Алиясбек Алымкулов, экс- министр:
"Абдырахмановдун сыны менин
кызматтан кетишиме себеп болгон жок"

Жаштар жана миграция министри Алиясбек мырзанын эмне үчүн кызматтан кеткенин жана мындан ары эмне иш менен алек болоорун, Өмүрбек Абдырахмановдун катуу сыны таасир эткен, этпегени тууралуу баарлаштык.

- Алиясбек мырза, буга чейин сизди "кызматтан кетет" деген имиштер арбын айтылганы менен сизди эч ким кетире алган эмес. Эмне үчүн кызматтан кетүү чечимин кабыл алдыңыз? Жогору жактагы сизди кыртышы сүйбөгөн адамдардын каарына чыдабай койдуңузбу?
- Чынында мени "кызматтан кет" деп эч ким айткан жок. Кетүү чечимин жогору жактагылардын кийлигишүүсү жок өзүм кабыл алдым. Анткени, мен 5 жылга чукул убакыт ушул кызматты аркаладым. Беш жылдык мөөнөт деле билинбегени менен президенттик кызматтын бир мөөнөтү. Ошонун баарын эске алып, "жаштарга үлгү болоюн, кызматымда тырышып отура бербейин, жеке кызыкчылыкты жогору койбоюн" - деген таризде кызматтан кетүү чечимин кабыл алдым. Анткени, жаңы жылдын алдында жоктон бар кылган министрликтин ишин жөндөп кеткенге жаңы адам келсе, министрликтин ишин мындан ары да илгерилетип кетсе деген ниетте ушундай чечимге келдим.
- Мындай жыйынтыкка келүүдөн мурда кимдир бирөө менен акылдаштыңызбы?
- 85 жаштагы менин "эрке балам" болгон атам бар. Атам менен акылдаштым. Атам экөөбүз узак сүйлөшкөндөн кийи­н ушундай чечимге келдим. Анткени, атам "кызматка кандай келсең, ошондой кеткенди да билишиң керек" деп көп айтчу. Ошон үчүн эч ким күтпөгөн жерден эле арызымды жазып кете бердим.
- Өмүрбек Абдырахманов Канат Садыков экөөңөрдү кандай сындаса, ошондой кызматтан кеттиңер го. Бул жерде анын сыны үчүн жогору жактан тымызын чара көрүлгөн жокпу?
- Бул болгону, менин жеке, салмактуу кабыл алган чечимим, буга окшош сын- пикирлер депутаттардан, коомчулуктан айтылып келген, айтыла берет.
- Баса, бир сапар Абдырахманов "мамлекеттен айлык албасаңыз кайсыл акчаңызга жан сакчы жалдап жүрөсүз?" деп сураган эле. Ага кандай жооп кайтарасыз?
- Мен 38 жашыма чейин эле бутуна турган, өзүмө жетиштүү дүйнө жыйган, Россияда иштеп тирилигин тыңдап алган, жаш кезимден эмгекке бышкан адамдарданмын. 10 бир тууганымдын баары кезинде бири- бирибизди жөлөп- таяп турмушубузду оңдоп алганбыз. Кудайга шүгүр, бизде "жок" - деген нерсе жок. Баарыбыздын жетиштүү оокат-ашыбыз, тирилигибиз бар. Ошондуктан, мамлекеттин айлыгына анчалык деле көз каранды эмесмин. Абдырахманов кыжаалат болуп жаткан жан сакчыларыма мамлекеттин эсебинен эмес, өз чөнтөгүмдөн эле төлөчүмүн. Мен кимдир бирөөдөн эмес, Кудайдан корком. Ошон үчүн башкалардай болуп, "кызматымдан пайдаланайын, ичип- жейин, коррупциялык иштерге аралашайын" дебедим. Беш манжамды бирдей матырып, келген каражаттарды каалагандай калчап, элдин кызыкчылыгынан жеке кызыкчылыгымды жогору койгонго абийирим да жол берген эмес. Таза иштеп, министрлик айлыктан да баш тартканыма карабай менин жасаган ишимден саясат издегиси келгендер ушундай суроолорду берип, ал турсун "кайсыл акчага жетимдерди үйлөнтүп жатасың? Буга "коррупционер" - деп кылмыш ишин козгош керек" деген сөздөргө чейин айтышкан. Чынында, мен жетимдерди үйлөнткөн, ата- эненин баркын билели деген бир топ долбоорлорду мамлекеттин эсебинен эмес, досторумдун жана сырттан келген каражаттардын эсебинен соопчулук иш катары жасачумун. Ага болбой эле ыгы келсе да, келбесе да жасаган ишимден кынтык издеп, эптеп элге жаман көрсөтүүнүн жолун издегендер да болду.
