Кыргыз гезиттер

 
Топчубек Тургуналиев, Манастаануу институтунун жетекчиси:
"Манас" кыргызды сактап калат
Же кыргыздын келечеги "Манас" менен
- Арыбаңыз, Топчуке.
- Бар бол, карындашым. Сен да эч качан арыба, талба.
- Манастаануу институту качан ачылды эле?
- Үч жыл мурда.
- Кимдин демилгеси боюнча?
- Менин.
- Мындай институтка муктаждык бар беле?
- Албетте, бар.
- Себептерин айтып өтсөңүз.
- Биринчи себеби, - "Жакынкы 40 -50 жылда дүйнөдөгү ондогон элдердин аты да, заты да өчөт" дешет изилдөөчүлөр. Мындай пикир Бириккен улуттар уюмунун Баш катчысы Пан Ги Мундун үч жыл мурдагы баяндамасында да айтылган. " Жок болот" дегендердин арасында кыргыздарды да айтышат.
- Кандай элдер жок болуп кетиши мүмкүн?
- а. Саны аздар; б. Тилин, дилин жоготкондор; в. Биротоло маңкурттукка ооп, өзүнүн ата тегин билбей калгандар; г. Улуттук улуу мурастарын тоготпой, өз байлыгынан ажырап, космополиттик өнөкөткө өтүп, же улуттук касиети жок, же жалпы адамзаттык нукура маданият дүйнөсүн өздөштүрө албаган, айтор, эт менен челдин ортосунда калгандар.
- Кыргыз элибиз үчүн ушундай алааматтык коркунуч барбы?
- Азырынча коркунуч 100 пайыз эмес.
- "Азырынча" дегениңизде эмне маани бар?
- Экинчи себеби, - XX-XI кылымдарда жер жүзүндөгү бардык өлкөлөрдүн, элдердин карым-катнаштары, байланыштары жыл сайын эмес күн сайын уламдан-улам күчөп баратат. Муну жалпы-текши дүйнөлөшүү (глобализация) дешет го.
- Дүйнөлөшүүнүн терс таасири да барбы?
- Жакшы жагы да, жаман жагы да толо. Жаманы көп.
- Жаман жагы?
- Эгерде карт тарыхтын узак жолунда топтолгон жалпы адамзаттык көөнөрбөс байлык үлгүлөрү таркап атса жакшы деңизчи. Бүгүн көбү башкача. Менимче, адамды өзгөчө балдарды, жаштарды албарстыдай азгырган жагы мени кооптондурат. Эротиканы ачыктан ачык даңазалагандан тартып, зордук-зомбулукту, ыймансыздыкты, адепсиздикти таркатканга чейин жетти бу дүйнө. Атасы кызын, агасы карындашын зордуктаган айбандыкты кыргыз мурда миңдеген- миңдеген жылдарда уккан эмес. Азыр бар. "Адамзаттын улуу мурасы" аталган керемет үлгүлөргө караганда азыр " массалык маданият" атка конгон, көпчүлүгүнүн идеясы паз, деңгээли төмөн чыгарма сөрөйлөр Жер жүзүн топон суудай каптап атат. Балдарга үй-бүлөнүн, ата-эненин таасирине караганда, интернеттин, чөнтөк телефондун, кулакты тундурган калдыр-шалдыр музыканын, боевик фильмдердин таасири күчтүү… Мына, коркунуч!
- Улуттук мурастан, мүнөздөн алыстап бараткандар Кыргызстанда канча, Сиздин баамыңызда?
- Өңү кыргыз көрүнгөнү менен жан дүйнөсү улам улуттук касиеттен оолактап бараткандар кичинекей балдардын, жаштардын арасында, мүмкүн, 20-25 пайыздыр, өзгөчө шаарларда. Бул сан жылдан жылга жогору жылып баратканы сестендирет.
- Ошондуктан эмне кылуу керек?
- Үчүнчү себеби, - Окуунун, тарбия -таалимдин бардык тепкичтериндеги үй-бүлө - бала бакча - мектеп - атайын орто - жогорку окуу программаларын оң жакка буруу зарыл. "Улуттук", "жалпы адамзаттык" дегендердин асыл жактарын туура айкештирүү тараза ченеми боюнча программа түзүп, ошонун негизинде окутуу, тарбиялоо жөнүндө айтып атам.
- Тараза ченеми кандай болсо дейсиз?
- Менин пикирим: Улуттук үлүшү сексен пайыздай, жалпы адамзаттык бөлүгү жыйырма. Бул - ортолук ченем. Айрым байлыктардын үлүшү жогору же төмөнүрөөк болушу мүмкүн. Айтсак, улуттук рухту даңазалаган улуу мурастар токсон-токсон беш пайыз болсо да орундуу. Мисалы, "Манас" эпопеясында улуттук гана ой-максаттар эмес, жалпы адамзаттык маанидеги баалуулуктар бар. Демек, "улуттук", "жалпы адамзаттык" дегендер "Манаста" айкеш.
