ЖК депутаты Урмат Аманбаева:
"Салянованын өзүнүн кимдигин
ашкерелеп бергенге менде
маалыматтар жетиштүү"

- Баш прокурордун айыптоосуна сиз кандай комментарий бересиз?

- Мен Башкы прокурор Аида Салянованын мага карата Кылмыш кодексинин "Коррупция" беренесин колдонуп, кылмыш ишин козгогонун "негизсиз жана мыйзамсыз жалган жалаа" - деп эсептейм. Башкы прокурор мага жалган жалаа жаап эле тим болбостон, жок жерден күнөө коюп, мага карата Кылмыш кодексинин 303-беренесин колдонуу максатында, коюлган айыптын деңгээлин атайылап жогорулатып, Кыргыз Республикасынын Конституциясын да одоно бузду. Мага жалган жалаа жаап, кайдагы жок коррупциялык схеманы ойлоп таап, сызып, коомчулукка мени чыныгы кылмышкер, коррупционер катары көрсөттү. Ар намысыма, кадыр-баркыма шек келтирип, өзү Баш прокурор болуп туруп, Кыргыз Республикасынын Конституциясын одоно бузду. Анткени, Конституциянын 24-беренеси боюнча адамды "күнөөлүү" деп соттун чечиминен кийин гана айтууга болот.
Ал эми Аида Салянова мени соттун чечими жок эле жоромол, "кимдир бирөөлөр айтты" - деген каңшаар ушактын негизинде гана күнөөлүү кылып чыгарды. Башкы прокурор өзүнүн кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, менин үстүмөн тынбай текшертүү жүргүзүп жатып, мына ушундай айыптоону ойлоп тапты.
Салянова бул кылыгы үчүн жооп бериши зарыл. Кыргызстанда мындай өзүм билемдик болбошу керек. Мындай "өзүм билем, өтүгүмдү төргө илем" дегендердин арты жаман менен бүтөөрүн буга чейинки турмуш ачык далилдеген. Эң жаманы Саляновага окшогондор өткөндөн сабак албай жаткандыгы өкүнүчтүү.

- Сиз өз сөзүңүздө Башкы прокурордун сизге карата кылмыш козгоосу "мыйзамсыз" - деп айттыңыз. Анда, аны жокко чыгарар далилдериңиз барбы?

- Биринчиден, башкы эсепчи кызматы Кылмыш кодексинин "Коррупция" беренесин колдонуп кылмыш ишин козгогудай кандайдыр бир өзгөчөлөнгөн ыйгарым укуктарга ээ жогорку мамлекеттик же муниципалдык кызмат эмес. Башкы эсепчи эч кимди жумушка ала албайт, кетире албайт. Кайсыл жерден көрдүңүз эле башкы эсепчиде мына ушундай эбегейсиз ыйгарым укуктар болгонун. Экинчиден, Башкы прокуратуранын билдирүүсүндө кылмыш иши 2009-жылдан 2013-жылдар арасында жасалгандыгы жазылган. Иш жүзүндө мен 2010-жылдын октябрь айынан тарта аталган кызматты ээлеген эмесмин.

- Кечиресиз, анда Башкы прокуратура эмне үчүн "2009-жылдан 2013-жылдары" - деп айып тагууда?

- Өзүңүз ойлоп көрсөңүз, бул Кудайга да жакпайт. Салянованын айыптоосу боюнча мен Жогорку Кеңеште туруп алып, Бишкектен оозэки көрсөтмө берип турган имишмин. Бул чынында эле күлкү келээрлик иш десек болот.

- Башкы прокурор сизди "мына ушул 2009-жылдан 2013-жылдар аралыгында Ош шаарында эң ири коррупциялык топ түзүп, мамлекетке 17 миллион сом зыян келтирди", деп коомчулукка жар салды. Анын чындыгы канчалык?

- Бардыгы карандай калп! Мен жогоруда айткандай, Башкы прокуратура жокту "бар" - деп, жасабаганды "жасады" - деп ак жерден күнөөлөп жатпайбы. Анткени, мен иштеген оорукананын жылдык бюджети үч миллион сом. Эми мен алардын 17 миллион сомду кайдан таап чыкканын айтып берейин. Мага жеткен маалымат боюнча, алар 2009-жылдан 2013-жылга чейинки жылдык бюджеттин дары-дармекке кеткен суммасын беш жылга көбөйтүп, калган сандарды асмандан алып кошуп, менден ушундай сумманы "таап" чыгышкан. Анан "аны Урмат Аманбаева жеген", деп менин аброюма шек келтиришүүдө.

- Тергөө иши менен тааныштыңызбы?

- Эң кызыгы ушул жерде болуп жатпайбы. Мени бир дагы жолу тергөөгө чакырбай туруп, менин ошол коюлган айыптоолор боюнча оюмду укпай туруп, кимдир бирөөлөрдү коркутуп-үркүтүп "силер Аманбаевга карата каршы көрсөтмө бербесеңер, мен силерди каматам" деп мына ушундай жалааны токуп чыгышкан.