- Таза иштесеңиз эмне үчүн Чыныбай Турсунбеков "мындай министрлерден арылыш керек" деди?
- Мен ал кишинин айтканын сизден биринчи угуп жатам.
- Айрымдар сизди "динге берилип, фанат болуп кеткен. Ошон үчүн өкмөттүн чоң маселелерди чечкен жыйындарында да "мен намаз окушум керек" деп чыгып кетет" деген сындарды айтып жүрүшөт. Мунун канчалык деңгээлде чындыгы бар?
- Динди сындап, ага акаарат келтирип, туура эмес сөз айталбайм. Анткени, динден жамандык издебеш керек. "Берген да кудай, алган да Кудай" дейт. Ошондуктан дин тууралуу жаман сөз айталбайм. Дин адамды нысаптуулукка, адептүүлүккө, топуктуулукка үйрөтүп, ач көздүктөн баш тарттырат. Башкача айтканда, диндин жакшы жагы көп. Бирок, мен кимдир бирөөлөр сындап жүргөндөй өкмөттүн жыйындарында "намаз окуйм" деп бир да жолу чыгып кеткен эмесмин. Болгону, бардык нерсеге үлгүрүү үчүн убакытты туура колдоном. Ошондой эле, намазым да каза болбогудай кылам. Башында мен да ушундай сөздөрдү кимдир бирөөлөрдөн угуп калганда намазды шылтоолоп, эч качан жыйындан чыгып кеткен жок элем. Мындай сөздү кимдер, эмне үчүн чыгарып жатышканын биле алчу эмесмин.
- Сиз уюштуруп, жетектеген министрлик өз миссиясын аткара алдыбы?
- Менин ишмердүүлүгүмдү деңгээлине жараша ар ким ар кандай баалашы мүмкүн. Бирок, мен министрлик кызматтын ар бир күнүн куру кетирген жокмун. Колумдан келишинче убакытты туура пайдаланууга, жаштардын келечек пландарын тактап, багытын аныктап алышына шарт түзгөн жаштар борборун ачтым. Ошондой эле миграция тармагында дагы 20 жылдан бери жасалбаган иштерди жасадым. Көшөргөн эмгегибиздин натыйжасында ФМСтин өкүлү биринчи жолу кыргызстандык болду. Башка мамлекеттерде Россиянын кара тизмесине киргендердин саны миллиондоп саналса, бизде 32 миңге азайды. Ошондой эле миграция тармагындагы техникаларды заманбап стилге салып, 2 млрд. сомго жаңыладык. Кыскасы, мактоого аларлык бир топ эле иштерди жасадык.
Негизи, мен көп ишти бирөөнүн көзүнө көрүнөйүн, мактоого арзыйын деп эмес, жоктон бар кылып уюштурган министрликтин орун алып калышы үчүн жасадым. Ошон үчүн канчалаган каражат тартып келсем да, бирин да пиар кылып, "Алиясбек Алымкулов кыйратып жатыптыр" деген саясат жүргүзгөн жокмун. Чынында, акыркы эки жылдын ичинде эле 2 млрд. сом каражат таап келдим. Өкмөттөн бир тыйын албай чоң долбоорлорду ишке ашырдым. Жок министрликти Кудайдын жардамы менен ачып, колумдан келишинче иштеп, чечилбеген көп көйгөйлүү маселелерди чечтик.
- Эми эмне иш менен алек болосуз?
- Алгач ден- соолугумду чыңдайм. Араб мамлекеттери менен жаштарга шарт түзүп берүү боюнча фонд уюштуруу аракетин көрүп жаткам. Буюрса, ошону ишке ашырам. Анан өзүмдүн жеке иштерим менен алек болом.
- Саясатка, мамлекеттик кызматка кайрылып келесизби?
- Аны азыр айталбайм. Анткени, сая­саттан, мамлекеттик кызматтан эми гана кетип жатам. Аралашар, аралашпасымды убакыт көрсөтөт. Ушунча жыл менин иштешиме шарт түзүп, колдоп берген айкөл, акылман элиме жана президентке ыраазычылыгымды билдирем.