Азимбек Бекназаров, коомдук ишмер:
"Текебаев "ар кайсы күчтөр Конституциянын маанисин кетирип жибериши мүмкүн" деди"

Азимбек Бекназаров менен Конституциянын кем-карчын толуктоо зарылдыгы жана парламенттин жоопкерчиликтен качканы, кол жоолукка айланган министрлик кызматтар тууралуу сүйлөштүк.

- Азимбек мырза, бүгүн Конституция өзгөрүүгө аргасыз экени айтылууда. Бирок, кем-карчын толуктаганга Текебаев макул болобу?

- Албетте, Конституция өзгөрүүгө аргасыз. Анткени, 2010-жылкы Конституциянын бири-бирине каршы жери көп. Ошондуктан, эртеби-кечпи баары бир өзгөрүүгө аргасыз болот. Себеби, 2010-жылы түштүк коогалаңы болуп, мамлекет укуктук талаага келүүсүнө шарт түзсүн деген максатта эмоциялык негизде кабыл алынып, бир топ баш аламандыктарга жол берилип калган. Азыр ал жеринде, бул жеринде калпыс-тыкка жол берилди дегенибиз менен ошол кезде Конституцияны кабыл алдыруу зарыл болчу. Эми референдум өткөрүп, комиссия түзүп, Конституциянын өзөгүн алып калып, кемчиликтерин жо-юп, калпыстыкка жол берилген жерлерин оңдо десем, Текебаев "ар кайсы күчтөр ар нерсени киргизип, Конституциянын маанисин кетирип жибериши мүмкүн" деп чоочулап жатканын айтып, кереги жок дегендей кылды. Бирок, биз бир нерсени туура билишибиз керек. Конституцияны өзгөртүү мезгилдин талабы экенин эске алып, Текебаев макулдугун береби же бербейби деп отурбай, ал 120 депутаттын бирөөсү экенин түшүнүшүбүз керек. Болбосо, Конституциянын жана түштүк коогалаңынан кийин ураалап эмоция менен шайланып калган парламенттин кесепети да элге тийип жатат. Мына ушундай нерселерге бөгөт коёлу деген таризде президентке "парламентти таркатып, башка шайлоо жарыяла" деп бир канча ирет басма сөз каражаттары аркылуу айттым. Ага президент маани бербей койду. Бирок, анын кесепетин парламент эмес, жакында өзү тартат. Себеби, парламенттик башкаруу дегени менен парламент көшөгөнүн артына жашынып, көп маселе президент кийлигишип, чече турган абалга жеткирип, өздөрү жоопкерчиликтен качып жатат.

- Эгер президент айрым маселени өзү чечүүгө аргасыз болсо, анда эмнеге кылмыш иши козголгон адамдын министр болушуна макулдук берди?

- Жогоруда айткандай Парламент жоопкерчиликтен качып, Атамбаевди эле күнөөлөгөндү адатка айлантып алды. Чынында мындай маселелерге Атамбаевди эмес, парламентти күнөөлөшүбүз керек. Анткени, Энергетика министринин отчётун уга тургандар да, аны кызматка беките турган да, керек болсо отставкага кетирүү да президенттин эмес, парламенттин иши. Ага болбой эле Парламент жүзүн сактап калайын деп көшөгөнүн артына жашынып, президентти так ушунда чечимдерди кабыл алуусуна аргасыз кылып жатышат. Отунбаеванын мезгилинде парламент өзүнүн ордун билчү. Атамбаев келгенден бери акырындык менен Акаев менен Бакиевдин заманындай авторитардык заман орноп, баарын "президент чечет", "Президент шайласын, өзү уруксат берсин" деген менен гана чектелип калдык. "Конституция боюнча ал маселени сиз эмес, биз шайлайбыз, биз отчётун угабыз" деген бир да депутат жок. Депутаттар канчалык жүзүн "сактап калабыз, болгон дооматтын баарын бийликке оодара салабыз" дешкени менен булардын да эсебин берчү кыш деген катуу оппозиция келе жатат. Эгерде бийлик Кыргызстандын элин кыштан аман-эсен чыгарбай турган болсо, Турганбаевдин оппозицияга каршы аракетине карабай азыркы бийликтин башын жеп, парламенттин таш-талканын чыгарат.

- Кол жоолуктай алмашкан министрлердин алмашуусунан маселе чечилеби?

