Биз билбеген
Темир Сариев...

БОМЖ Темир Сариев
Экономика министри Темир Сариев БОМЖбу? БОМЖ деген орустун сөзү, сөзмө-сөз "без определенного места жительства" деп айтылат. Жашай турган жери жок, так дареги жок селсаяктарды "окемдер" ушинтип тергешет.
Эми Темикеге келсек, керек болуп Темир Аргенбаевичтин катталган дарегин издештирип, эч жерден таппай койдук. ИИМдин алдындагы Маалымат бюросуна кайрылып "Т.А.Сариевдин дарегин билесиздерби, айтып коюңуздарчы?" деген суроо-талабыбызга "Мындай жаран эч бир жерде катталган эмес жана каттоодон да чыккан эмес" деп таң калтырышты.
Кантип? Өзү айтмакчы "саясатчы катары, Убактылуу өкмөттүн мурдагы мүчөсү катары, азыркы өкмөттүн Экономика министри катары" посттон-постту мыкчып келаткан Темир Аргенбаевич эч жерде катталбаганбы? Баш калкалаар үй-жайы барбы деги? Биз билгенден батир, особняк, коттедж, офис дегендери Бишкек, Чүй, Ысык-Көлдүн чар тарабында толтура эле болчу, "байкуш" кишинин.
Ал эми Мамлекеттик кадр кызматына тапшырган кирешеси тууралуу декларациясын карасак, Темикеде аянты 322 чарчы метрлүү үйү, кандайдыр бир ЖЧКда (аталышын айткан эмес) 30% үлүшү бар экен. Бул эми Темикенин "скромныйсынып", бир учун гана жазгандары болсо керек. Же тууган-туушкан, дос-жарга жаздырып, "көлөкөлөтүп" жүргөн бизнестерин "унутуп" калып, өзүн Масалиев-Раззаковчосунан көрсөткөндөгүсүдүр. Декларацияга ишенсек, жол тандабастарды жорголоткон Сариевде "бир да автоунаасы жок" экен.
Темир Аргенбаевич сыяктуу бай-манаптар ушинтип бар мүлкүн жашырып-жаап, "көлөкөдө" гүлдөтүп жатса башкалары кантет? Миллиондорду сапырган ишканалары каякта?

Абдымалик Мырзаев айтты...
Ушул жылдын февраль айында кармалып, 8 ай камакта жатып, акыры эркиндикке чыккан "Элдик фронт" коомдук кыймылынын жетекчиси, полковник Абдымалик Мырзаевдин азыркы экономика министри Темир Сариев туурасындагы айткандары анын интернеттеги баракчасында жарыяланыптыр.
Окурмандар өзү талдап алсын деген маанайда текст кандай жазылса ошондой бойдон, которбостон жарыя кылдык. Анда:
"Я готов лично дать показания перед НАРОДНЫМ СУДОМ по факту незаконного изъятия 2 млн.дол. из АУБа членами ВП и при этом у меня был личный телефонный разговор с Сариевым, где я его предупредил о противозаконности данных действий, а он сказал, что данный вопрос решен с Р.Отунбаевой и чтобы я не вмешивался в эти дела. Меня удивляет лицемерие воров-временщиков. Эти 2 млн.дол.мелочь по сравнению с тем, что реально было разворовано и разграблено этими временщиками. Бог им всем судья" деп жазылыптыр.
Урматтуу Темир Аргенбаевич! муну кандай түшүнсөк болот? Алгач миллиондор туурасындагы сүйлөшүүлөрүңөр туурасындагы видео жарык көрдү эле. Анан анын калп экендигин далилдөө үчүн президентке кайрылып, банктык ячейкалар боюнча ишти кайра текшертүүнү сурандыңыз, эми болсо кайрадан миллиондор туурасында сөз болуп жатат. Бул туурасында жообуңузду күтөбүз. Чындык же сиз тарапта же Мырзаев тарапта болушу керек да, туурабы?

Жардамчысын департаментке директор кылды
Жаратылышынан эпчил экономика министри жада калса жардамчысын дагы көз жаздымга калтырбайт экен. Жума ичинде Батыров Азамат Абибилаевич аттуу жигит Экономика министрлигине караштуу Банкроттук иштер боюнча департаменттин директору болуп дайындалды. Бул тууралуу тиешелүү буйрукка премьер-министр Жоомарт Оторбаев 14-ноябрда кол койду. "Экономика министри Темир Сариев жаңы директорду Борбордук аппараттын жамааты менен тааныштырды", - деп маалымдайт ведомствонун басма сөз кызматы. Батыров 2014-жылдын май айынан баштап экономика министринин жардамчысы болуп иштеп келген.

Баягы, баягы....
КРнын экономика министри Темир Сариев президент Алмазбек Атамбаевге КРнын компетенттүү органдарына банктык ячейкалар жөнүндөгү ишти текшерүүнү тапшыруусун суранып кайрылыптыр. (
Ал "Сизге кайрылуума, акыркы кезде кайрадан кээ бир ЖМКда Т.Сариев менен А.Бекназаровдун мурдагы президент К.Бакиевге тиешелүү банктык ячейкалардагы акчаларды менчиктештирип алууну талкуулаган телефондук сүйлөшүүлөрүнүн үн жазмасы жөнүндөгү сөздөрдүн айтылышы себеп болуп жатат" деп жазат."Мен бул маселе боюнча мунун баары чындыкка коошпой тургандыгы тууралуу билдирме бергем. Өз кезегинде КРнын башкы прокуратурасы, КРнын эсептөө палатасы тарабынан текшерүүлөр жүргүзүлгөн жана мен тараптан акчалай каражаттарды менчиктештирип алуу же кандайдыр бир мыйзам бузуулар болбогондугу аныкталган. Бирок, буга карабай бул тема боюнча спекуляциялар уланып жатат", "Мага саясатчы катары, Убактылуу өкмөттүн мурдагы мүчөсү катары, азыркы өкмөттүн экономика министри катары 2010-жылы мен тараптан кызмат абалдан кыянаттык менен пайдалангандык тууралуу имиш сөздөрдүн улантылышы өтө жагымсыз. "Мен буга биротоло чекит коюу керек деп ойлойм. Ошондуктан мен Сизге КРнын компетенттүү органдары банктык ячейкалар жөнүндөгү ишти текшерүүсүн жана бардыгына объективдүү баа беришин суранып кайрылам" делет Т. Сариевдин кайрылуусунда. Белгилей кетсек, бир катар ММКлар Темир Сариев менен Азимбек Бекназаровдун ортосундагы кандайдыр бир миллиондор туурасындагы телефондук сүйлөшүүлөрүн жарыялап чыгышкан. Өткөн апта ичинде болсо депутат Равшан Жээнбеков менен Темир Сариев айтыша кетишип, Темир Сариевдин "Бирөөгө сын айтардан мурда күзгүгө бир каранып алсак" деген сөзүнө жооп кылып, депутат "Сиз миллиондор туурасында сөз болуп жаткан видеону дагы бир ирет кайталап көрүп коюңуз" деп министрге эскерткен.

Аида Надырбекова
"Башат kg"