Арзан пиарга эч ким
муктаж эмес…

"Алибинин" айланасындагы окуялар интернетте дагы талкууга түшүп, күндүн темасына айланды. Окурмандарга түшүнүктүү болуш үчүн оңдобой беребиз.


Канышай Мамыркулова:
"Алиби" гезити өзүнө пиар издеди" деп "Азаттыктын" журналисти жазып чыгып, ал оюн гезит менен мамилеси мурунтан дурус болбой келе жаткан карыя журналист Үсөн Касыбековдун ою менен бекемдеп кетиптир. Гезиттин тонолушу бул факты, Бабырбек Жээнбеков (гезит ээси) редакцияга милиция кызматкерлеринен жана журналисттерден кийин келип жагдайды көрдү. Ошондуктан, ""Алиби" пиар кылууну көзөгөн" деген ойдон кайтууга туура келет. Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгынын башчысы Кашкар Жунушалиев гезиттин оппозициялык же позициялык маанайда иш алып бара тургандыгын ЖМКларга маалымдагандын ордуна өздөрүнө тиешелүү ишти алып барса, максатка ылайык келмек. Ал эми гезиттин учурдагы башкы редактору катары (жетекчилик алмашууда) айта кетүүчү жагдай, Уланбек кесиптешибиз президенттин кайниси болгондуктан балким ушундай маанайда жазгысы келген чыгаар. Жеке мен президенттин дагы, Бабырбек Жээнбековдун дагы балдызы эмесмин, ошондуктан, туугандык байланыштан улам кимдир бирөөнүн көмөчүнө күл тартпайм. Бабырбек Субанович "ушундай арзан пиар жасагым келип жатат" десе дагы, андан баш тартмакмын. "Буга чейин "Вечерний Бишкек" басылмасы "талашка түшкөн имаратынын артында президенттин кеңешчиси Фарид Ниязов турат" деп, бийликтин кысымына кабылганын жазып чыккан. Ошондой эле "Искра" гезитинин редактору Адилет Айтикеев депутат Өмүрбек Текебаевдин куугунтугунан улам чет өлкөгө чыгып кетүүгө мажбур болгонун жар салып, кийин бул маалыматты төгүндөгөн. "Журналисттер айыптаган тараптар болсо мунун баарын жалган жалаа деп жокко чыгарып келишет" - деген окуяларга чаптап, "Алиби" гезитинин редакциясында болгон кылмыштуу окуяны жокко чыгаргысы келген Уланбек Эгизбаев редакцияга келип окуя болгон жерден кабар алса, каршы чыкмак эмеспиз. Бул окуяга катар болгон кырсыктын да аягы жакшылык менен бүттү. Учурдан пайдаланып, редакцияга келип, өз көздөрү менен тартып, жазып кеткен КирТАГдын, K-newsтун, Kloopтун жана башка ММКлардын өкүлдөрүнө, окуяны туз чагылдырган кесиптештерге, алардын жетекчилерине, өзгөчө Катя Урумкановага, Лейли Акиловага ыраазычылык билдирем.

Жаз Айым Айдекова:
Бабырбек мырза башкадан пиар издесе да, мындай төмөн, ыплас иштен пиар издебейт. Өзүнүн дөөтүлүү жерине мындай жаман нерсени кылбайт жана анчалык майда, төмөн адам эмес. Ушул "ПИАР" деген сөздү ким айтса да, өзүнүн деңгээлине жараша жана "ар ким өзүндөй ойлойт" болгон төмөн ою менен айткан.

Адилет Айтикеев:
"Азаттыкка" таң калам. Объективдүү ММК катары иштегенден кийин ушу Уланбек Эгизбаевге окшогон жашабай жатып чирип калган, ичи көңдөй, ыза менен ич күйдүлүккө толгон, трайбализмдин, тууганчылдыктын асабасын желбиреткен журналисттердин ачык эле жүргүзгөн саясатын, жасаган былык иштерин көрбөйбү "Азаттыктын" жетекчилиги?

Мурат Жетимишбаев:
"Азаттык" ушундай ушактар менен өз баркын өзү кетирип жаткан чагы. Бирөөнүн башына кырсык чалып турганда аны мазактап ушак айткан адамдык сапатка такыр жатпайт. Бул өтө пастык гана болмокчу!

Аида Надырбекова:
Эл бир убактарда сүйүп уккан "Азаттык" эмне болуп баратат? Президенттин бир эле кайниси иштегени үчүн ушундай "Азаттык" болуп калдыбы? Эгер каралагысы келсе, бул гезиттин редакциясына баш багып, жагдайды өз көзү менен көрүп, анан жыйынтык чыгарса болмок.

Жолдош Орозов:
"Азаттыктан" эч нерсе күтпөй калдык, анткени элдин эмес, бийликтин сөзүн сүйлөп калды.