- Андан маселе чечилбейт. Анткени, бул парламент жоопкерчиликтен качып, өзү менен өзү күрөштү. 5 жылдын ичинде мамлекеттин улуттук маселеси боюнча бири-бири менен жаман айтышып, парламентте тытышкан жок. Булар өздөрү менен проблемасынын алкагында гана урушушту. Маселен, "Ата Мекенди" жаман көргөндөр "мародёр" деген комиссия түзүштү. Келдибековду кызматтан кетиргиси келгендер жана Батукаевдин ишин иликтегиси келгендер да парламенттик комиссия түзүштү. Кыскасы, партиялык деңгээлде иштеп, бири-бирин чукугандан өйдө боло алышкан жок. Ошон үчүн ыркы кетип, 5-6га бөлүнүп калды. Биз эгерде люстрацияны, парламенттик шайлоо аркылуу кылып тез-тез шайлоо өткөрүп, саясатчыларды электен өткөрүп, мыктысын калтырып, начарын кетирмекпиз.

- Президент бейбаштык беренелери менен кылмыш иши козголгон саясатчылардын шайлоого катышуу укугун чектебөө зарылдыгы тууралуу айтты. Демек, Ташиев, Жапаров, Мамытовдор кийинки шайлоого катышуу укугуна ээ болдубу?

- Эгер алар бейбаштык беренеси менен соттолсо, шайлоо-го катышууга укугу бар деп айтат элем. Алардын кылган иши бейбаштык беренесине дал келсе да, тилекке каршы, өзгөчө оор кылмыш кылып, мамлекетти күч менен тартып алуу деген берене менен соттолду.
Эгер Атамбаев алардын шайлоого барышына шарт түзгүсү келип жатса, анда кайра оңдоп соттосун. "Бекназаров туура айткан экен, Салянова туура эмес кылыптыр" деп бейбаштык беренесине аларга козголгон кылмыш ишин туураласын. Ошондой эле аларды актаган сотторду куугунтукка алганын токтотуп, иш менен камсыз кылсын. Жана аларды колдоп чыккан баатыр энелерди шылдыңдагандар жана Ташиевдин колдоочуларына кылмыш ишин козгогон прокурорлор жоопко тартылсын. Президент "ушундай нерселерге жол берген баланча жооп берсин" деп айтсын.

- Коомчулукта Ташиев менен Бабановдун түзгөн тандеми тууралуу түрдүү пикирлер айтылып жатат. Сиздин баамыңызда кимиси биринчи биригүүгө кадам таштады?

- Мен экөөн тең жакшы билем. Экөө тең менин сыйлаган үкөлөрүм. Орто курактан өткөн саясатчылар. Ошон үчүн "тигиниси же мунусу биринчи кадам таштады" деп айталбайм. Экөөнүн биригишине алдыдагы шайлоо негиз болду окшойт. 5-6га бөлүнүп кеткен партияларын жандантып, шайлоодо чоң күч болууну колго алышса керек. Негизи булардын арасына катарына Мадумаровдун да кошулуусун каалайт элем. Анткени, биригүү улутту ойлогон саясатчылардын иши. Ошону түшүнүп, мындан ары майдаланбай парламенттеги беш партия биригип, Өкмөттү да курашканын эске алып, парламентке келбей калган партиялар альтернатива болуп, шайлоого аттанса, быжыраган көп партия эмес, эки ба-раандуу партия ат салышып, кадимки атаандаштык жаралмак. А бизде болсо, бийликтегилер бийлигин эч кимге ыраа көрбөй, Атамбаевдин жандоочу партияларын түзүп, алар жер-жерлерде кызуу иштеп, "президентти таптакыр сындабашыбыз керек" деп жатышыптыр.

- Осмонбек Артыкбаев кандай иштеди? Бүгүн анын катачылыгын санап, "кылмыш иши козголсун" дегендер четтен чыгат го?

- Негизи Артыкбаев жакшы иштеди. Болгон аракетин жумшады. Бирок, ал жактагы тамырлап кеткен коррупциялык схеманы түп-тамырынан бери жоготконго, мизин кайтарууга күчү жеткен жок. Атамбаев деле бир убакта "энергетикада Ширшовдун схемасы иштеп жатат" деп айтканы бар. Негизи энергетика тармагындагы проблемаларды түп тамырынан бери чечпесек, "жамгыр, каар жаабай койду" деп аба ырайына шылтаган менен маселе чечилбейт.

(Уландысы 13-бетте)