Улуттук Оппозициялык Кыймыл (УОК) тарабынан иштелип чыккан, Кыргыз Республикасынын альтернативдүү "Максаттуулук жана Сабыр" АНТИКРИЗИСТИК ПРОГРАММАСЫ
Дүйнөлүк кризистин Кыргызстанга таасири:
АКШ жана Батыш мамлекеттери тарабынан Россия Федерациясына каршы киргизилген экономикалык санкциялар КМШ мамлекеттерине, анын ичинде Кыргызстанга да өз таасирин өзгөчө тийгизүүдө. Дүйнөлүк базарда жанар майга (нефть) баанын кескин арзандашы, доллардын кымбатташы жана кыргыз валютасы сомдун 20 пайызга кунунун кетиши Кыргызстандагы макроэкономикалык абалды кризистик кырдаалга алып келди. Аткаруу бийлигиндеги туташ коррупция, Россияда эмгектенген мигранттардын Кыргызстанга массалык түрдө кайтышы, азык-түлүк продуктыларына баанын 1,5-2 эсеге жогорулашы жана өлкөдөгү жакырчылыктын 15 пайызга өсүшү жарандардын бийликке карата ишенимин кетирүүдө. Мамлекеттеги саясый жана экономикалык оор жагдайдан улам Кыргызстан JEEN (Объединенная евразийская экспертная сеть) рейтинги боюнча кризиске туруктуу каршылык көрсөтө алган постсоветтик мамлекеттердин эң артында калды.

Коркунучтар:
Учурдагы социалдык-экономикалык кризис Кыргыз Республикасында наркотрафик агымынын өсүшү, диний экстремизмдин кеңири жайылышы, бандиттик топтордун активдешүүсү, жумушсуздуктун күчөшү, өлкөнүн дефолтко учурашы, сомдун кымбатташы, инфляциянын жогорулашы, ишкерликтин токтошу, өлкөдөн финансылык активдердин качышы, бажы жана салык төлөмдөрүнүн кескин кыскарышы, сырткы жана ички карыздардын көбөйүшү, инвестициялык климаттын талкаланышы, мамлекеттик кызмат көрсөтүү секторунда коррупциянын күчөшү, укук коргоо органдарындагы паракорчулуктун өсүшү сыяктуу негативдүү факторлорду жана коркунучтарды жаратууда.

Кризисти жеңүүгө өбөлгө болчу жагымдуу жагдайлар:
Ошентсе да, Кыргызстанда социалдык-экономикалык жана саясый кризисти жеңүүгө өбөлгө болчу жагымдуу жагдайлар бар. Алар:
Калыптанган саясый архитектура;
Парламенттик башкаруунун принциптери (ал акыркы учурда чоң девальвацияга учуроодо);
Активдүү граждандык коом;
Батышчыл мамлекеттик эмес уюмдардын ишмердүүлүгүнүн өсүшү;
Бийликке каршы туруп, өлкөнү өнүктүрүү боюнча альтеративдүү жол көрсөтүүгө жөндөмдүү САЯСЫЙ ОППОЗИЦИЯ.

Антикризистик Программа - Кризистен чыгуунун Жол картасы
Ушул мезгилге чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Президент А.Атамбаев өлкөнү саясый жана социалдык-экономикалык кризистен чыгаруунун программасын иштеп чыккан жок. Андыктан, Улуттук Оппозициялык Кыймыл Кыргыз Республикасынын альтернативдүү Антикризистик Программасын даярдап, аны коомчулукка сунуштаган.
Антикризистик Программанын максаты - глобалдуу экономикалык кризистин Кыргызстандагы социалдык-экономикалык абалга тийгизчү терс таасирин азайтуу, келекчекте экономикалык өнүгүүнүн негиздерин даярдоо жана өлкө ичиндеги саясый күчтөрдүн консенсусун камсыздоого жол ачуу.

I-этап
Саясый жана финансылык секторду борбордон окчундатуу (децентрализация). Аны ишке ашыруу үчүн:
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерин (шаар мэрлерин, область жана район жетекчилерин, айыл өкмөт башчыларын) эл тарабынан тике шайлоодо тандоо;
Чогулган салык жыйымдарын борбордук Өкмөт жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосунда 50/50 пайызда бөлүштүрүүгө жетишүү.
Президент, Өкмөт жана Жогорку Кеңешке кетчү бюджеттик чыгымдарды үч эсеге кыскартуу.
Мамлекеттик корпорацияларда жана ишканаларда корпоративдик башкаруунун сапатын жогорулатуу.
Министрликтерде жана ведомстволордо Коомдук байкоочу кеңештин ролун күчөтүү.
Салык жыйымдарынын санын кыскартуу.
Чакан жана орто бизнес үчүн салык жыйымдарын либерализациялоо.
Бизнеске административдик басымды азайтуу.
Улуттук финансы системасынын туруктуулугун жогорулатуу.
Экономиканын реалдуу секторун колдоо.
Пенсиялык реформа жүргүзүү, б.а. пенсиялык жана социалдык жыйымдарды топтоо жана милдеттүү бөлүмдөргө жайгаштыруу.
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу.

