Мамат Айбалаев, экс-губернатор:
"Тажиктер миномёт менен атып, биз менен
согушканга күчү жетеби деп сынап жатышат"

Э кс-губернатор Мамат Айбалаев менен кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалды болтурбоонун жолдору тууралуу баарлаштык.

- Мамат мырза, барган сайын Тажикстан менен Кыргызстандын чек арасындагы жаңжал курчуп, ок чыгарып, адам өмүрүн алуу менен коштолуп жатат. Муну болтурбоонун жолу барбы?

- Мунун эң негизги себеби, чек ара маселесин чечип, абалды жолго салуунун жолун издебегенибиз. Ошондой эле чек ара саясатын туура эмес жүргүзгөнүбүз себеп болууда. Эгер саясатыбыздын багытын өзгөртпөсөк, пикир келишпеген кырдаал курчуп отуруп, согуш менен аяктап калышы мүмкүн. Ошондуктан, эрте күндү кеч кылбай, айткан акылды угуп, туура чечим чыгарышыбыз керек.

- Өкмөттүк комиссия деле бир канча убакыттан бери сүйлөшүү жүргүзүп жатышат. Эмнеге андан майнап чыкпай жатат?

- Убакытты созуп, канча каражатты коротуп, сүйлөшүү жүргүзгөнү менен, ишинен майнап чыкпайт. Анткени, делимитация, деморкация маселеси вице-премьерлер эмес, президенттик деңгээлде чечилиши керек. Президенттер кийлигишип, чек араны аныктоого кызыктар болбосо, вицелерди жөнөткөн менен ал маселеден жарытылуу деле жыйынтык чыкпайт. Тескерисинче, ушундай чырдан башыбыз өйдө боло албай калабыз.

- Кырдаалды курчутпай чечүүнүн кандай жолун сунуштайсыз?

- Тажиктер менен сүйлөшүп, чыр чыгып, элди дүрбөлөңгө салып жаткан айылдар менен тажиктер менен чектеш жашаган айылдарды сүйлөшүү жолу аркылуу алмашыш керек. Айтайын дегеним, Өзбекстандын Сох анклавында бир айыл өзбекстандык тажиктер Чарбак, Согвент, Газ деген кыргыз айылдары менен чектешип жашайт. 300 түтүндүү чарбак айылын тажиктердин айылы менен алмаштырып, керек болсо, көчүргөнгө жардам берели десек, бир топ оор маселелер чечилип калмак. Бирок, кырдаалды жөнгө салчу акылымды кайталап айтканым менен, аны колдонгон жан жок. Эгер президент баш болуп чек ара маселесин чечүүгө кызыктар болсо, заматта чечип койсо болот. Эгер бийлик чек арадагы маселени жеринде чечип, деморкация, делимитация жасап, чек араны тактабаса, Фергана өрөөнүндө тажик, өзбектер менен чыр жараткан чоң маселе жаралышы мүмкүн. Ошондуктан, президент чек ара маселесине мамилесин өзгөртүп, делимитация, деморкацияга өзү да кызыктар болушу керек.

- Барактыктардын жерин сатып кете бергени туура болдубу?

- Туура эмес болду. Бирок, улам чыккан чырдан, эки элдин тирешинен айласы кетип, кыйналган карапайым эл ушундай кадамга барышты окшойт.

- Кыргыз-Тажик чек арасындагы пикир келишпеген жагдайга бир жылдагы картанын жоктугу себеп болуп жаткан жокпу?

- Андай да себеби бар. Бирок, сен кыйратып кел. Биз бул жакта эле отурабыз деген сая-саттан качып, жапа тырмак киришип, чек ара маселесин чечпесек, жогоруда айткандай пикир келишпеген жагдай эч нерсе эмес, согуш чыга турган абалга жетип калабыз. Ошондуктан президент, премьер-министр, спикер, парламент да кызыктар болуп, чек ара маселесин оң жагына чечүүнүн жолун табышы керек. Болбосо, сүйлөшүүдөн майнап деле чыкпайт. Бирде макул деп, кийинкисинде жок деп түрдүү оюндарды жасап, убара кыла беришет.

