Америка айтты:
"Россия менен өнөктөштүктүн тереңдеши - Кыргызстандагы демократияны колдоодо көйгөйлөрдү жаратат"
Редакциядан: Америка Кошмо Штаттарынын Кыргызстандагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Памела Спратлен интернет булактарына жарыяланган билдирүүсү чоң санаркоону, Кыргызстандын келечегине түкшүмөлдөрдү жаратпай койбойт. Элчи айымдын бул билдирүүсү анын жеке оюу эместигин, мындай билдирүүлөр Америка бийлигинин макулдугусуз жарыя болбостугун эске алсак, бүгүнкү кыргыз бийлигинин олдоксон иш аракеттери, орунсуз саясаты Кыргызстанды кай жакка сүйрөп бараткандыгын баамдоо кыйын эмес. Эл аралык дипломатияда "көп векторлуу мамиле" деген түшүнүк бар. Аны четке кагып, жалаң гана Оруссиянын добулбасын дүңкүлдөтө берүү, жалаң гана өз кызыкчылыктарын ашырууга далбас уруу бүгүнкү бийликтин башындагыларга эмес, биринчи иретте карапайым элге кедергисин тийгизерин түшүнгөнүбүз оң.
Бүгүнкү саныбызга элчи айымдын төмөндөгү билдирүүсүн жарыялайбыз.

Кыргызстандагы демократияны колдоого багытталган биздин иш аракеттерибизге көйгөй жараткан дагы бир маселе - бул Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы өнөктөштүктүн күч алышы болуп эсептелет. Мухиттей буркан-шаркан түшкөн ички жана тышкы маселелерди чечүүгө келгенде президент Алмазбек Атамбаев өзгөчө зарыл колдоонун анчалык көп эмес мүмкүнчүлүктөрүнүн ичинен Орусияны тандап алып, анын президенти Владимир Путин менен тыгыз өнөктөштүк мамилени түзүп отурат. Бул өнөктөштүк биздин иш-аракеттерге да өз таасирин тийгизүүдө. Анын натыйжасында эл аралык "Манас" аэропортундагы Кошмо Штаттардын транзиттик жүк ташуу борбору аскерий иш-аракеттерин токтотууга мажбур болду. Ал эми Орусия Бишкектин түбүндөгү Кант авиабазасын сактап калды.
Башка бир топ маселелер боюнча Кыргызстандын жаңы жетекчилиги Кошмо Штаттар менен кызматташууну колдоору шексиз. Бирок, көбүнчө биздин каражаттардын эсебинен ишке ашырылып жаткан, Орусия менен болгон мамилеге басым жасашууда. Ортодо бир суроо жоопсуз калууда-мына ушундай өнөктөштүктү тандап алган Кыргызстан өзүнүн демократиялык багытын кантип сактап калат? 2015-жылдын башында протекционисттик Бажы биримдигине кирүү боюнча президент Алмазбек Атамбаевдин кабыл алган чечими мына ушул көйгөйдү ачык көрсөтүүдө.
Кызмат адамдары, ишкер чөйрөнүн өкүлдөрү дагы ынтызар демилгелүүлүктөн ажырап калышкан. Бирок, алар мындан жакшы жол жок экендигин түшүнүшүп, ушул тандоого ишеним артып турушат. Грузия менен Украинадагы демократиялык өзгөрүүлөргө күчтүү колдоо көрсөткөн АКШ менен Европанын өрнөгү Кыргызстан Борбордук Азия ичинде "өзүнчө аракет жасоого тийиш" экендигин көрсөтүүдө. Ошол эле убакта, АКШнын Кыргызстанга көрсөткөн жардамы Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ичинде эң жогорку деңгээлде экендигин да унутпашыбыз керек.
Саясый жагынан гана эмес, Оруссиянын Кыргызстанга советтик мекемелердин өрнөгү аркылуу дагы маданий таасири күч. Көпчүлүк Кыргызстандыктар жаңылыктарды орус тилдүү булактардан алышат. Тактап айтканда, Украинадагы кризистен кийин Орусиялык пропаганда тарабынан жүргүзүлгөн кескин антиамерикалык басым жергиликтүү коомдук пикирдин Москванын жомокторуна ишенүүсүнө шарт түзүп берди. Жергиликтүү ММКлар эркин жана ар тараптуу болгону менен кесипкөйлүк ыкмаларды жакшы биле беришпейт. Ошондуктан алар күчтүү саясый лидерлердин таасирине бат алдырып коюшат. Кыргызстандын ачык коому - анын эң улуу жетишкендиктеринин бири экендиги талашсыз. Бирок, улуттук демократиянын өзөгү болуп калуу үчүн массалык маалымат каражаттары чечкиндүү кадамдарга баруусу зарыл.