Турсунбай Бакир уулу, Жогорку Кеңештин депутаты,
"Ар-Намыс" фракциясы:
"Атамбаев Эрдогандын сүйлөгөнүн туура деп колдоп койсо эле..."

- Турсунбай мырза, Палестинаны коргоп, Газага каршы уюштурган митинг максатына жеттиби?

- Ооба, ин шаа Аллах, максатына жетти. Анткени, мурдагы СССРдин территориясында Израилдин Палестинага каршы агрессиясына жана ал жакта 1000ден ашык кеткен шейиттерге куран окууну жана Палестина элинин көз карандысыздыкка умтулган күрөшүн бир эле Кыргызстандагы мусулмандар колдой алдык! Акыретте, ин шаа Аллах, аракеттерибиз жана ниеттерибиз эске алынат...

- Эмне үчүн Палестина менен Израиль тынчтык келишимине келе албай жатат?

- 1948-жылы Палестинанын элинен эч ким сурабай эле БУУнун башкы ассамблеясында палестинанын жеринде эки мамлекет түзүлсүн - бири еврейлердики, бири - палестиналык арабдардыкы болсун деп чечим кабыл алып коюшкан. Жана ага кепилдик берүү 4 мамлекетке жүктөлгөн. Бул 4 мамлекет - Улуу Британия, АКШ, Франция жана СССР (азыр анын мураскери - Орусия). Бирок булар еврей мамлекетин түзүп, Палестина мамлекетинин түзүлүшүнө кепилдик беришкени менен, аны унутуп коюшту. Ошон үчүн арабдар бир нече жолу согушкан, бирок эл аралык сионизм жана ал башкарган өкмөттөр еврейлерди колдоп, жаңы түзүлгөн Израиль бир гана Палестинанын жерлерин гана эмес, кошуна жайгашкан араб өлкөлөрдүн жерин да басып алган. Ошон үчүн согуш тынчыбай жатат. Согуштун тынчышынын бир гана жолу бар. Ал жол БУУнун резолюциясын аткарып, экинчи, Палестина мамлекетин түзүү. Бирок бул кадамга Израиль барбай жатат.

- Атамбаев силер берген кайрылуудан жыйынтык чыгарып, пикирин ачык билдиреби?

- Мурдагы өлкө башчыларынан айырмаланып А.Атамбаев тышкы саясатта коркпой ислам, анын ичинде араб өлкөлөрү менен мамилелерди чыңдоого өттү. Бул жакшы көрсөткүч. Мисалы, 1993-жылы А.Акаев баштаган кыргыз делегация Израилге расмий иш сапар менен барып, биздин өлкөнү жалпы ислам дүйнөсүнө шерменде кылып келген. Алар еврей жетекчилигин колдоп, "макул, үч дин талашып аткан Иерусалимди биз, Кыргызстан, Израилдин гана борбору катары тааныйбыз" деп балп айтып салышкан! Азыр Израилдин фашисттик саясатын жана палестиналыктарды геноцид кылганын А.Атамбаев сынга алып, биздин сунуштарыбызды колдоп чыкса, анда өлкөбүздүн мурдагы жетекчилигинин күнөөлөрүн жоюп, ислам дүйнөсүндө биз эбегейсиз чоң абройго ээ болуп калмак элек! А.Атамбаев өзүнүн досу - Түркиянын премьер-министри Режап Тайып Эрдогандын сүйлөгөнүн туура деп тастыктап, колдоп койсо эле жетишер эле...

- Эмне үчүн Египет ортомчу түшүп, Газадагы тынчтык келишимине жетүүгө жасаган аракетинен да майнап чыккан жок? Эмнеге араб өлкөлөрүнүн баары унчукпай, туруп калышты?

- Арабдар унчукпай туруп калышканы менен ошол эле мезгилде бир катар христиан өлкөлөр Израилдин фашисттик мыкачылыгына чыдабай, Палестина элине боор тартып, он миңдеген адамдардан турган каршылык акцияларды өткөрүштү. Мисалы, ушундай акциялар Германия, Франция, Улуу Британия, Түркия, Чили, Колумбия, Бразилия өлкөлөрүндө болду. Эгерде дүйнөлүк коомчулук бир адамдай каршы туруп Израилге "Геноцид менен агрессия саясатыңды токтот!" десе, анда согуш токтомок. Израил-ди саясый, экономикалык жана дипломатиялык блокадага сөзсүз алуу керек. Кутурган ит жалгыз калганда кире турган ийин издемек. А Египетти ким угат? Мыйзамдуу, шайлоо менен жеңген "Бир тууган-мусулмандар" партиясына жана анын мыйзамдуу президентине Египеттин саткын генералдардын күчү жеткени менен араб өлкөлөрү курчап турган жападан жалгыз Израилге алардын күчү жетпей жатат. Анткени, дүйнөлүк сионизм көпчүлүк өлкөлөрдүн өкмөттөрүнүн колун кармап турат жана алардын тышкы саясатын көзөмөлдөп турат.

- Эмне үчүн Израиль жалаң жаш балдарды өлтүрүп жатат? Мындай мыкаачылыкты кандай максат менен жасап жатышат?

- Куралсыз, тынч жашап жаткан палестиналыктарга танктар менен кирип барып, үстүнөн бомбаларды таштап, азыркы Израильдин саясаты экинчи дүйнөлүк согуштагы Адольф Гитлердин саясатынан эч айырмасы жок! Бир гана айырмасы: Гитлер негизинен еврейлерди жок кыламын деген болсо, азыр Израилдин премьер-министри Неттеньяху Палестинадагы мусулмандарды жок кыламын деп жатат. Гитлер да дүйнөдө эч кимди тоготпой миллиондогон бейкүнөө, анын ичинде аялдарды, жашы жетелек балдарды кырган. Неттеньяху болсо - ошол эле саясатка өтүп алды... Анысы аз келгенсип, шаар менен айылдарды эми мектептер менен бейтапканаларды пушкалар менен аттырып жатат. Булардын бир гана максаты бар: "еврейлерге басып алган жерлерин мусулмандардан тазалап берүү жана мусулмандарды түп-тамыры менен жок кылып, кулдай баш көтөргүзбөө. Ошон үчүн Израилдин парламентинин депуттаттары Газа секторундагы бардык аялдарды кырып жок кылуу керек!" деген чакырык менен чыгып жатышат. Ошон үчүн БУУнун Башкы катчысы Пан Ги Мунга Неттеньяху убада берип жатпайбы: "Мейли, эми этияттап бомба таштап, пушкадан атабыз, тынч жашап жаткан элди азыраак өлтүрөбүз" деп.

Чынайым
Кутманалиева,
kutmanalieva_81@mail.ru