Азимбек Бекназаров,
"Эл үнү" кыймылынын лидери, коомдук ишмер:
"Президент бийликти мен башкарып жатам дегени менен реалдуу бийлик Текебаевде..."

- Азимбек мырза, Иса Өмүркулов акталган күнү Акматбек Келдибеков үч айга үй камагына чыгарылып, Германиядан дарыланууга уруксат алды. Келдибеков мыйзамдын алкагында эле бошодубу же түштүктү тынчытуунун айласы болдубу?

- Келдибековдун, Иса Өмүркуловдун бир күндө бошогонунун себептери да, жөнү да, жүйөсү да бар. Иса Өмүркуловго, Акматбек Келдибековго да саясаттан четтетүү, басынтуу максатында буйрутма кылмыш иши козголгон. Бирок, козголгон кылмыш иштер буйрук берген кишилердин оюндагыдай ишке ашпагандан кийин коомчулукту тынчтандыруу, сооротуу максатында Исаны актап, Акматбектин соттук ишин үч айга жылдырып, "Германиядан дарыланып келсин" деген чечимге барышты.
"Атажуртчуларга" эле эмес, партиялаштарына деле кылмыш ишин козгоп жатат деген саясат үчүн Исага жасалма теңдемедей кылып, юриспруденцияда болуп көрбөгөн нерсеге жол беришти. Бирок, жасалма кылмыш иштерин ачышканы менен Акматбектин үч айга үй камагына жөн жерден эле чыгарышкан жок. Айтайын дегеним, бийлик биз кийлигишкен жокпуз. Соттордун көз карандысыздыгы бар үчүн ушундай чечим чыкты дегендей түр көрсөтүү максатында ушундай жолго барышты. Бийлик мамлекеттик айыптоочулар тарабынан коюлган дооматтар далилденбегени үчүн аргасыз ушундай чечимге барышты. Аны моюндарына алгылары келбей, аргасы кеткенде кырдаалдан оңой жана кооз чыгып кетүү үчүн ушул жолду тандашты. Анткени, эл алдында актануу үчүн артка чегинип, тайм-аут алышты.

-Сиз "бийлик аргасы жок тайм-аут алды" дегениңиз менен бийлик менен Келдибековдун ортосунда миллиондорго соодалашуу болду дегендер да бар го?

- Артка чегинүүдө миллиондорго болбосо да, соодалашуу, сүйлөшүү сөзсүз болот. Анткени, бардык буйрутма иштин аягы жакшылык менен бүтпөйт. Келдибековду чыгарып, Исаны актап койгон менен маселе чечилбейт. Мунун терс таасири сөзсүз тиет. Анткени, буларга кылмыш ишин эмнеге козгоду? КТРК аркылуу коомчулукка эмне үчүн булар тууралуу жаман сөздөрдү айтты. Президенттин тынчып калганына караганда соодалашууга, сүйлөшүүгө барып, эптеп ишти жапкыла деп буйрук берген окшойт. Бүгүн бул нерсе кантип ишке ашканын жашырышканы менен эртең эле бардыгы ачыкка чыгат. Келдибековдун жаны кыйналып жатса дагы бийлик врачтардан турган эксперттерди даярдап, алар так диагнозун койсо да, "силер Келдибековго акчага сатылдыңар" деп кысым көрсөтүп, жыйынтыгында, Германияга дарыланып келүүгө уруксат беришти. Муну бийликтин жеңилиши деп түшүнсөк болот.
Ал эми Келдибеков сотторду миллиондогон сомдорго сатып алды деген имиштерди бийликтегилер коомчулукка атайылап таратышат. Арамза бийлик айласы кеткенде суудан кургак чыгып, эл алдында булганган жүзүн тазалоо үчүн ушуга окшогон ушактарды чыгарышканы менен мындай сөздөр оппозициянын эмес, бийликтин кадырын кетирет. Ошон үчүн соттордун сатылганы чын болсо, кармап жазалашсын. Бийликтин колунда акча алганын иликтеген атайын кызматтар жана күч структуралары бар. Ошолордун жардамы менен Келдибеков сотторго миллиондорду берип, бошогон болсо, издеп, таап коомчулукка көрсөтсүн.

- Коррупционер деп жарлык тагууга аракет болгон Келдибековду эми кандай тагдыр күтөт?

- Бирөөгө доомат коёрдон мурун Атамбаев Акаев менен Бакиевдин тагдырынан сабак алып, чын дилибизден айткан ачуу сөздөрдөн жыйынтык чыгарса болмок. Кайда барбайын президентке Кулов, Исаков, Тургуналиевдерди мисал кылып, сен мурдагы президенттердин жолун кайталаба. Алардан кыйын эмессиң деп айтып келдим. Анткени, Келдибековду сындыруу максатында козголгон жасалма кылмыш ишин аргасы жок актайт деген ойдомун.

