Жусупжан Жээнбеков, Жалал-Абад облусундагы
өкмөттүн экс-ыйгарым укуктуу өкүлү:
"Мен турганда "Ата Мекен" шайлоодо
Жалал-Абаддан добуш алалбайт "

- Жусупжан агай, Жантөрө Сатыбалдиев менен бирге иштешкендерди чекесинен кызматынан алуу саясаты башталды. Эмнеге өз көңүлүңүз менен губернаторлук кызматтан бир ай четтеп туруу чечимин кабыл алдыңыз?

- Чынын айтсам Текебаев аныгын билбей таккан ярлыктардан арылуу үчүн, ишимден шек санап аткандар текшерип, аныгын билсин деген максатта бир ай кызматтан четтеп туруу чечимин кабыл алдым. Азыр ревизорлорго жардам берип, сураган документтерин таап берип жатам. Антпесем ак жерибизден күйгүзүп, бир жактуу каралаганга өтүп алышты. Өкүнүчтүүсү, адамдар өлүп, бир үйдөн экинчи үйгө кире албай турган маалда басып келип койбогондор азыр тың сынып, сындап, ал түгүл коррупционер деп атап, жок жерден жалаа жаап жатышат. Чынында мен бирөөдөн беш сом акча алып көргөн жан эмесмин. Каралоонун, доомат коюунун да чеги болот да. Текебаев "Ош-Жалал- Абадды калыбына келтирүү мамлекеттик дирекциясынын ишин өзү өндүрүштө иштебегени үчүн сындап, 12 адамдын тизмесин тизип, кызматынан четтетилип, жазалансын" деп жатат. Макул жетекчилик кызматта тургандарды айыптасын. Бирок, аткаруучуларда эмне күнөө. Текебаев айткан нерсе эле орундалып, ал ишеним арткан кишилер эле иштегидей Кыргызстанды Текебаев башкарып калды беле? Мен да анын кайсыл жерден, кандай катачылык кетиргенин, эмне үчүн мени кызматтан четтесин деп жатканын жана партиясынын ишин илгерилетиш үчүн кимдин аркасынан чуркап жүргөнүнөн бери жакшы билем. Текебаевдин колкосуна сөөк болуп тыгылганым үчүн, ал ушундай кадамга барып жатат. Анткени, мен турганда "Ата Мекен" шайлоодо Жалал-Абаддан добуш алалбайт. Ошон үчүн эрте жарыкта мени кызматтан четтетип, жалаа жабуу менен алек болуп жатышат.

-Эми кызматтан биротоло четтеп калбайсызбы?

- "Казанчынын өз эрки кайдан кулак чыгарса" дейт. Мен үчүн кызматтан четтеп калуу трагедия эмес. Мындан оор күндөр башыма түшүп, баламды жоготкон мезгилде дагы трибунадан мындай нерсени душманым эмес, жыланга да каалабайм деп 8 жыл мурун саясаттан кеткем. Ошондуктан кызматка келүү, кетүү мага орчундуу деле маселе эмес. Эгер ишимде калпыстыкка, жаңылыштыкка жол берген болсом, жооп берүүгө даярмын. Эгер ишибизден кынтык таап, эптеп элге жаман көрсөтүү аракети башталса, өзүмдүн ар-намысымды сактап калуу үчүн мага каршы уюшулган карапиарларга каршы туруу үчүн саясатка аралашам. Менин оппоненттеримдин да абийирин ачып. Алардын да катачылыктарын элге жарыялайм. Анткени, алардын айткан коррупционер деген дооматы далилдене электе эле, бизди "ууру, коррупционер" деп атады. Биз да абийир алдында таза иштейли деп баш отубуз менен күнү-түнү иштедик. "Уурдап алуу, акчаны туура эмес пайдалануу жана каражатты чөнтөгүнө салып алды" деген факты жок. Канчалаган текшерүү келип, баары коррупциялык аракеттер болбогонун айтты. Текебаев эле жаман атты кылуу менен алек болуп, бизди жазалаткысы келип жатат.

- Премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин кабыл алуусун күтүп жатам дедиңиз эле. Ал киши не деди?

- Жоомарт Оторбаев менен иш бөлмөсүндө эмес, Токтогулдан жолуккам. Текебаев парламенттик комиссиянын чечиминин негизинде мени иштен четтесин дегенин айтты. Эмне үчүн арыз жазып беришим керек экен десем, "алар мени шайлаган" деди. Сизди алар шайласа, мени башка адам дайындаган дедим. Кийин кабыл алуусунда болоюн деп иштин чын-бышыгын аныктап алайын дегенимде Жоомарт Кайыпович кабыл албай, вицелер кабыл алды. Алардын бири да мага каршы пикирин айтпай, жакшы иштеп жатканыма токтолушту.




