Кыргыз гезиттер

 
Атамбаевдин табышмактуу иш-сапары
15-мартта Президент А.Атамбаевдин Санкт-Петербург шаарына орус президенти В.Путин менен жолугушуу үчүн жөнөп кеткендиги тууралуу расмий маалыматты анын аппарат кызматкерлери тараткан эле. "Эки иштен, бир иш" дегенби, айтор өлкө башчысы бараткан багытын өзгөртүп, орто жолдо Молдова Республикасына да кайрыла калган экен. Президенттин бул сапары тууралуу буга чейин эч кандай расмий маалымат болгон эмес. А.Атамбаевдин кимдин учагы менен Молдовага барып, ким менен жолугушканы тууралуу аталган өлкөнүн маалымат каражаттары жазып чыккан соң гана кыргыз коомчулугу ар кандай жоромолду айтып, ызы-чуу эле түшүп калышты. Көрсө, Атамбаев Кишиневго жекшемби күнү Молдова олигархы Владимир Плахотнюкка таандык "Нобил эйр" компаниясынын "Эмбраер легаси 650" учагы менен келип конгон. Молдовада Атамбаев ишкер, депутат Владимир Плахотнюк менен төрт саат бою сүйлөшкөн. Мындан башка Молдованын бир дагы расмий өкүлдөрү менен жолугушкан эмес.
Коомчулукта Президенттин сары изине чөп салып, байкоо салып турушкан оппозиция өкүлдөрү анын бейрасмий сапарын биринчилерден болуп сындап, пикир айтып чыгышты. Парламенттеги эркин депутат Р.Жээнбеков: "Мурда бизде Бирштейн деген адам кайра-кайра жашыруун сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жүрүп, ошонун азабынан азыркыга чейин кутула албай, "Кумтөр" биздин мамлекеттин чекесине чыккан чыйкан болду. Азыр дагы кандайдыр бир деңгээлде ошондой окуя кайталанып жатат. Президент Атамбаев кайсы бир чет өлкөлүк компаниянын менчик учагы менен учту.
Экинчиден, ошол чет элдик компаниянын учагы менен учуп барып, жашыруун түрдө чет элдик олигарх менен жашыруун сүйлөшүү жүргүздү. Бул эгемендүү мамлекеттин президентине кадыр-барк алып келе турган нерсе эмес" дейт. Ошондой эле Р.Жээнбеков Президент учуп барган учактын акысын ким төлөгөндүгү, төрт саат бою эмне жөнүндө сөз болгондугу тууралуу маалымат ачыкка чыгышы керектигин кошумчалады. Генерал А.Медетбеков бул маселе тууралуу "Азаттык" үналгысына маек берип, А.Атамбаевдин өлкө башчысы катары бейрасмий сапарга чыгуусун чекилик иш катары баалады. "Коопсуздук жагынан алганда бул абдан чоң ката жана туура эмес. Президент эч качан ишкердин, ал гана эмес башка президенттердин учагына түшпөшү керек. Өзүнүн коопсуздугун сакташы зарыл.
Экинчиден, ким менен сүйлөшүү өзүнүн иши, бирок улуттук кызыкчылык, экономикалык жагынан алганда бул чоң бүдөмүк ойлорду жаратып турат" деген Артур мырза мурунку президенттер тушунда Бирштейн, Левитин, Березовский сыяктуу шектүү адамдар менен жашыруун сүйлөшүүлөрдүн болушу Кыргызстанга абдан чоң зыян алып келгендигин белгиледи. Ошону менен бирге ал "Молдова олигархы В.Плахотнюк менен өлкө башчысынын жолугушуусунда кандай кызыкчылык бар" - деген суроого, "анын Кыргызстанда кен иштетүү, паспорт чыгаруу сыяктуу иштерде кызыкчылыгы болушу мүмкүн" - деген божомолду айтты.
Молдова өлкөсүнүн маалымат каражаттары болгон ишти дүйнөгө жарыя салып жазып чыккан соң, бул маалыматты кыргыз коомчулугу оңду-солду талкуулай баштагандан кийин гана Президенттик аппараттын тышкы саясат боюнча бөлүм башчысы С.Исаков А.Атамбаевдин Молдова Республикасында бейрасмий сапар менен болгондугун тастыктап, үн катты. Ал "Алмазбек Атамбаевдин Кишиневдогу бейрасмий жолугушуусуна алдын-ала комментарий берүүгө эртелик кылат. Бул иш-сапары Президенттин башка иштери сыяктуу эле Кыргызстандын улуттук кызыкчылыгына багытталгандыгында шек жок. Бул акыры келип эл аралык аренада кыргыз мамлекетинин аброюн көтөрөрүнө ишенем" деп билдирди.
Дегеле А.Атамбаевге учак берип, аны менен Кишиневдо төрт саат бою маектешкен Владимир Плахотнюк деген ким өзү? Бул адам тууралуу бир беткей маалымат жок. Молдовалык серепчи Игорь Боцан "Азаттык" үналгысына төмөнкүдөй маалымат берген. "Анын эмне менен алектенгенин айтуу кыйын. Бирок, ал Молдова Республикасында өтө таасирлүү адамдардын бири. Ал эмне жасабасын көшөгө артынан жасайт. Анткени, ал жөнөкөй депутат. Ага жарандардын 90 пайызы ишенбейт. Ал Демократиялык партиянын төрагасынын орун басары. Ал бул партияны каржылай баштагандан кийин партия 15 пайыз добуш алды. Молдованын маалымат каражаттарынын билдирүүсү боюнча Плахотнюк коррупциялык рычагдар аркылуу Молдовада баарын көзөмөлдөйт. Көшөгө артынан сот системасын да, банк системасын да, бийликтеги адамдарды да көзөмөлдөп турат деген имиштер Молдованы каптап жүрөт" деген Боцан, экөөнүн жолугушуусунда банк тармагы тууралуу сөз болуп, "Плахотнюк Атамбаев аркылуу орус президенти В.Путинге кандайдыр бир кат жөнөттү" - деген пикирин да билдирген.
Россиянын Президенти В.Путин менен жолуккан соң, А.Атамбаевдин "В.Путиндин дени-карды соо, керек болсо машинасы менен мени шаарда сейилдетти" деген билдирүүсүнөн соң айрым жергиликтүү басылмалар "Атамбаев Путинге маалымат катчы болуп калдыбы?" деп чуулдап чыгышкан. Эми Боцандын билдирүүсүнө таянып, коомчулукта "Атамбаев Путиндин курьери (кат ташыгычы) болуп калганбы?" деген кептер айтыла баштады. Айтор, ажобуздун эл аралык алкактагы акыркы жүрүштөрү бирөөлөрдү актанткан, бирөөлөрдү табалаткан жагдайга жем таштап отурат. Эгемен мамлекет башчысынын протоколдук жүрүм-турумуна туура келбеген аракеттери үчүн А.Атамбаев коомчулукка ачык кебин айтпаса, жеке керт башы үчүн эмес, мамлекеттин беделине да доо кете турган кейиптенип калды. Анан калса, азырынча Молдова Республикасынын расмий бийлиги бул тууралуу үн ката элек. Бакиевдерге байланыштуу Беларусь мамлекетине акаарат айта коем деп кагуу жеди эле, эми молдовандар эмне дейт, күтө туралы...
Чыныбек Ажыбеков






  п»ї





??.??