Уран Ботобеков:
"Жолдун башы айры болсо - иттин башы каңгы болот"

Саясый илимдердин кандидаты, УОК-тун мүчөсү Уран Ботобеков менен коомдо кызыгуу жараткан айрым маселелер боюнча маектештик.

- Уран мырза, партиялашыңыз "Улуттар Биримдиги" партиясынын лидери Мелис Мырзакматов азыр саясатта мурдагыдай кара шердей таасир калтыра албай калды го?

- Менимче, ар бир саясатчы коомдук турмушта жасаган ишине, алдыга таштаган кадамына өзү жооп бериши керек. Мен билгенден Мелис Мырзакматов өзүнүн ден соолугун карап, чоң жарышка аттанууга камынып жатат. Партиялык иштер менен да шугулданууда. Кээде ал бизнес иштери менен Кытайда, Россияда жүрсө, кээде партиялык иштер менен өлкө ичинде болуп жатканын билем. Саясый лидерлер менен кийинки парламенттик шайлоого карата активдүү консультациялар жүрүүдө. Американын атактуу президенти Теодор Рузвельт айткандай, "саясатта кээде бир проблеманы айтып, эл алдында жарылгың келип турса да, тилди тишке катып, пауза кармоого туура келет. Себеби, ал маселенин "бышышын" күтүшүң керек". Менимче Мырзакматовдун учурдагы тыныгуусу Рузвельт айткан ошол аксиомага көбүрөөк жакындап турган сыяктуу.

- Эмне үчүн ал оппозицияга кеткенин ачык жарыяласа да бараандуу оппозиционерлердей активдүү кадам таштай элек? Же Мырзакматов бийликке ыктап жатабы?

- Мендеги маалымат боюнча ал бийлик менен сүйлөшкөн жок. Коопсуздугун сактоого, ден соолугун чыңдап жана кийинки парламенттик шайлоого даярдык көрүүдө. Ошон үчүн "бийликке сатылыптыр, тымызын алардын саясатын ишке ашырып жатат" деген ушакка макул эмесмин. Ал сая-сый кеңеш менен акылдашпай туруп, андай кадамга барбайт, мен буга бөркүмдөй ишенем.

- Ташиевге окшоп ойт берип кетпейби?

- Мен Камчы Ташиев тууралуу жаман пикир айткым келбейт. Ал дагы кыргыздын бычакка сап жигиттеринин бири. Аны менен акыркы жылдары ийиндеш болуп чогуу жүрдүк, жолдошчулук мамилебиз бар, саламыбыз түз. Ошол үчүн аны элдин кызыкчылыгын сатып кетти дегенге кошулбайм. Мамлекеттин кызыкчылыгы, өлкөнүн эртеңи бычак мизине келгенде, тараза ташы кылтылдап турганда Камчы Ташиев артында турган элди таштап кетпейт деп үмүттөнөм. Ошол үчүн биз утурумдук тактикалык чегинүүлөр үчүн бири-бирибизди күнөөлөбөшүбүз керек. Ошоной эле андан душмандык издегенибиз да туура болбойт.
Ал эми мен билгени Мелис Мырзакматовдо мырзалык да, жигиттик да касиет жетиштүү. Ошондуктан ал өз көмөчүнө күл тартып, алган багыттан ойт берип, ага ишенип, аны бел тутуп жаткан миңдеген элдин кызыкчылыгын сатып кетет дегенге ишенбейм.

- Ала жазда аттуу-баштуу саясатчылар биригип, Улуттук оппозициялык кыймылды түздүңөр эле. Бирок, бүгүн басма сөз беттеринде оппозиция да, бийлик да кризиске кептелди деген ой ачык эле айтылып жатат. Бул аныктама менен макулсузбу?

