Дастан Жумабеков, Жогорку Кеңештин депутаты, "Ата Журт" фракциясы:
"Жолдубаеваны жаштыгына карап,
тууганчыл саясатка каршы турат деп колдодум"
Дастан мырза менен "Ата Журттун" азыркы абалы жана жаңы Баш прокурордун шайланышы тууралуу сүйлөштүк.

- Дастан мырза, партиялашыңыз Курмантай Абдиев фракция менен партиянын ортосунда ажырым кеткенин моюнга алды. Бүгүн "Ата Журт" партиясынын акыбалы ушундайбы?
- Негизи "Ата Журт" партиясы мурда кандай иштесе, азыр деле ошондой иштер менен алек болуп жатат. Фракция менен партиянын ортосунда байланыш бар. Аны жокко чыгара албайм. Сиз айтып жаткан маселе балким, биз депутат болуп келген "Ата Журт" партиясынан башка "Республика- Ата Журт" партиясы түзүлүп кетип, партия лидеринин биздин фракция менен анчалык иши болбой калды деген ойдо айтылса керек. Бирок, жаңы партия каттоодон өткөнү менен Камчыбек Кыдыршаевич азыркы "Ата Журт" партиясынын да лидери. Ал күндө келип, тескеп турбаганы менен тиешелүү маселелерди көз жаздымда калтырбайт.
- "Ата Журт" фракциясы жаңы оппозицияга өтүп жатканда "бизде дасыккан адистер көп. Биз күчтүү оппозиция болобуз" деген элеңер. Жыйынтыгында эки фракция биригип, бир Текебаевге жеткен оппозиция боло албадыңар го?
- Адам болгондон кийин беш кол тең болбойт экен. Текебаевдей күчтүү оппозиционер боло албасак да, элдин көйгөйлүү маселелерин көтөрүп, Бажы биримдигине киргенге, электр энергиясынын кымбатташына каршы пикирибизди билдирип, бийликтин катачылыгын мисал кылып айтып, оппозициялык миссиябызды аткарып жатабыз. "Күчтүү оппозиция болобуз. Катарыбызда дасыккан адистер бар" деген сөздү Мыктыбек Абдылдаевге, Курманбек Осмоновго, Курмантай Абдиевге жана финансылык тажрыйбасы мол депутаттарга таянып айтканбыз. Азыр да алардын тажрыйбасына таянабыз. Маселени элге көрүнүш үчүн эмес, чечиш үчүн көтөрөбүз. Кыскасы, мыйзам чегинде иш кылган оппозиция болуп, аша чапкан жокпуз.
Жогоруда "эки оппозициялык фракция жалгыз Өмүрбек Чиркешовичке жете алган жоксуңар" дедиңиз. Чынында оппозиционер болуш үчүн да тажрыйба керек экен. Бизде ошондой тажрыйба аз болуп жатат окшойт. Ошон үчүн эки фракция биригип, жалгыз Текебаевге жете албай жаткандырбыз.
- Камчыбек Ташиев "Жылдыз Жолдошова саясый кеңеш менен иштебей койду" деген доомат койгон эле. Чын эле Жылдыз Жолдошова саясый кеңешти укпай, өз билемдикке жол бердиби?
- Жылдыз Айтибаевна өз билемдикке деле жол берген жок. Саясый кеңеш менен деле иштешип жаткан. Менимче мындай кайчы пикирлер жеке мамиледен улам келип чыкса керек. Анткени, Жылдыз Айтибаевна депутаттар менен бирдикте иштеп, фракциянын кадырын жогорулатууга аракет кылып, мүмкүнчүлүгүнүн жетишинче иштеп жатат.
- Садыр Жапаровдун "Саясаттагы 10 жыл" деген китеби чыкты. Ал жерде Камчыбек Ташиев шайлоого бир жума калганда "Бакиевди алып келем" деген сөзү үчүн түндүктөн колдоо таппай кала жаздаганыңар ачык жазылыптыр. Ташиевдин бир сөзү силерди беймаза кылганы чынбы?
- Чын. Бирок, андай кырдаалды да жеңип чыкканбыз. Себеби, "бийликтин, элдин оюн тес­кери бурабыз" деген саясатына каршы туруп, Садыр Жапаров монтаж экенин далилдеп берген. Балким, андай калпыстыктарга жол берилбегенде биздин парламентке мындан да көп депутат келмек.
- Садыр Жапаров аталган китебинде "Ата Журттун" чырлуу маселелерин жазыптыр. Ал жерде кимдир бирөөнү катуу сындап, өзүн баатыр кылып койбоптурбу?
- Мен ал китеп тууралуу ак да, көк да дей албайм. Анткени, мага тааныш да, тааныш эмес да жагдайлар жазылыптыр. Китептеги айтылган окуянын чын- бышыгын убакыт гана тастыктайт деп ойлойм.
- Парламенттик шайлоого аттанайын деген оюңуз барбы? Болсо кайсыл партияны чоттоп жатасыз?
- Кайсыл партия менен келээримди убакыт көрсөтөт. Биз парламентке "Ата Журт" партиясы менен келгенибиз менен "Республика- Ата Журт" партиясына мүчө эмеспиз. Азыр ар бир депутат өзүнө ыңгайлуу партия менен ич ара сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, партиялардын шарттары менен таанышып жатат. Мен да көп депутаттын бириндей болуп, түшкөн сунуштардын арасынан позицияма туура келген, шарттары канааттандырган партияны тандап алам деген ойдомун.
- Баш прокурор болуп иштеп, күйөөсүнө кылмыш иши козголуп кеткен Аида Салянова тууралуу эмне айта аласыз?