Токон Мамытов, "Кыргыз алтын" ишканасынын жетекчиси:

"Сүйлөшүү үч багытта жүрүп жатат"


"
Кыргыз алтын" ишканасынын жетекчиси Токон Мамытов менен Канадалыктар менен бирдикте "Кумтөр" ишканасын куруу боюнча башталган сүйлөшүүлөр жана анын багыттары тууралуу сүйлөштүк.


- Токон мырза, канадалыктар "Кумтөр" боюнча биргелешкен ишкананы куруу маселесинде алар Кыргызстанга келүүдөн эмне үчүн чоочулап жатышканын айттыбы?

- Канадалыктардын Кыргызстанга келгенден кооптонуп жатышканын Дилгир Жапаровдун камакка алынганына байланыштырышып, "биздин коопсуздугубуз сакталбаса кантебиз" деп жатышат. Бул биринчи себеби. Экинчи себеби 28-июлда Торонтодогу директорлор кеңешинин отурумунда Кыргызстанга барууга уруксат беришкен жок деп айтышты.

- Сүйлөшүүлөр кандай багытта өтүп жатат?

- Негизи июлдан баштап сүйлөшүүлөр эксперттердин деңгээлинде башталган. Канадалыктар өздөрүнүн долбоор-лорун алдын ала түзүлгөн варианттарын бизге берип жибериптир. Биз да өз сунуштарыбызды бердик. Мурдагыга караганда акыркы үч күндө сүйлөшүүлөр ылдамдап, ал үч багытта ишке ашып жатат. Биринчиси, эксперттер аркылуу, экинчиси, телефон аркылуу, үчүнчүсү, теле конференция өткөрүп жатабыз. Кудайга шүгүр, чечилбеген татаал маселелер болсо да, азырынча 30-40 пайыз ишти сүйлөштүк. Бирок, чечилбеген маселелер дагы эле бар.

- Сүйлөшүү парламент макулдугун берген меморандумдун алкагында болуп жатабы же?

- Канадалыктардын ал меморандумдан алыс кеткиси келгенине карабай, биз парламент жактырып, кабыл алган меморандумдун алкагында сүйлөшүүлөрдү жүргүзөлү, меморандумдун негизинде гана иш кылышыбыз керек деп канадалык кесиптештерди ынандырып, парламент кабыл алган меморандумдан биз да, силер да чыкканга акыңар жок деп эскерттик.

- Токон мырза, "Кыргыз алтын" ишканасын банкротко учуратуу үчүн сизди ошол кызматка түрткөнү тар чөйрөдө айтылып жүрөт. Сиз кимдир бирөөнүн буйругун аткарып жатасызбы же "Кыргыз алтынды" саздан чыгаруунун аракетин көрүп жатасызбы?

-Жасалып жаткан акыркы жумуштарымдын жыйынтыгын көрсөңөр эле мени бул кызматка банкрот кылганы жөнөткөнүн же саздан чыгар деген тапшырма бергенин билесиңер. Айтайын дегеним, "Кыргыз алтынды" мага че-йинкилер 2008-жылдан 2014-жылга чейин банкрот абалына алып келишкен. Азыр ишти илгерилетип, кыйын кырдаалдан чыгаруунун жолун издеп жатабыз. Айтайын дегеним, бул тармакка менеджментти жана жаңы башкаруу системасын киргизип, кыскартып, уурулардын жолун тороп ошондой эле мурда катып, жашырып кеткен аудиторлордун материалдарын алып, укук коргоо органдарына бердик. Мындан тышкары буга чейин ыңгайсыз которулган каражаттардын эсебинен кызматкерлерге айлык төлөп жатабыз. Айтор, бул тармакты көтөргөнгө болгон аракетимди жумшап жатам. Ошондуктан, бийлик "Кыргыз алтынды" банкрот кылууга кызыктар деген сөзгө макул эмесмин. Мени ушул кызматка даярдап жатканда дагы мүмкүнчүлүгүңүздүн жетишинче иштеп бериңиз деп суранышкан. Эгер мен "Кыргыз алтындын" ишин илгерилетпей, банкротко учурата турган болсом, саздан чыгаруунун жолун издебей эле, бул тармак талкаланып калыптыр деп кетип калмакмын. Менин жана мага ишеним арткан адамдардын аракетинин баары "Кыргыз алтынды" көтөрүү. Саздан чыгаруу.