- Мына эми Манастаануу институтун түзүү максатынын себептерине өттүңүз көрүнөт. "Улуттук" деп биринчи кезекте "Манасты" айттыңыз. Эмне үчүн?
- "Келечекте кыргыз эли да жок болот" деп кыргыздын улуттук рух кубатын, касиетин билбегендер айтып атат. "Жок болот" дегендердин тилине айыкпас тибиртке чыксын! Жоголбойт. Байыркы доордон XX кылымдын аягына чейин "кыргызды тукум курут кылабыз" - деген максатта бери жагы он-он эки жолу кыргын болгон. Жок, кылалган жок. "Түгөнгөн сайын түтөгөн, түбөлүк экен түбүнөн" деген учкул сөз кыргызга тиешелүү. Муну бир деңиз.
Экинчиси - жандүйнөсүн "Манасы" ээлеп турганда, теңдеши жок уулу Манас Атабыздын ыйык арбагы, өлбөс- өчпөс генийлик касиети колдоп турганда, анын асыл руху күч-кубат берип турганда кыргыз өлбөйт. Адамзат дагы канча мезгил аман болсо, кыргыз да ошончо жашай берет.
Кыргыз улутунун кең келечеги - "Манас", Манас менен мен дүңгүрөгөн ураан эмес, тагдыр жолун айтып атам.
- Бул сөздө эмне маани жатат?
- Суроо туура. Кең " Манастагы" мааниде кыргыз рухунун кылымдардан кылымдарды аралап келаткан үлгүсү да, сансыз катаал, кыргын - тарыхый окуяларды басып өткөн жеңиш жолу, кубанычы да, ырайымсыз замандарда зар какшаган, трагедиялуу ыйы да "Манаста".
Жанын, канын аябай, башын канжыгага байлап элге кызмат кылуу, демек, мекенчилдикке тарбиялоо, такшалтуу байыркы ата - бабаларыбыздан калган. Кээде ынтымагы жок, чабышып турган кырк уруу кыргызды улуу бирикме мамлекетке чогултуп, улуттун биримдигин камсыз кылуу Манастан мурас. Туш тараптан душман аңдып, өздөн чыккан жат, көзкаманчы чыккынчылар кошул-ташыл болуп турганда конфедеративдик жеңилбес өлкө куруу Манастан. Адилетүү, нукура демократиялык шайлоо, мамлекетти, элди үзүрлүү башкаруунун үлгүсүн көрсөтүү "Манаста" Адамдын ыймандуу Адам болушунун сабагы, ажырагыс достук, бактылуу үй-бүлө, куттуу өмүрлүк жар болуу сабактары "Манаста".
Ошондуктан "мен" бүгүнкү-эртеңки Кыргызстандын мамлекеттик идеалогиясынын, саясатынын негиздери "Манас" эпопеясында" - дейм.
Ошондуктан "кыргыздын улуттук көөнөрбөс касиеттерин сактоо сабагы, келечек жолун кең чабуу үлгүсү Манаста" дейм.
-Ушул керемет өрнөктөрдү окуу, тарбия- таалим боюнча мамлекеттик программаларга киргизүүнүн зарылдыгын айтып атасыз. Ишке ашыруу жолу кандай болуу керек?
-Бул мамлекеттик программаны кабыл алуу, ишке ашыруу үчүн, эң оболу баш жетекчилердин саясый эрки керек. Эгерде саясый чечим болсо, анда, Билим берүү мыйзамына: "Кыргызстандын бардык мектептерине (кыргыз, орус, өзбек) атайын орто окуу жайларына, балдар бакчаларына жумасына эки сааттык манастануу сабагы, программалары киргизилсин" деген бөлүкчө кошуу зарыл.
Ал эми программаларды, окуу китептерди, куралдарды даярдоо Билим, илим министрлигин, Билим академиясынын, Манастаануу институтунун мойнунда болот.
- "Манастаануу сабагы жогорку окуу жайларда бар" - дедиңиз. Мектептерде такыр жокпу?
-Бар. Адабияттын алкагында бир саат деп жүрүшөт, бирок, манастаануу билими боюнча атайын адистер жок, даярдалган эмес. Эми гана биздин институтта даярдап атабыз. Биздин сунушубуз - манастаануу сабагын өз алдынча кылуу керек.
- "Мектеп окуучуларынын окуу жүгү өтө көп" деп бир катар сабактардын сааттары кыскартылып жатпайбы. Манастаануу жумасына эки саат болуп кирсе ого бетер оор болот го?
-Өтө оор кылбоо керек. Ал эми Манастаанууга келсек, анда, бир сааты азыр эле бар, адабияттын ичинде дебедимби.Дагы бир саатты кошуу зарыл.