- Сөзүңүзгө аралжы, сиз атайын кайрылууңузда бул маселе боюнча бир нече курдай текшерүү болгондугун айтыпсыз. Ошого кененирээк токтоло кетесизби?

- Ооба, чындыгында менин иним Бакыт Аманбаев акыйкатчы болуп шайланып, Аида Салянованын мыйзамсыз токтомдорун сотко берип, райондук жана Бишкек шаардык соту аны жокко чыгарып, коомчулукка Салянованын компетентсиздигин ашкерелегенден тартып менин мурдагы ишмердүүлүгүм тынбай үстөккө босток текшериле баштады. Жарым жылдын ичинде он жолу текшерүүгө алынды. Анын ичинде Аида Салянова эки жолу ведомстволор аралык комиссия түзүп текшертти. Биринчи түзгөн комиссияны Талас облусттук прокуратурасынын тергөө бөлүмүнүн башчысы Майсанов Мирлан жетектеди. Алар бир нече ай бою текшеришти. Текшерүүдө эч кандай кылмыштуулуктун белгисин, мыйзам бузуу фактыларын таба албагандыгы үчүн бул тергөөчү топтун жетекчисин Аида Салянова мыйзамсыз иштен кетиргенин уктум. Андан соң Аида Салянова экинчи жолу тергөө тобун түзүп, аларга "У. Аманбаевага кылмыш ишин козгоочу фактыларды таба албасаңар, силер дагы кызматыңардан айрыласыңар, мени менен соттошуп утуп алган акыйкатчы эжеси үчүн менин алдымда чөгөлөшү керек" деп истерикага түшкөнүн мага маалымдашты.

- Башкы прокуратура мурда берген билдирүүсүн дагы толуктап, Сизге УКнын 171-беренеси боюнча кылмыш иш, Сиздин иниңиз акыйкатчы болуп шайлана электе эле, тактап айтканда 2013-жылы эле козголгондугун кошумча билдирди. Анын чындыгы канчалык?

- Башкы прокуратуранын мындай билдирүүсүнө таң калуунун кереги жок. Эми алар мурдагы билдирүүсүн улам-улам өзгөртүп турушат. Анткени, мага кылмыш иш козгоо тууралуу токтомун чыгарып алышып, эми далил таба албай эстери ооп, Салянова истерикага түшүп жаткан учур. Ал документтер боюнча далилдүү эч нерсе таптыра албай, коркутуп-үркүтүү менен гана оозеки алынган маалыматтарга таянып, мага мыйзамсыз айып койдуруп жаткан. Дагы бир жолу баса белгилеп кетейин, бул иш менин инимдин ишмердүүлүгүнө байланыштуу. Салянованын өз ишине компетенсиздиги буга чейин коомчулукка белгилүү болуп калган. Бул жеке керт башы үчүн жасаган иши акыры анын түбүнө жетет.

- Урмат айым, сиз Башкы прокурордун айыптоо токтому менен тааныштыңызбы.

- Мен анын токтомун кечээ гана колума алдым. Алардын токтому ойдон чыгарылып жазылган. Эч кандай далилдер жок. Болгону "Урмат Аманбаевага каршы көрсөтмө бербесеңер биз силерди камайбыз" деп, текшерүү учурунда Кургак учук борборунун медайымдарын, айрым кызматкерлерин коркутуу ыкмалары менен оозеки көрсөтмөлөрдү топтогон.

- Сөзүңүзгө аралжы, сизге козголгон кылмыш ишинин маңызы тууралуу айтып берсеңиз. Ал түгүл Сиздин коррупциялык схемаңызды алар коомчулукка жарыялап жатышпайбы.

- Бул схема менен алар "коомдук пикир түзөбүз" - деп жатышат. Өздөрү козгогон 303-беренени карагыла да, түзгөн схемасын көргүлө. Башкы бухгалтер менен медайымдарды ды жогорку мамлекеттик кызмат орун эсептеген Салянованын жоругу жолдо калсын. Бул схема жеткен укуктук сабатсыздыктын өзү эмей эмне? Аида Салянованын жалган жалаа токтому боюнча мен башкы эсепчи катары бир нече мамлекеттик жогорку ыйгарым укуктарга ээ болгон кызмат адамдарын топтоп алып, ири коррупциялык иш-чараларды жасаган имишмин. Адилеттик үчүн өзүңүз ойлоп көрүңүз. Оорукандагы дары кандай бөлүштүрүлөт. Ошонун процедурасын айтып берейин. Адегенде, башкы медайым бейтаптарга кандай дары-дармек керек экендигинин тизмесин түзөт. Ага өзү кол коёт. Андан соң ага бөлүм башчы кол коёт. Андан соң ошол дары-дармек боюча башкы дарыгердин орун басары кол коёт. Аны менен башкы дарыгерге барат. Башкы дарыгер кол коюп, тастыктаган соң, борбордук аптекага барып, тиешелүү жазылган дарылар алынат. Мына ушундай эле жол менен дары-дармектер чыгашаланат. Бир айда бир жолу, медайымдар өз бөлүмүндөгү чыгаша - киреше тууралуу отчётун бухгалтерияга тапшырышат.

(Уландысы 14-бетте)