Жаназа

Өткөн жуманын 26-сентябрында атамбаевдик бийлик шашылыш түрдө өз жаназасын өзү окуду. Жаназа окуу Ош шаарында болуп өттү. "Мамлекеттик башкаруунун жаңы концепциясын" иштеп чыгышкан Жогорку Кеңештин депутаттары, Улуттук оппозициялык кыймылдын лидерлери Равшан Жээнбеков менен Өмүрбек Абдырахмановдун дарегине милиция кызматкерлеринин коштоосунда жүргөн ОБОНчу аялдар менен жигиттер ачуу сөздөрдү агытышып, Ош областынын жаштары менен белгиленген талкууну өткөртпөй, жумуртка менен урушкан.

"Отузга жакын ОБОН аялдар жана жигиттер бизди Өнүгүүнүн жаңы стратегиясын Ош жаштары менен талкуулап жаткан жерибизден ар кандай жаман сөздөрдү айтып, жумуртка менен уруп, жыйынды үзгүлтүккө учуратышты. Жаман жери - милиция кызматкерлери аларды ташып жүрөт.
Ал жерден кетип, башка ашканага барсак, ал аялдар жана жаш спортивный жигиттер ошол жерге келип, чай дагы ичирбей, дагы артыбыздан кууп жүрүшөт.
Милициянын Ош облустук башчысы Сүйүн Өмүрзаковго телефон чалып, бизди куугунтукка алган аялдарга жана бейбаштык кылып жаткан жаш жигиттерге чара көрүүсүн сурандым"-деп билдирди депутат Равшан Жээнбеков"-деп 26-сентябрда саат 18:07де "kyrgystoday.kg" маалымат агенттиги жазып чыкты.
"Биз Оштогу жаштардын "Жетиген" кыймылы облустун 7 районунун жаштарынан түзүлгөнбүз жана КР Жогорку Кеңешинин депутаттары Исмаил Исаков, Өмүрбек Абдырахманов жана Равшан Жээнбековду алар жаңы эле иштеп чыккан Кыргызстандын өнүгүү стратегиясын талкуулоо үчүн чакырганбыз. Жыйын тегерек стол формасында өтмөк. Алгач макулдашылган китепкананын залын бийлик бут тосуп, акыркы моментте бербей коюшту. Анан "Аристократ" ресторанынын залын ижарага алып, эми жаңы эле баштаганда бийликтин ОБОНчулары менен спортсмендери келишип, жаңжал чыгарышып, жыйынды бузушту. Башка кафеге барсак артыбыздан ээрчип алышып, ал жерде да ызы-чуу салышты. Мындай бетпактык Бакиевдин учурунда да болгон эмес. Биз митинг өткөрө албасак, жадагалса бир чакан залда тегерек үстөл да өткөрө албайбызбы? Анык эле Кокон хандыгы эми орноду го" - деп ачуусун төгүптүр ошол эле "Кыргызстан бүгүн" маалымат агенттигине Ош облустук "Жетиген" жаштар кыймылынын тең төрагасы Айбек Таалайбек уулу.
Ошондон жана башка көкөйгө көк таштай тийген көрүнүштөрдөн улам маалымат агенттиги да агынан жарылып "Кыргызстандагы эл шайлаган эң жогорку бийликтин - КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын милиция жыйынга катыштырбай кууп жүргөнү мурда болуп көрбөгөн наадандык. ...Кыскасы, Кыргызстанда мамлекеттик башкаруу толук талкаланып, анархия орноду. Муну көкүрөгү сокур, орто кылымдын идеологияларынан жогору көтөрүлө албаган байкуштар гана көрбөй жатышат. Ал эми бийлик өз креслосун сактап калуудан башка эч нерсени ойлобой калды. Бийлигин сактап калуу үчүн булар бардыгына даяр" - деп жазып чыкты. Бул жазылгандар менен макул болбой коюу мүмкүн эмес.
Чектен чыккан мындай окуя 2009-жылдын, жаңылбасам, август айында, Бакиев бийлигинин толуп-ташып турган учурунда Түп айылында да болгон. Ө.Текебаев, А.Бекназаров, Болот Шер, Д.Садырбаев баштаган оппозиция лидерлерине түптүк ОБОНчулар жумуртка ыргытышып, белгиленген митингди өткөртүшпөй, Түп айылынан сүрүп чыгарышып, Балбай баатыр жаткан мүрзөгө чейин кууп келишкен. Ыраматылык Дооронбек Садырбаев көзүнөн жашын куюлтуп, арбактарга ыроолоп куран окуп, Бакиевдердин, Бакиев бийлигинин жаназасын кошо окуган. Арадан жарым жыл өтүп-өтпөй урагыстай болуп сезилген Бакиев бийлиги талкаланып, сайда саны, кумда изи калбаган Бакиевдер бүгүн дүйнөнүн көрүнгөн жеринде тентип жүрүшөт.
