөөчүнүн эки башы бар бекен? Коендун бөжөгүндөй бөктөрүп келип, Ж.К.ны эки суткага камап отурбайбы.
Ж.К.га кастарын тигип, камоого кам урган прокурор Таалайбеков Майрамбек деген ким өзү? Ал өз көзөмөлүндө турган райондо мыйзамдуулук үчүн күрөшкөн прокурорбу же жеке өчүн Ж.К.дан чыгарууга далбастаган көрпендеби?
Анын кимдердин этегин кармап прокурор болуп жүргөнү, кимдерге көл жээгинен коттедждерди белек кылганы, Бишкекте жасаган хулиганчылыктары, атасынын жосунсуз жоруктарын жашырып-жапканы, Ысык-Көл райондук сотунун судьясы А.Маматов экөөнүн мафиясы жөнүндө чоң макаланы гезиттин кийинки сандарынын биринде жарыялайбыз.
Азырынча, редакция Ысык-Көл райондук сотунун төрагасы Акылбек Сыдыковдон бир гана нерсени суранат: жер мафиясынын мүчөсү жана ур токмогу болгон судья А.Маматовдун Ж.К.нын баш коргоо чарасын кароого моралдык укугу жок болгондуктан бул ишти өзүңүз карап, мыйзам чегинде чечиңиз.
"Тоок уурдагандар тутулуп, тонналап уурдагандар кутулуп" кетпесин. А.Маматов менен М.Таалайбековдордун мафиясы жөнүндө куда кааласа жакын арада "Алибиден" окуп, калганына өзүңүз баа бересиз.

Эргеш Алымбаев



Илинчеги бар Илим шайланды
19-мартта КТРдин Байкоочулар кеңеши 2-турдун жыйынтыгы менен Илим Карыпбековду Башкы директор кызматына шайлашты. Добуш берүүгө катышкандардын ичинен 9 добуш Илим мырзанын торбосуна түшкөн экен. Шайлоого бир күн калганда коррупциялык иштерге коңгуроо кагып, адам укуктары менен эркиндиктерин коргоп жүргөн "Элдик кыймыл: Люстрация" коомдук бирикмеси Байкоочу кеңештин учурдагы төрагасы А.Сатаровго И.Карыпбековдун талапкерлигине каршы чыккан кайрылуу жолдоп жиберишкен. Алардын пикиринде И.Карыпбеков эрежеде көрсөтүлгөн талаптарга туура келбейт. Анын тиешелүү билими, 5 жылдык журналисттик тажрыйбасы да жок дешет. КТРнын байкоочу кеңеши ар убакта мыйзам бузуп келгенин белгилеген коомдук бирикме, С.Жумагулов кызматынан чегингенде анын орун басарларынын бирөө жарымы дайындалбай И.Карыпбековдун шашылыш отура калганын, байкоочулар мурдагы кесиптешин жең ичинен түртүп жатышканын мисал тартууда. "78 адамдын каны төгүлгөн революциянын 5 жылдык мааракесинин алдында мындай шайлоонун өткөрүлүшү элде күмөн ойлорду жаратууда. Кулатылган бакиевдик режимдин адамдары кайрадан бийликке келиши үчүн революция болуп, кан төгүлгөн эмес" дешет алар. Ошентип күттүргөн шайлоо өттү, кайрылууну капарына илген бир жан жок. Шаркыраган бойдон алдыга умтулуп кетип баратабыз, кудай буюрса коңшуларды кубалап жетип, кууп өтөөрүбүзгө аз калды окшойт.



  п»ї





??.??