Коңшулардан калбайлы
Өткөн жумада өкмөт башчы Россиянын Евробиримдикке кирген өлкөлөрдөн, АКШ, Австралия, Канада жана Норвегиядан алынуучу эт, сүт, жер жемиш, жашылча өңдүү тамак-аштын түрлөрүнө санкция киргизишинен "пайдаланып калалы" деди.

Мунун деле жөнү бар. Россия киргизген санкцияны Өзбекстан дагы жылуу кабыл алды. Аталган өлкөнүн айыл жана суу чарба министрлигинин өкүлү Олимбай Артыков РИА агенттигине үстүбүздөгү жылы өзбек дыйкандары өстүргөн жашылча, жемиштер 50-70 миң тоннага көбөйө тургандыгын, ал эми бүгүнкү күнгө салыштырганда эки эсеге жетээрин маалымдаган. Коңшулаш Казакстан дагы бул жаңылыкка кубанып, ишкерлердин улуттук палатасынын төрагасы Аблай Мырзахметов кийинки жумаларда эт, сүт өңдүүлөрдү өндүргөн казакстандык ишкерлердин башын кошуп, жыйын куруша тургандыгын маалымдады. Коңшулар колдон чыгаргысы келбеген мүмкүнчүлүктү кыргыз өкмөтү дагы колдоп жаткандай, мунун жыйынтыгын убакыт көрсөтөт.


Соттошпой жүрдүк беле?
Соттук териштирүүлөргө карабай "Жерүй" кени конкурстук негиздеги соодалашууга коюла тургандыгын өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев айтты. Анын пикиринде тоо-кен тармагындагы соттук териштирүүлөр көндүм болгон көрүнүштөр.

"Мындан коркпош керек, албетте бул көп убакытты жана акчаны талап кылат, бирок биз өкмөттүн "Жерүй Алтын" жабык акцио-нердик коомуна тиешелүү соттук териштирүүлөр боюнча өкмөт күчтүү позицияга ээ деп эсептейбиз. Биз кандай болгон күндө да, соодалашууну токтотпойбуз" деп ишенимдүү айтты өкмөт башчы. Ага ишенсек, алтындын запасы боюнча "Кумтөрдөн" кийинки эле орунда турган "Жерүйдүн" маселеси жеринде чечилчүдөй.


Чек арада кайрадан атышуу
Тажикстан менен Кыргызстандын чек арасында атышуу болуп, бир кыргыз жараны окко учуп, эки жаран тажиктер тарабынан кармалган. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын маалымат кызматы билдирет.

9-август күнү кечки саат 17:30дар чамасында Тажикстанга тиешелүү Тупакөл аймагында тажик чек ара кызматкерлери менен атчан жүргөн белгисиз үч адамдын ортосунда атышуу орун алган. Тажик чек ара кызматынын өкүлдөрүнүн билдирүүсүндө атышуудан А.Кашыков деген адам набыт болуп, экөө колго түшүрүлгөн жана окуя болгон жерден 2 мергенчи мылтыгы, турнабай жана эки ат алынган. Иликтөөлөрдүн натыйжасында чек арадан өтүп кеткен үчөө Кыргызстандын жараны экендиги жана Ош облусунун Чоң-Алай районунун тургундары болгондугу такталган. 10-август күнү курман болгон жарандын сөөгү кыргыз чек арачыларына өткөрүлүп берилип, калган экөө Жерге-Тал районунун убактылуу кармоочу абагына камалган. Алдын ала иликтөөлөр көрсөткөндөй, бул үч жаран тажик жеринде мергенчилик кылып жүрүшкөн. Учурда иликтөө иштери улантылып, окуянын чоо-жайын толук тактоо максатында эки мамлекеттин чек арачыларынын жолугушуусу күтүлүүдө.


А.Атамбаев:"Жашасын Түркия, Аллах Түркияны колдосун!"
Өлкө башчысы А.Атамбаев иш сапары менен Түркия мамлекетине барды. Иш сапардын алкагында Түркиянын президенти А.Гюль жана премьер-министри Т.Эрдоган менен расмий жолугушууларды өткөрүп, эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтык маселелер талкууланды.

Жекшемби күнү Түркиянын тарыхында биринчи ирет президент эл тарабынан түз шайланды. Шайлоодо 3 талапкердин ичинен озуп чыгып, жеңишти камсыз кылган Тайип Эрдоганды мамлекет башчыбыз А.Атамбаев эл алдында түркчө куттуктады: "Түркия 12 жыл мурда башка өлкөлөрдөн карыз сураган чабал өлкө болчу. Эми башка өлкөлөргө жардам берген мамлекетке айланды. Мунун баары Түркиянын лидери Т.Эрдогандын реформаларынын жемиши. Жашасын Түркия! Аллах Түркияны колдосун! Жашасын кыргыз-түрк достугу!". Коомчулукта президент А.Атамбаевдин түрк тилинде сүйлөп турушу чоң талкуу жаратты. Бир тарабы сыймыктануу менен кабыл алса, экинчилер "Атамбаев Түркияда өзүн сууда сүзгөн балыктай сезет" экен деп, анын айтыла жүргөн Түркиядагы бизнесин да козгоп өтүштү. Президент А.Атамбаевдин боордош делген, коңшу мамлекеттер менен Түркия сыяктуу мамилелерди орнотушун каалагандар, "эми келип казак менен өзбектерди да "Жашасын!",- деп айтса, турмушубуз кыйла оңолот эле" дешүүдө.


Чодроңбай турмуш
Эки күн мурун Бишкек шаарындагы Түштүк магистралда болгон окуя интернетти уу-дуу түшүрдү.

Жол эрежесин бузган Алина аттуу 19 жаштагы кыз адегенде алдынан чыккан МАИчилерди тепкилеп, акырында Жол кайгуул кызматынын башчысы Талант Исаевге жулунуп, телефонунун чехолун жулуп алды. "Мен ушуну Рысбек Төлөгөновичке" көрсөтөм деген жол кайгуул кызматынын башчысы Талант Исаев ээнбаш кызды "он беш суткага кама" деп шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысына чала тургандыгын кайталады. Чоң болуп иштеген туугандарыбыз менен коркутуп, Талант Исаевди баш кылып, кол көтөрүп отурсак, заман кайда баратат?