Кыргыз гезиттер

п»ї

 
Таландыга калган Тайырбек Сарпашев
Буга чейин биометрикалык маалыматтарды чогултуп Кыргызстанды түрө кыдырып чуркап жүргөн, колу бошой калганда Араван менен Кара-Сууну Луганск менен Донецкге салыштырууга да үлгүргөн биринчи вице-премьер бар эмеспи Тайырбек Сарпашев деген. Бул жумада Тайырбек мырза киндик каны тамган жери Токтогулга ат тизгинин буруп, райондун социалдык-экономикалык өнүгүү программасын элге тааныштырганы бара калыптыр. Акимиаттын жыйындар залында чогулган 300дөн ашык токтогулдуктар күн тартибиндеги маселени талкууга алдырбай, Сарпашевдин кылган "кызматын" териштиргенге өтүштү. "Бийликтин эрке баласы болгуча, өз элиңдин кулу болсоң жарашмак", "2 жолу депутат кылып шайладык, өз жериңе көрүнүктүү иш кылган жоксуң!", "Токтогулдуктар электр энергиясына бааны төмөндөтүп бергиле деген талап менен чыгып жатканда көңүл буруп койгонго жарабай отуруп, эми келгенден уялган жоксуңбу?" деген ачуу кептерди айткан кичи-мекендештери Сарпашевге сөз бербей жатышты. Тайырбек мырза да оңой эмес экен, тайсалдабай туруп элди тынчтантууга аракет жасаган сөз сүйлөмөкчү болгондо залда отургандардын жарымынан көбү чыгып кетишти. Ошого карабай Тайырбек мырза жердештеринин жасаган мамилесин саясатка байлап тим болду. "Учурда ак менен каранын, күн менен түндүн күрөшү жүрүп жатат. Күрөш мындан ары да күчөйт" деген ал күзүндөгү шайлоолорго катыша тургандыгын, "агам кимге үйлөнсө жеңем ошол болот" дегендей келечек сиздердин колуңарда" деп, Токтогулдан жөнөп кетти.









??.??