Абдил Сегизбаевдин адыраңдаган агенттерин тыйчулар барбы?
3-мартта УКМКнын Улуттук коопсуздуктун тобокелдиктерин анализдөө жана прогноздоо (жетекчиси президенттин кайниси Абдил Сегизбаев) кызматынын Коомдук коопсуздук боюнча башкармалыгынын эки офицерлери "Алиби" гезитинин башкы редакторунун орун басары Кубатбек Айбашовду "жарнама беребиз, сүйлөшөлү" деп алдап, шаардагы бир кафеге чакырышкан. Ал жерде аны 3 сааттан ашуун ар кандай азгырыктар, коркутуулар менен кармап отурушкан.
Оппозициялык гезиттин өкүлү катары аны атайын кызматтын "шестеркасы" кылып иштетүү ойлоруна журналист алгач сөзгө тартуу үчүн муюгансып мамиле кылган. Ага барпалаңдаган чекисттер оппозиция, Кыргызстандагы саясий абал, бийликтеги бир катар иш-аракеттер тууралуу ойлорун ортого салышкан (айтмакчы, ошолор "Абдил Сегизбаев УКМКга жетекчи болом деп жатат" деп өз ара сыр катары айтышкан).
Аягында журналисттин "мен силер менен иштеше албайм" деген жообун укканда чекист сымал "палвантайлар" "андай болсо ортодогу айтылган сөздөр ушул жерде калсын, болбосо мамлекеттик сырды ашкерелеген кылмышкер катары сага күч колдонобуз деп коркутуп киришкен. Коркутууда үй-бүлөсү, жеке коопсуздугу тууралуу эскертишкен. Бул тууралуу кененирээк маалыматты кийинки саныбыздан окуйсуздар.
Бул эмне дегендик? Биринчиден, атайын кызматтын оппозицияны омуроологон, аңдып-тыңшаган, ич ара иритип талкалаган иштери мамлекеттик сыр болуп калганбы? Экинчиден, эгер чындап сыр болсо, анда ошол "сырды" туш келген бир адамга (баарынан да маалымат топтогуч журналистке) төгүп салган тигил мамлекеттик кишилер өздөрү мамлекеттик сырды ашкерелеп салган "кылмышкерлер" эмеспи? Андай болсо, баарынан мурда ошол чекисттер жооп беришпейби?
Ошол күнү кечинде жана эртеси да анын үйүнүн айланасында бир топ шектүү кыймыл-аракеттер байкалууда. Журналисттин коопсуздугу үчүн ким жооп берет? Оппозиция мындайда чабал, бийлик кол чаап коштоп турат, эл аралык уюмдар кайдыгер. Абдил Кеңешевич өзү эмне дээр экен?