- Келдибеков Германиядан келбей койбойбу?

- Мен Келдибеков келбей коёт, жазадан коркот деген ойдон алысмын. Анткени, Келдибековдун кача тургандай эч нерсеси деле жок. Кача турган кылмыш иш болсо ал ушул убака чейин эле качып кетмек. Менимче Келдибеков ден соолугун калыбына келтирип алгандан кийин толук акталып алууга аракет кылат. Бирок, ушунча убакыт баш коргоо чарасын өзгөртпөй, мамлекеттин душманындай көрсөтүүгө аракет кылган бийлик балким, "Келдибековду дарылансын деп жөнөтсөк, качып келбей койду" деген саясат жасаш үчүн аны Германияга дарыланганга уруксат берип жаткандыр. Келдибековдун акылы андан ары качып кетпей эле кайра келип акталып алууга жетсе керек деп ойлойм.

- Ушундай чуулгандуу иштерге кылмыш ишин козгоп, бирок далили жок акталып жаткан жагдайлар үчүн Башкы прокуратуранын да күнөөсү барбы?

- Башкы прокуратура бүгүн куугунтуктоочу органга айланып, бийликтин гана буйругун аткарып, саясый интригалардын, соттордун колунда курал болуп калды. Мамлекеттеги башкы мыйзамдуулукту сактай турган орган тилекке каршы, куугунтуктоочу органга айланды. Саясый буйруктарды аткарууда УКМК менен ИИМ Башкы прокуратурадан артта калды.
Эгер Аида Салянова буйрук бергендерге каршы турууга духу жетсе, саясый куугунтук мынчалык болмок эмес. Ошондуктан президент күнөөсү далилдене электе эл алдында түрдүү сөздөрдү айтып, камактагылардын аброюна шек келтиргени үчүн кайрылуу жасап, элден кечирим сурасын. Мага жеткен маалыматтарга таянып, ууру, террорист деп айтып койдум эле десе, Ташиев айтмакчы "биз деле адамбыз" деп президентке боорубуз ачып, жумшарып калмакпыз.

- УКМКнын орун басарлык кызматына Абдиль Сегизбаевди кандай максат менен коюшту?

- Анын ал кызматка келгени мага да күтүүсүз болду. Чынында ал кызматты аркалай турган УКМКнын системасын жакшы түшүнгөн өмүрүн маалыматтык коопсуздукка арнаган толтура кадрлар бар. Атамбаев акылдуу болсо, Акаевдин басма сөз каражатын тейлеп, анын бийлигинин урашына салым кошкон адамды эмес, өмүрүн мамлекеттин маалымат коопсуздугуна арнаган адамдарды аталган кызматка даярдаса болмок. Атамбаевдин күнү Абдилге түшкөнүнө таңгалып жатам.
Азыр, 2009-жылы Атамбаев Лейла Саралаеванын суроолоруна жооп берген маегин үйдөгү архивден таап алдым. Ал "Бакиевге Акаевдин кадрлары менен ишиңди жөндөй албайсың. Жаныңда жүргөн Акаевдин кадрларынан арыл деп бир канча ирет айттым" дептир. Азыр Атамбаевдин сөзүн мен көбүрөөк кайталап, тегерегиңди тазала, булар сени да аңга түртөт. Буларга ишенсең Акаев, Бакиевдин тагдырын сен да кайталайсың деп кайда барсам айтып жатам.

- Азимбек мырза, эмне үчүн Жоомарт Оторбаев берген учаны албай койгонсуз?

- Мени Болот Шердин тоюна чакырышып, кайра гезитке чыгарып, чоң саясат кылган саясатчыларга таң калам. Мен ошондо эле Болот Шерге сүткө түшкөн ала каргадай кылып, премьер-министр, парламенттин спикери жана беш фракциянын башчысы менен мени эмне отургуздуң десем, "сиз да оппозициянын чоңусуз" деп күлүп койгон. Тойго барганда кызматыбыз бары-жогуна карабай баарыбыз тең экенибизди эске алып, тамашалашып жакшы отурдук. Бирок, ошол столго мени жана Иса Өмүркуловду кошуп отургузгандын өзүндө тымызын саясат бар экенин сезип эле турдум. Анткени, Нарынбаев баштаган губернаторлор ылдый жакка отуруп калышты. Кийин ким тойго чакырылып, кайсыл столго ким отурарына чейин Текебаев чечиптир деп уктум.
Баса, белгилеп айтып коёюн. Ал жерде уча тартылган жок. Мен өз жилигимди үч жылдан бери эми көрүп жатам деп Сариевге сунуп, "Экономика министри Кыргызстандын экономикасын жогорулатам деп жүрүп арыктап кетипсиң. Курсагың ач окшойт" деп улуулук кылып, ата салтын улап, чын дилим менен бердим. Жоомарт Оторбаев "Азике, капа болбосоңуз сиз менен көптөн бери бир табакка отура элек элем" деп мага берди. Мен кыргыздын салтын улап, сунган колду сындырбай алып койдум. Гезитке кычкыл-пычкыл ичип деп жазып коюптур. Орозо болгондуктан кычкыл нерсе ичкен эмесмин. Бирок, ал тойдон президент бийликти мен башкарып жатам дегени менен реалдуу бийлик Текебаевде экенин байкадым.