- Ачыгын айтыш керек, бүгүнкү күнү Кыргызстандын калкынын басымдуу бөлүгү бийлике нааразы. Атамбаевдик бийлик жүргүзүп жаткан экономикалык жана социалдык саясатка макул эместер толтура. Айрыкча коррупция менен күрөшөбүз деп, ооз көптүрө сүйлөп, иш жүзүндө бийликтеги аткаминерлер бул акция аркылуу саясый атаандаштарын алдыдагы аламан жарыштан четтетүүнүн амалын көрүп жатканы баарыбызга белгилүү. Кечээ шайлоо алдында "криминалды жок кылам" деп элге күпүлдөп убада бергендер, бүгүн бийликтин эки тизгин, бир чылбыры колго тийгенде, айткан кебинин өтөөсүнө чыга албай жатат. Эл бийликтин көзүн караган соттор менен прокурорлордун акыйкатсыздыгына, азык-түлүккө, күйүүчү майга карата кымбатчылыктын күчөшүнө, бийликтеги коррупциянын сары чырмооктой өсүп жатышына нааразы. Балким Улуттук оппозициялык кыймыл бул жаатта калктын радикалдуу каалоо-тилегине, алар алган ыргакка, элдин темпине жете албай жаткан чыгарбыз. Бирок оппозиция терең кризиске кабылды дегенге такыр кошулбайм. Анткени элдин басымдуу бөлүгү бүгүнкү бийликке оппозиция. УОК мындан ары нааразы болгон электораттын башын кошуп, аларга идеялык багыт берүү менен шугулданат деп ойлойм. Биз жер-жерлерде эл менен жолукканда улуттук оппозицияга болгон ишенимди сезип, бизге болгон кубаттоону туюп турабыз. Анткени Атамбаевдик бийлик ката артынан ката кетирүүдө.
Оппозиция бул кимдир бирөө менчиктеп алган майдан эмес. Ага өз каалоо-тилеги, илгери үмүтү менен лидерлер баш кошот. Бийлик эч качан оппозицияга кеткендердин чекесинен сылап, далысынан таптап койбойт. Тескерисинче, оппозицияга кеткендерди текшерип, коомдук ишине бут тосуп, жакын тууган уругун коркутуп-үркүтүп, кыябы келсе, тизеге чаап турат. Ошондуктан УОКко бүгүн ачык кирбегени менен көпчүлүк эл оппозициялык идеологияны колдойт. Оппозициядан бир-эки лидер бийлике сатылып кеткени менен эл сатылбайт. Түптүү журт турганда сатылган лидерлердин ордун жаңы лидерлер баса берет. Ошондуктан оппозиция терең кризиске кабылды деген сөздү бийлике жан тарткандар атайын чыгарууда. Чынында андай эмес.

- Улуттук оппозициялык кыймыл жакынкы күндөрү кандайдыр бир акцияларды уюштуруп, эл менен жолугасыңарбы?

- Албетте, андай пландар бар. Азыр УОКтун штабы иштеп жатат. Өзүбүздүн иш пландарыбызды түзгөнбүз. Иш план болгондо бийликти эртең-бүрсүгүнү барып эле басып, чаап алыш эмес. Биз акыл ой менен элдин аң сезими үчүн күрөшүп, бийликтин кемчилигин көзгө сайып көрсөтүп турганга аракет кылабыз. Жакынкы күндөрү Бишкекте жалпы элдик курултай өткөзөлү деп жатабыз. Андан башка да аракеттерди көрөбүз.

- Улуттук оппозициялык кыймыл кечеги БЭК сыяктуу алдыдагы парламенттик шайлоодо бир саясый партияга айланабы же кыймыл бойдон калабы?

- Улуттук оппозициялык кыймылга ар кайсы партиялардын өкүлдөрү, түрдүү көз караштагы инсандар келип кошулган. Алардын кээ бири президенттик башкарууну жактырса, кээ бири парламенттик башкарууну каалашат. Бирок, мен айтар элем, акыйкатка болгон умтулуу, коррупциялашкан бийлике карата нааразычылык, демократиялуу коом курабыз деген эңсөө ар түрдүү көз каршатагы адамдарды улуттук оппозициялык кыймылга бириктирди. Бул кыска мерчемдеги саясый иш-чара. Ошондуктан алдыдагы шайлоодо Улуттук оппозициялык кыймыл бир команда болуп чыгат, бир партияга биригет деп айтуудан алысмын.

- Бүгүнкү Улуттук оппозициялык кыймыл Бакиевдин бийлигин оодарган БЭКтей таасирдүү боло алдыбы?

