Сойкуканасы ашкере болгон депутат
"Мени кетирсеңер, туугандарымды
алып чыгам" дейт, кокуй...
Жогорку Кеңештин КСДПчы депутаты Турсунтай Салимовдун "Prado" эс алуу жайынан кыздарды сойкулукка саткан притон табылган соң КСДПнын жаштар канаты депутаттын мандатын тапшырып кетишин талап кылып чыгышкан. Партиянын жаш активисттеринин бири Ренат Самудинов "Мындай уятсыз окуядан кийин Т.Салимов өз эрки менен мандатын тапшырып кетиши керек эле. Ал антпеди. Мындайлар партиянын кадыр-баркына көлөкө түшүрбөшү үчүн биз фракция жетекчилигине кайрылып, аны депутаттык мандаттан ажыратууну талап кылабыз" - деп айтты.
Ага жооп кылып Турсунтай Салимов "Мени бул жаш активисттер шайлаган эмес, эл шайлаган. Аталган балдардын артында мени жаманатты кылгысы келген күчтөр турат. Менин да шайлоочуларым бар, алар мени каралагандарга нааразы болуп "көчөгө чыгабыз" - деп жатышат, мен аларды тыйып турам" - деп айбат кылды.
Депутаттын уйгур тектүү экенин жана анын негизги электораты уйгурлар экенин эске алсак, анда уйгур туугандарыбыз көчөгө чыгып, чаң-тополоң салгысы келип жатышабы? Же сойкуканасынан уялып, бети кызаргандын ордуна майлуу-сүттүү креслосун сактап калуу үчүн жандалбастаган Турсунтай туугандарын башкалар менен кагыштыргысы келип жатабы? Анын "шайлоочуларым" деген жалпы сөзүнүн артында сепаратисттик маани жатпайбы деги?




Кайып акенин уулу "кантип иштейбиз?" дейт
Азыркы Өкмөт "мамлекеттик сатып алуулар мындан ары электрондук тартипте өткөрүлөт, муну менен коррупцияга бөгөт койобуз" деп, ой-да мактанып жаткандай болгон. Анан эле баш бакан Ж.Оторбаев бул багыттагы иштердин абалын карап алып, маанайы түшүп калгандыгы жөнүндө анын маалымат кызматы жазып чыкты.
Казынанын эсебинен сатып алууларды өткөргөн 125 мекеме бар экен. Билим берүү жана илим министрлигинин карамагындагы 22 мекеменин бирөө да электрондук системага катталбай коюптур. Саламаттык сактоо тармагынын 31 мекемесинен үчөө гана илинсе, транспорт министрлигинин 4 мекемеси катталып, калгандарынын соода-сатык уюштурууга моюндары жар бербей жатыптыр. Ал эми Өкмөттүн бул чечими коргоо министрлиги менен чек ара кызматынын мекеме жетекчилерине дегеле тийиштүү эместей. "Эч ким он-лайн түрүндө соода кылгысы жок. Баары коррупция менен шугулдангысы келет" деген Оторбаев: "эми кантип иштейбиз?" деп, алакан жайып отурган кези. Өкмөттүн чечимин өзгөлөр эмес, өздөрү аткарбай жатса, алардан эмнени күтүүгө болот? Башыңарды оорутуп, башкаларды кыйнап отура бергиче, орун бошотуп берсеңер кантет?

ой, ит журналисттер, оой...
Демейде "калп айтпагыла!", "түз бололу" деп ар кимге акыл айтуу жагынан алдына киши чыгарбаган И.Карамушкина деген депутат айым бар эмеспи. Акыркы күндөрү ал "баскан турганымды эле тактап калдыңар" деп, этика комиссиясынын ишине да ичи чыкпай жүрөт. Ачуусу менен айтып алдыбы же "ата-журтчуларга" болгон мамилеси ачыкка чыгып кеттиби, айтор ал кайсыл бир басылмага: "К.Абдиев деген депутат жыйынга келбейт. Анын күйөө баласы У.Чолпонбаев да келбейт" деген тариздеги маалымат берген экен. 4-февралдагы парламент жыйынында "У.Чолпонбаев менин эч кимим эмес. Ага мен жооп бербейм! Эгер Карамушкина айтып жаткан маалыматтар далилденсе мандатымды тапшырууга даярмын" деп каарданган К.Абдиев кесиптешинен кечирим суроосун талап кылып чыкты. Өз кезегинде сөз алган Ирина айым "итчилик" кетип калганын мойнуна алып, Курмантай аксакалдан кечирим сурап жиберди. Анын айтымында, интервью алган журналисттен катачылык кетиптир. Ага телефон чалып, маалыматты оңдоп коюсун өтүнүптүр. Топурагы жеңил эмеспи, башкалар "кылгылыкты кылып коюшса" деле акыры келип журналисттер күнөөлү болуп чыгат тура...


Эркебаевдин эрки жетпей калды окшойт
Бир жылга жакын убакыттан бери эле Кыргыз Улуттук илимдер академиясын реформалоо идеясы ишке ашпай, "ит жыгылыш" операциялары менен коштолуп келет. Акыры "батышчыл реформаторлордун" алдында жашыл жарык жанган сыяктанат, алар капыл-тапылынан эле илимди реформалоо боюнча концепциянын долбоорун коомчулуктун кароосуна сунуштап жиберишти. Мурда каякта жүргөнүн ким билсин, концепцияны талкууга алган тегерек столдо академиянын президенти А.Эркебаев: "Улуттук илимдер академиясы концепциянын долбооруна макулдук берген эмес. Бардык маселени мыйзамдын алкагында чечишибиз керек" деп, нааразычылыгын билдирип чыкты. Өз кезегинде министр Э.Сариева долбоорду талкуулоого үч ай мөөнөт берилгенин, бардыгы мыйзам жолунда болгондугун белгилеп, жакында концепция Өкмөттүн кароосуна жибериле тургандыгын жар салды. Тиешелүү тармак өз пикирин айтпаса, анчалык шашылыш чечим кабыл алыштын зарылчылыгы эмнеде болду экен? Айтор, "билим берүү тармагы талапка жооп бербей жатат" деп отуруп акыры талкалап тындык эле, эми "сүт бербеген уйдай" жээрип отуруп, илим тармагын да жайлап албасак болгону...


Сирия, Ооганстан жана Пакистанга агылган диний "маңкурттар"

Кыргызстанда Сириядагы согушка "ноктологон" 86 факты катталган. ИИМдин 7-башкармалыгынын башчысы Рафик Мамбеталиевдин маалыматында, Кыргызстандан 188 жаран ушундай жолдор менен Сирияга жана Ооганстан менен Пакистанга кетишкен. Алардын ичинен 21 адам согуш майданында каза болгон.
Эске салсак, Сирияда өздөрүн "Ислам мамлекети" деп атаган террористтик топ "Ислам мамлекетин курабыз" деген чакырык астында расмий бийлик менен согушуп келет. Бул топтун түбү барып Батыштын атайын кызматтарына такалаары айтылууда. Ал эми Кыргызстанга дааватты кеңири жайылтып, "таза исламга" үгүттөп жүргөн ыштан-дамбалчан "таблигчилердин" ордосу Пакистан менен Индия, Бангладеште экендиги маалым. "Таблиги Жамаат" диний кыймылы айрым авторлор тарабынан "террористтик уюмдардын кире бериш астанасы" деп да аталып келет. Ооганстанда болсо "Аль-Каида" террористтик уюму согуш жүргүзүп, кийинки кездери Сириядагы "Ислам мамлекети" тобуна кошулганын жарыялаган.