- Тажиктер эмне үчүн бир эмес, экинчи жолу миномётту колдонду?

- Анткени, алар кыргыздар биз миномёт менен атсак, эмне менен жооп берет экен деп, ошондой ыкманы колдонуп жатышат. Алар мындай ыкмасы менен Кыргызстандын согушка даярдыгы барбы? Биз менен согушууга күчү жетеби деп сынап жатышат. Көп нерсеге даяр турбасак, Украина менен орустардан да жаман болобуз. Ошон үчүн кандай кырдаал болсо да, сак болушубуз керек.





Эдил Байсалов, коомдук ишмер:
"Эгемендүүлүгүбүзгө аялдардын салымы чоң..."
- Эдил мырза, 31-августтун эсебинен эс алуунун 5-сентябрга жылдырылганын кандай кабыл алдыңыз?

- Биринчиден, мен Өкмөттүн чечимине нааразымын. Эмнеге алар элден алыс болуп, көз карандысыздыгыбызды төмөн баалап, 31-августтагы эс алуу күнүн 5-сентябрга жылдырышы керек. Анткени, 22 жылдан бери жалпы элибиз майрамдап, бул майрам каныбызга сиңип, элибиздин аң -сезимине маанилүү майрамдай таасир калтырып калган. Ошондуктан, бийликтегилердин бул жоругун түшүнө албай отурам. Же бийликтегилер мамлекетибиздин көз карандысыздыгын майрамдагандан уялып жатышабы? Же алар көз карандысыздыктын түпкү маанисин түшүнүшпөйбү? Элди акырындык менен эгемендүү мамлекеттен айрылтып, кимдир бирөөгө кошуп беришкени жатабы? Айтор, мамлекетибиз үчүн эң маанилүү күндү майрамдагандын ордуна, ал күндөгү эс алууну 5 -сентябрга жылдырып койгондору кандай? Бул майрамды ким кандай кабылбасын, мен Кыргызстан үчүн улуу, чоң майрамдай кабылдайм. Элимди чын жүрөктөн эгемендик, көз карандысыздык казактарча айтканда төбөлсүздүк күнү менен куттуктайм. Жараткан бизди эркиндигибизден, көз карандысыздыгыбыздан ажыратпасын. Дайым 31-августта элибиз жаркын маанай менен көз карандысыздыгыбызды белгилешине тилектешмин.

- Кээ бирөөлөр турмуш шартыбыз оңолушу үчүн эркиндигибизге көз жумуп, Россияга кошулууну туура көрүшөт. Буга не дейсиз?

- Мен табиятымдан бирөөгө таянып, анын жардамы менен турмушумду калыпка салганды эмес, өз алдымча жашап, каалаган нерсемди жасаганды жогору көрөм. Ошондуктан, бирөөнүн акырынан тамак жеп, курсактын тойгонуна, кийимдин бүтүнүнө топук кылып, эмне деген мээнетти талап кылган көз карандысыздыктан айрылууну каалабайм. Эгер биз курсактын тойгонуна, кийимдин бүтүнүнө, жылуу жерде жашаганыбызга ыраазы болсок, анда кулдан айырмабыз болбой калат го. Ошондуктан, акчадан жана байлыктан жогору турган эркиндигибиздин баркын баасын сезип, теңдеши жок мекенибизди сүйөлү. Кара курсактын айынан эгемендүүлүгүбүзгө шек келтирбейли. Кимдир бирөөлөрдүн алдына өзүбүздү өзүбүз тушап бербейли. Патриотторубуз мамлекеттин эркиндиги үчүн өздөрүн тобокелдикке салышканын эсибизден чыгарбайлы. 1989-жылы Ракыя Жусупова жана башка ага-эжелерибиз кыргыз тилин жана кыргыздардын таламын талашып, улутубуздун келечеги үчүн орустардан коркпой, тартынбай маселени кабыргасынан коюшкан. Ошондуктан, эркиндигибизди эч нерсеге алмашпайлы.

(Уландысы 12-бетте)