- Аида Жеңишбековна кызматтан кетээри менен ар ким сындап, анын дарегине түрдүү пикирлерди айтып жатышат. Бирок, ким эмне десе да, мен анын айткан сөзүнө турган эркине, тайманбастыгына баа берем. Ал жаңы кызматка келгенде "мен коррупционерлер менен күрөшөм" деген. Айтканындай эле коррупционерлер менен күрөштү. Ошол аракети менен көп кишиге жакпай, душман топтоп алды.
- Анда Аида Салянованын "Ата Журттун" айрым депутаттарына "коррупцияга тиешеси бар"- деген берене менен кылмыш ишин козгогону туура деген жыйынтыкка келсек болобу?
- Кылмыш ишин козгоп, коррупция менен күрөшкөнү туура. Ал коррупцияга аралашкан деп шектенип жүргөн адамдарга кылмыш ишин козгоду. Бирок, алардын коррупцияга аралашкан, аралашпаганын сот аныктайт. Ошондуктан коррупция менен күрөшүп, мага асылды деп аны жаман көргөнүбүз туура эмес. Себеби, Аида Салянова айрым эркектер батынып жасай албаган иштерди жасап, өзүн мыкты адис экенин көрсөтө алды.
Ага карабай Аида Жеңишбе­ков­нанын кызматтан кетиши тууралуу түрдүү маалыматтар айтылып жатат. Бирок, анын өз каалоосу менен кызматтан кеткен арызын көрдүк. Мен Аида Салянованын кызматтан кеткенин трагедия кылбайм. Анткени, Башкы прокуратура анын атасынан калган кызмат эмес. Буга чейин да жетекчилер алмашып тургандай мындан кийин да алмашып турат. Ошондуктан, анын кызматтан кеткенинен саясат издеп, түрдүү түкшүмөлдөрдү жүргүзгүм келбейт.
- Индира Жолдубаеваны кайсыл артыкчылыгына таянып колдодуңуз?
- Мен Индира Жолдубаеваны жаштыгына карап колдодум. Президентке ырахмат. Жаш кадрларды ишке тартып, жооптуу кызматтарды берип жатканына. Бирок, президенттин бул кадамын катачылык катары баалап, дасыккан адистерди эмес, бир күн прокуратурада иштебеген айымды тандап койду деп туура көрбөгөндөр да бар. Бирок, биз бир нерсени эске алышыбыз керек. Тажрыйбалуу, иштин көзүн таба билген, дасыккан адистердей эле маселенин аныгына чыгарган чечкиндүү, менеджер жаштар да керек экенин моюнга алышыбыз керек. Анткени, жаңыча ойлонгон жаштар тууганчылык саясаттан да алыс болот деген ойдомун. Мен ушул критерийге таянып Индира айымдын Башкы прокурорлук кызматка келишин колдодум. Индира Жолдубаеванын Башкы прокурорлук кызматка келиши Кыргызстан үчүн эле эмес, КМШ мамлекеттерине да жаңылык болуп, сөзсүз жакшы таасирин тийгизип, үлгү болот деп ойлойм. Президент жаштарды саясатка аралаштырып, көзөмөлдөөчү органды жаштардын колуна бергенине ыраазымын.
- Бирок, прокуратура тармагында бир күн да иштебеген адистин Баш прокурор болгону койчуну жетекчи кылып койгондой болгон жокпу?
- Биз жөн эле шайлап койгон жокпуз. Мыйзамга таяп шайладык. Анткени, андан башка адам сунушталган жок. Эгер бул кызматка бир эмес, 3- 4 адам ат салышса же президент ошолордун арасынан татыктуусун тандап алгыла десе, ошондо адискөйлүгүнө карамакпыз. Президент бир гана Индира Жолдубаеваны көрсөтүп, ага ишеним артканы үчүн биз аны колдодук. Мен ал айымды колдоп добуш бергениме өкүнбөйм. Анткени, жалындай курч жаштыгы, жүрөгүндө "мамлекетимди көтөрөм, акыйкаттыкты орнотом" деген тилеги бар деп ишенем. Кудай буюрса, бул айым да Аида Саляновадан кем эмес иштеп берет деген ойдомун. Ошондуктан "аялдар эмес, эркектер келиши керек" дегендерге да каршымын. Кээ бир аялдар эркектерден эрктүү болуп, чечкиндүү кадамдарга барышат.
- Тууганчылыкка жол бербейт, жаңыча ойлонгон жаш кадр дегениңиз менен жаңы Баш прокурордун туугандары Аалы Карашев менен Чолпон Баевкова экен го?
- Эми балдызы кызматка келди деп Аалы Карашевди "кызматтан кет" демек белек. Жездеси менен балдызынын үй- жайы эки башкадыр. Бири- бирине терс таасирин тийгизбейттир. Жооптуу ишке келип жаткандан кийин Индира айым андай тууганчылык саясатка жол берип, кадырын кетирбесе керек.
- Айтканыңызга ынаналы, бирок ал кылмыш ишин козгой турган адамдар маселесин Чолпон Баекова жана Аалы Карашевди ортого салып чечип албайт деген кепилдик жок да?
- Кепилдик жок. Бирок, мен эмнегедир аларды өзүбүздүн үй - бүлөбүзгө салыштырып айтып жатам. Анткени, биздин туугандарда бири- бирибизге кийлигишип, "аны, муну кыл. Тигинт, минт, кызматыңдан пайдалан" деген нерсе жокко эсе. Балким, булар деле бизге окшоп бири- биринин ишине кийлигишпейттир. Кантип эле Индира айымга башкасы көлөкө түшүргүсү келсин? Алар да үй- бүлөсүнүн намысын булгабай сактап калгысы келеттир деген ойду айтып жатам.
Чынайым Кутманалиева