Түп окуясына Алмазбек Атамбаев оорусунан улам катыша албай калгандыгы айтылган.
Ошол эле жылдын 3-декабрында оппозиционер А. Атамбаев "Учур" гезитинин башкы редактору Асланбек Сартбаев-ге интервью берип, мындай деп айтканы бар:
"А бизде кандай болуп атканын айтпасак да билесиңер. Ошондуктан эл намыстуу болсо, курчтугунан жанбаса, өздөрүнүн укугун коргой алышат. Кээ бир "үйдө баатыр, жоодо жок" "акылмандар" үйүндө жатып алып, "Текебаев же Атамбаев укугубузду коргойт" - дешсе, бул туура эмес багыт. Тескерисинче, эл адилеттикке, калыс жашоого үндөгөн саясатчыны колдобосо, анда саясатчы көчөдө калат" .
"Бирок, бүгүнкү бийлик ушул жолу менен кете берсе, баары бир эл ичинде чоң жарылуу болот".
"Менимче, элибизге болбой эле башка турмуш керек. Мындай жашоого чыдабайт. Мухаммед пайгамбарыбыз айткан турбайбы "ар бир бийлик элине жараша болот"- деп. Бирок, бул күндөр да өтөт. Бийлик эмне кылса да элибиз чыдап келатат, а чыдоонун да чеги болот да".
Ал эми Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 34-беренесинде мындай деп жазылган:
"1. Ар ким тынч чогулуш өткөрүүгө укуктуу. Эч ким чогулушка катышууга мажбурланууга тийиш эмес.
2. Тынч чогулуш өткөрүүнү камсыздоо максатында ар ким бийлик органдарына билдирме берүүгө укуктуу.
Тынч чогулуш өткөрүү жөнүндө билдирүүнүн жоктугуна, билдирүүнүн түрү, мазмуну менен берүү убактысынын сакталбагандыгына байланыштуу тынч чогулуш өткөрүүгө тыюу салууга жана чектөөгө, ошондой эле аны тийиштүү түрдө камсыздоодон баш тартууга жол берилбейт.
3. Тынч чогулуштарды уюштуруучулар жана катышуучулар тынч чогулуш өткөрүү жөнүндө билдирүүнүн жоктугу, билдирүүнүн түрү, мазмуну жана берилген мөөнөтү сакталбагандыгы үчүн жоопкерчилик тартышпайт".
Мен оштук ОБОНчулар менен түптүк ОБОНчулар б. а. А. Атамбаев менен К. Бакиевдин бийлигинин учурундагы окшоштуктарды бекеринен салыштырып, 2009-жылдын 3-декабрында "Учур" газетасына берген А. Атамбаевдин жакында эле "Азия Ньюс" газетасы кайра басып чыгарган маегинен үзүндүлөрдү бекеринен келтирген жокмун.
А. Атамбаевдин ошондогу сөздөрү менен бүгүнкү жасап жаткан иштери бири-бирине шайкеш келеби? А. Атамбаев биринчи ирээтте эл башы катары өзү кабыл алдырууга катышкан Конституцияны сыйлайбы? Анын талаптарын өзү аткарууга жана жан-жөкөрлөрүнө аткартууга дарамети жетеби?
Ушул суроону берип жатып, дагы бир күдүк ойго чалынбай койбойт экенсиң: "Башкы мыйзамды сыйлаган президент мындай чеки, адилетсиз, адамдын ар намысына, Жогорку Кеңештин депутаттарынын депутаттык кол тийбестигине шек келтирген, аны тебелеп-тепсеген одоно жоруктарды жасоого жол бербейт эле го".
Суроолор көп... Тилекке каршы, Кыргызстанда бүгүнкү болуп жаткан окуялардан улам президент А. Атамбаевдин пайдасына чечилчү жооптор күн өткөн сайын жок болуп баратат.
Эч болбосо, А. Атамбаевдин өлкө башчысы катары өз аброюн сактап калуу үчүн болсо дагы оштук ОБОНчуларды бейбаштыгы үчүн, оштук тиешелүү жетекчилерди бейбаштыкты уюштургандыгы үчүн жоопко тартууга күчү жетээр бекен? Же "жаман көргөндүн бөркү казанбактай" болуп, "оппозиционер депутаттар эмне болсо ошо болсун, маа десе өлүп кетишсин" - деп кол шилтеп коебу?
Кандай болгон күндө дагы, Жогорку Кеңештин депутаттарына кол салуу менен атамбаевдик бийлик өз жаназасын өзү окуп койду.
Алдыда карапайым калктын катыгын карматчу отун-суусу, бензини, жем-чөбү, азык-түлүгү тартыш күз-кыш мезгили. Жазга көтөрүм болсок да аман жетээр бекенбиз?
Эркин Болотов,
эркин журналист