II этап
Сот реформасын чечкиндүү түрдө ишке ашыруу.
Юстиция министрлигин олуттуу реформалоо, ага Башкы Прокуратуранын кээ бир функцияларын берүү.
Финансылык кызмат көрсөтүү рыногун либерализациялоо, өзгөчө банктардын, пенсиялык фонддордун, лизинг жана ипотекалык компаниялардын, камсыздоо фонддорунун функциялары мезгил талабына ылайык жөнөкөйлөштүрүлүп, реформаланышы зарыл.
Ички иштер министрлигин реформалоо, анын функциясын криминалдык жана муниципалдык полицияга ажыратуу.
Билим берүү системасын реформалоо.
Саламаттыкты сактоо системасын реформалоо, улуттук медицинаны камсыздандыруу принцибине өткөзүү.
Чет элдик инвесторлордун укугун коргоону жаңы дэңгээлге көтөрүү

Антикризистик Программаны ишке ашыруудагы ийгиликтин критерийлери:
Ички Дүң Продуктынын көлөмүнүн жогору болуусу жана өсүү темпинин ылдамдашы.
Инфляциянын төмөндөшү.
Жумушсуздуктун азайышы.
Кыргызстандын күнкорсуз кредиттик рейтинги.
Кыргыз Республикасынын эл аралык рейтингдердеги позициясы.
Экспорттун көлөмү.

Программаны ишке ашыруудагы талаптар:
Программаны ишке ашыруу үчүн ички жана тышкы финансы булактарын табуу зарыл.
Донор өлкөлөр менен эл аралык донор уюмдардын Антикризистик Программаны ишке ашыруудагы жардамы Кыргызстандагы экономикалык жана саясый реформалардын жүрүшүнө жараша болот.
Донор өлкөлөр менен эл аралык донор уюмдар (ДБ, ЭВФ) Антикризистик Программаны ишке ашыруу үчүн кредитти жана гранттарды Кыргызстандагы экономикалык жана саясый реформалардын жүрүшүнө жараша транш түрүндө бөлүп (стэнд-бай механизми) бериши зарыл.

"Инвестицияларды жана жумушчу орундарды - Реформага айырбаштоо" Программасы
Ишке ашыруу мөөнөтү: 3-5 жыл, программа негизинен этап-этап менен жүргүзүлөт.
Ресурстар: Каражат, уюштуруу жана консультациялык кызматтар:
АКШ жана Европа Биримдигинин айыл чарбасынан, тейлөө кызматынан жана курулуш тармагынан жыл сайын 100 000 эмиграциялык жумушчу орун алууга жетишүү.
Реформа мезгилинде бюджетти кармап турууга зарыл болгон кредиттер жана гранттар.
Мамлекеттин экспорттук потенциалын өнүктүрүү үчүн кредиттер жана гранттар.
Студенттик орун алмашуучу программалар жана стипендиялар.
Улуттук инфраструктуралык проекттер
Исламды изилдөө Институтун ачуу.

Программанын коомдук-саясый реформасы:
Донор өлкөлөрдүн катышуусу менен уюшулган Кыргызстан-АКШ-ЕБ форматындагы парламенттер аралык комиссия.
Донор өлкөлөрдүн катышуусу менен уюшулган Өкмөттөр аралык көп тармактуу комиссия
"Реформа министрлиги" - курамына эксперттер, консультанттар жана коомдук ишмерлер кирет.

Программанын финансылык инфраструктурасы:
Өнүгүүнүн корпорациясы.
Реконструкциялоо жана Өнүктүрүү Банкы (курулушка жана инфраструктуралык долбоорлорго инвестициялар).
Экспорттук Агенттик (айыл чарба продукцияларын экспорттоо)

Экономиканын приоритеттүү
багыттары:
a) Айыл чарба, курулуш, пенсиялык жана камсыздандыруучу фонддор (узак мөөнөттөгү акчалар), рекреациялык сектор.
б) Транспорт, телекоммуникация, финансылык кызматтар.