- Кайдан?
- Табылат. Мүмкүн, кээ бир сабактардын көлөмүн азайтса болот. Ачык айтайын: айрым сабактарды азайтса мейли, бирок, кыргыздын келечегин ойлоп, манастаанууну киргизүү, көбөйтүү биз үчүн абадай, суудай керек!
Тигине, 2011- жылдын кулжа айында кабыл алынган "Манас" эпосу жөнүндөгү мыйзамда мамлекеттик үч максат -милдет коюлган: Эпопеябыздагы улуу ой, асыл идеяларды:
а. Кеңири жайылтуу - Кыргызстанда, дүйнөдө;
б. Илимий терең изилдөө;
в. Көздүн карегиндей ыйык сактоо.
- Бул талаптардын аткарылышы бүгүн кандай?
- Төрт жыл өтүп баратат, бирок, "мамлекеттик бул максаттарды аткаралы" деп чечкиндүү киришкен бийликти көрбөй атам.
"Манасты" өлкөдө кеңири жайылтуу-балдар бакчалардын, мектептердин, окуу программаларына киргизүү жолу менен гана мүмкүн.
- Дагы?
- Жыл сайын, жок дегенде эки жылда бир, күздүн бир жумасында, республикабыздын бардык окуу жайларында, бардык аймак, айыл, шаарларында "Манас" майрамын өткөрүү максатка ылайык. Улуттук оюндар, олимпиадалар, талкуулар менен коштолгон майрам.
Кеп, Кыргызстанда тынымсыз, кеңири жайылган Улуттук мурас, Улуттук рух - "Манас" аурасын, руханий аба -ырайын түзүүдө болуп атат.
-Эми, Топчуке, Манастаануу институтуңуз тууралуу кыска аңгеме курсаңыз?
- Институтубуз адистерди үч багытта даярдайт: бүткөндөр манастаануу боюнча мугалим элдик оозеки чыгармаларды, эң оболу ааламдай, дүйнөлүк мухиттей болгон "Манасты" изилдөөчү, кийин, колунан келсе, окумуштуу, үчүнчүсү - улуттук, дүйнөлүк фольклорду аныктоочу боло алат.
- Окуу мөөнөтү?
- Бакалавр төрт жыл. Анан, каалагандар үчүн, дагы эки жыл -магистратура. Быйыл аспирантура ачтык, 5 аспирант кабыл алдык. Алдыда - докторантура.
- "Манастаануу боюнча азыр адистер жок" дедиңиз. Сабак өтүп жаткандар кимдер, аларга кандай жардам берип атасыңар?
- Адабиятчылар, тарыхчылар өтүп атат. Манастаануу билими, илими тиги адистиктер менен чектеш, бирок, башка, өтө кеңири, өтө татаал чөйрө. Ушуларды эске алып, биздин Институт мугалимдер үчүн 72 сааттык атайын курс -программа түзүп, министрликтен лицензия алганбыз. Чүйдө, Бишкекте, Ош, Талас дубандарында өткөрдүк. Курсту бүткөндөргө мамлекеттик атайын күбөлүк - сертификат беребиз.
- Окуу китептерди жазуу, чыгаруу кандай?
- Институт түзүлөр замат биз - манастаануу боюнча илимпоздор, мугалимдер Манастаануу окуу китеп, хрестоматия, бардык окуу жайларда сөзсүз өтүлө турган темаларды камтыган атайын, мамлекеттик калып - стандарттык программа чыгардык, 2014- жылда. Быйылкы жылдын аягына чейин дагы 5-6 окуу китеп чыгарабыз.
- Манастаануу билимин, адистигин көпчүлүк али жакшы билбейт эмеспи. Окуу планыңарда эмне деген атайын сабактар бар?
- Төрт жылдык, "бакалавр" билиминин окуу планында элүүгө жакын сабак. Ошонун отуз үчү жалаң адистик сабактар: " Манас" эпопеясынын үлгүлүү - классикалык түрлөрүндөгү (варианттарындагы) өзөктүү окуялар, фольклортаануу, "Манастын" поэтикасы, текстологиясы; манасчылык өнөр, акындык өнөр, "Манас" жана байыркы көчмөн кыргыз цивилизациясы; адамтаануу, кыргызтаануу ж.б.
- Дагы эмне жаңылыгыңыз бар?
- "Манас Ааламы" аттуу интернет- сайт ачтык… Башка өлкөлөрдөгү университеттер менен илимий байланыштар. Өзгөчө Жунго, Казакстан, Канада, Якутия, Алтай ж.б. Жунгодон кыргыздар келип окуп атат… Айтоор, Институттун канат- куйругу улам жайылып баратат…
Маектешкен К. Мамыркулова
"Алиби"






  п»ї





??.??