Сөз эркиндиги:
кысым жана жоопкерсиздик
Медиа изилдөөлөргө таянсак, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө бийлик же башка күчтөр тарабынан кысымдын ар кандай түрлөрү тымызын колдонулуп жатканы айтылып келет.
7 -ноябрь - маалымат жана басма сөз күнүн утурлай "Алиби" гезитинин редакциясы тоноого учурады деген маалымат журналисттер чөйрөсүндө ар кандай пикирлерге жол ачты. 5-ноябрдын түнүндө белгисиз адамдар аталган гезиттин эшигин талкалап кирип, сейфти ачууга аракет кылышкан. Учурда милиция бул боюнча териштирүү иштерин жүргүзүп жатат.
Гезиттин негиздөөчүсү Бабырбек Жээнбеков редакцияны тоноо аракетин бийликтен көрүп, эркин журналисттер куугунтукка кабылганын билдирди. Айтымында, гезиттин шейшемби күнкү санында президентке, премьер-министрге карата ачык сындар жазылган.
- Гезиттин өткөн санына президент Атамбаевдин кемчиликтерин сындаган "Унутулган убадалар" деген макала жарык көргөн. Мындан тышкары АКШнын Кыргызстандагы мурдагы элчиси Памела Спратлендин жогорку бийлик жетекчилигине карата сын-пикирин да жарыялаганбыз. Мына ушулардын баары бийликке катуу тийди окшойт. Аталган материалдар башка басма сөз каражаттарында жарыяланган эмес. Менимче, бийлик гезит кабарчыларына ушундай жол менен эскертүү жасап жатат.

"Алибинин" тонолушу кезектеги пиарбы?
Деген менен "Алиби" тонолду"-деген маалыматты гезиттин атын чыгаруу аракети катары сыпаттагандар да жок эмес. Алардын бири ардагер журналист Үсөн Касыбеков Бабырбектин дооматын анын жеке саясий кызыкчылыгына байланыштырууда.
- "Алиби" сары басылмалардын бири да. Алардын жазганына эч ким деле ишенбейт. Бийлик аларды тоноп эмне кылмак эле? Бул болгону арзан пиар. Бабырбек Жээнбеков бийликке "мен бармын" деп, алардын көзүнө көрүнгүсү келип жатса керек.
Гезит ээси Бабырбек Жээнбеков өздөрүн бийликке каршы басылма экенин айтканы менен ал буга чейин Монополияны жөнгө салуу агенттигин башкарып келген. Ал мекемедеги коррупциялык чууга байланыштуу кызматынан алынган.
"Журналисттер бийлик тарабынан куугунтукталып, кысымга алынып жатат" деген кептердин чындыгы канчалык? Бул суроого Журналисттер кесиптик кошуунунун жетекчиси Мэри Бекешова мындайча жооп узатты:
- Азыр журналисттерге эч кандай деле кысым болгон жок. Бардык эле басылмалар каалаганын жазып жатышат. Эгер бийлик кысымга алгысы келсе, кабарчыларды сот аркылуу же башка жолдор менен деле тизгиндемек.

Курмандыгы жок "куугунтуктар"
Медиа изилдөөлөргө таянсак, акыркы жылдары Кыргызстанда журналисттерге кол салуу фактылары катталган эмес. Бирок, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө бийлик же башка күчтөр тарабынан кысымдын ар кандай түрлөрү тымызын колдонулуп жатканы айтылып келет.
"Деньги и власть" гезитинин редактору Турат Акимов жакында эле президент кол койгон мыйзам журналисттерди чектеп койгонун айтат. Аталган мыйзам боюнча жалган маалымат тараткан журналисттер кылмыш жоопкерчилигине тартылат.
- "Бийлик тарабынан кысым болуп жатат" деп айтса болот. Анткени, эркин басылмалар бийликти сындаган курч саясый макалаларды жазгандан коркуп калды. Анткени, депутат Галина Скрипкина демилгелеген мыйзам бар. Эгер бийликке жакпай калса, ошол мыйзамга негиздеп туруп каматып салышы толук мүмкүн.
Кыргыз журналисттери сөз эркиндигин ашыкча пайдаланып, жоопкерчилик маселесин унутта калтырды. Мындай пикирин маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максүтов ортого салды.
- Кыргыз журналисттери өтө эле эркин. Мындай сөз эркиндиги керек болсо Европада да жок. Ошол эле учурда көп журналисттер жоопкерчилик дегенди билишпейт.
Буга чейин "Вечерний Бишкек" басылмасы "талашка түшкөн имаратынын артында президенттин кеңешчиси Фарид Ниязов турат" деп, бийликтин кысымына кабылганын жазып чыккан. Ошондой эле "Искра" гезитинин редактору Адилет Айтикеев депутат Өмүрбек Текебаевдин куугунтугунан улам чет өлкөгө чыгып кетүүгө мажбур болгонун жар салып, кийин бул маалыматты төгүндөгөн. Журналисттер айыптаган тараптар болсо "мунун баарын жалган жалаа"-деп жокко чыгарып келишет.
Уланбек Эгизбаев
"Азаттык"