- Чубактын кунундай чубалган апрель сотунун өкүмү чыкты. Элмурза Сатыбалдиевди камакка алынсын деген чечим туурабы? Анын башкалардай болуп качпай, суракка өзү барганы эсепке алынган жокпу?

- 7-апрелдеги соттун аягына чыкканы Убактылуу Өкмөттүн кичине болсо да шейит кеткендердин эмгегинин акталышына салым кошту деп ойлойм. Анткени, 2011-жылдан бери келген бийлик бир да адамды жоопко тартып, кошумча кылмыш ишин ачкан жок. Юрист катары айтканда, негизинен адилеттүү өкүм болду. Анткени, сот төрт жыл далилдерди иликтеди. Кылмышты уюштургандар жаза алып, аны аткаргандар далилдер жетишпегени үчүн акталды. Эгер Сатыбалдиевдин же башкалардын жазасын оор же жеңил берип койду деп нааразы болушса, экинчи, үчүнчү инстанцияда кайрылып көрүшсүн.

- Бакиевдер бир эмес, экинчи ирет сыртынан кесилип жатат. Алар үчүн соттун мындай чечими чымын чаккандай да болбосо керек?

- Соттун приговорунан башка дагы тарых, мезгил соту дегендер бар. Ошондуктан соттун кечээки чыгарган өкүмү тарых, мезгил сотун бекемдеди. Соттун өкүмү күчүнө киргенде эл аралык конвенциялар ишке кирет. Белоруссия Вена конвенциясынын талаптарын аткарбай койгон күндө дагы өкүм күчүнө киргенде бийликке аралашкысы келген Бакиевдерге сая-сый компанияларды баштоого мүмкүнчүлүк берилбейт. Эң негизгиси, бул өкүм азыркы жана кийинки бийликтерге чоң сабак болот. Өз элибизге ок атсак, элибизге каршы саясат жүргүзсөк, качып кеткенибизге карабай соттолуп, Кыргызстанга кире албай калат экенбиз деп ойлоого мажбур болушат.
Сыягы, Келдибеков менен Өмүркуловго кичине ырайым болгонуна караганда, 7-апрелдеги чыгарылган өкүмдүн азыркы бийликке да кандайдыр бир таасири тийди окшойт.

- Жоомарт Оторбаев эмне үчүн элге кайрылуу жасады? Же айласын таппай, ишин жөндөй албай калдыбы?

- Оторбаев менен менин анчалык мамилем жок. Бирок, Оторбаев көпчүлүк айткандай интеллигент, билимдүү жигит. Тойдо Оторбаев менен сүйлөшкөнүмдө ач бөрүлөрдүн ортосунда жалгыз калган адамдай түшүндүм. Ошондой эле мага анын үч кожоюну бардай сезилди. Биринчиси - Текебаев. Экинчиси - Атамбаев. Үчүнчүсү - Атамбаевдин шоопуру менен Сарпашов иштешине тоскоолдук жаратып, аны иштетпей жаткандай сезилди. Өкмөттүн курамында жана бүгүнкү бийликте Оторбаев жалгыз экенин, мындан ары иштей албасын байкадым.

- Айрым басма сөз беттеринде Адахан Мадумаровдун "Бир бол" партиясына кошулары тууралуу маалыматтар жарыяланды. Ишенсек болобу?

- Негизи "Бир болго" кошулам десе ал Адахандын иши. Анткени, "Бир болдун" түбү Максим Бакиевге такалат. Ал партияда Чудинову баш болгон Максимдин кишилери отурат. Ошондуктан алар кайра табышып алса, мен таңкалбайм. Бирок, Мадумаров ага барбаса керек. Анткени, Мадумаровдун адамдык дагы, саясатчылык дагы табияты башкача. Бакиевдин бийлиги келгенде жылдызы жанып, чоң кызматтарга барганы менен, Жаныш менен мамиле түзүп, бирок түпкүлүгүндө Бакиевдерге анчалык ыктаган эмес.