- Ачыгын айтышыбыз керек, БЭКте 10-15 жылдап оппозицияда жүргөн, бийликтин куугунтугу менен кысымына кайыл болуп, башын канжыгага байлап, өмүрүн тобокелге салган, коркуу сезимин арка калтырып койгон инсандар бар эле. Анан бийлик ката үстүнө ката кетирип жатып, үй-бүлөлүк башкарууга ооп, элден алыстаган коррупциялык өкмөт элдин жонунан кайыш тиле баштаганда, тарыхый кырдаал БЭК тегерегине кымбатчылыктан каржалган элдин топтолушуна шарт түзүп берди. Анын натыйжасы 2010-жылы апрелдеги кандуу окуя менен аяктады.
Азыр да тарыхый кырдаал ушул нукта өнүгүүдө. Кечээ элдин каны аркылуу бийлике келгендер бүгүн элге берген убадасын унутуп, кайрадан электр энергияны кымбаттатабыз, басма сөздү ооздуктайбыз, саясый атаандаштарды тизеге чаап, аламан байгеден четтетебиз деп алпурушууда. Мындай шартта оппозициялык кыймыл өзүнөн өзү жанданууда. Ошондуктан УОКтун таасирдүү болушу өлкөдөгү саясый кырдаалга, бийликтин кетирген катасына, элдин активдүүлүгүнө, Россиялык атактуу саясый талдоочу А.Малашенко айткандай, "кээде асмандагы аба-ырайга да" жараша болот.
Бирок стратегиялык мааниге ээ "Манас" аэропортунун Россиялык жеке менчик компанияга сатылбай, мамлекеттин менчигинде калышына, "Кумтөр" маселесинин ачык талкууланып жатышына Улуттук оппозициялык кыймылдын аздыр-көптүр салымы бар. Эгерде УОК мурдарак түзүлгөндө, балким "Кыргызгаз" да "Газпромго" бир долларга сатылбайт эле, ордолуу Оштун эли бүгүнкүдөй тезек жагып отурбайт эле.

- Коомчулукта Чолпон-Ата шаарындагы ат майданга Асанбек Көлбаевдин атынын берилиши боюнча чоң талкуу жаралды. Бул боюнча сиздин пикириңиз кандай?

- Чынын айтыш керек, аталган маселени көтөрүп чыгууга инсандык батылдык гана эмес, тоодой жүрөк менен сунулган кылычтан жалтанбаган кайрат, деңиздей тереңдик менен башын баталгага койгон тобокелдик, айткан убадасынан кайра тайбаган саясый туруктуулук да керек. Бул жаатта кексе саясатчы Өмүрбек Текебаевдин көтөргөн демилгесин ишке ашыруу үчүн атуулдук да, саясый да өжөрлүк зарыл. Анткени бизде көпчүлүк саясатчылар жеке коопсуздугунан коркуп, бул теманы кыйгап өтүшөт. Президент Атамбаевден айырмаланып, Өмүрбек Текебаев шайлоо алдында криминал менен күрөшөбүз деген убадасын ырааттуу ишке ашырууга аракеттенүүдө. Текебаевдин кечээги кадамын "Азаттыктагы" мен сыйлаган кесиптеш агам Амирбек Азам уулу Кыргызстан үчүн нурун чачкан "чындыктын тунук жарыгына" ("Правды чистый свет", А. С. Пушкин) салыштырып ийди. Акыйкатта Өмүкең бизге Максим Горькийдин Данькосундай көкүрөгүн жарып, жүрөгүн сууруп, анын нуру аркылуу караңгылыкты жарык кылган нравалык чакырык таштады. Өзүнө атылган жебени чакырган ("Вызвать огонь на себя") мындай тобокелчилик, кылычтын кылтылдаган курч мизинде тайгылбай атаандашы менен ачык беттешүү бардык эле саясатчылардын колунан келе бербейт.
Бул маселе боюнча өлкө жетекчиси Атамбаевдин лам деп ооз ачып койбогону өтө кызык болуп турат. Демек, бүгүнкү бийлик, француз президенти Шарль де Голль айткандай, "саясатта өз шайлоочуларын сатып кеткен лидерлер эртең өз өлкөсүн да сатып кетиши мүмкүн" деген философия менен жашоодо. Ал эми Атамбаев шайлоо алдындагы убадасынан алда качан эле тайып кеткен. Кечээ эле Бакиевди "Кыргыз-энерго" сыяктуу стратегиялык объектилерди арзан баада сатканы үчүн, коррупцияга белчесинен малынганы үчүн, электрэнергияга бааны кымбаттатканы үчүн, криминал менен бийликтин чырмалышканы үчүн катуу сындаган Атамбаев бүгүн Бакиевдин кейпин кийип калды. Атамбаев менен Текебаевдин жолу эки айрылышта турганын аталган факт далилдеп турат. Кимиси тарыхта жакшы ат менен каларын эл үчүн кылган реалдуу иши чечет. Тараза ташы азыр Текебаевге ооп туру.

Чынайым
Кутманалиева,
kutmanalieva_81@mail.ru