ЖК "жомоктору"
Кезексиз жыйынөткөрүп тарап кетишти
26-июнь күнү парламенттин пленардык жыйынында спикер Асылбек Жээнбеков 30-июнда кезексиз жыйын өтөөрүн айткан. Анын себебин "Жогорку Кеңеш бул сессияда жигердүү иштеди. Бирок, кечиктирилбестен карала турган бир катар орчундуу маселелер бар. Ошондуктан 30-июнда кезексиз жыйын өткөрүп, ишти бүткөрүп кетишибиз керек. Мындан сырткары парламент сессиясын расмий жабуу аземи да өткөрүлөт"- деп түшүндүргөн.

Буга ылайык кечээ парламент кезексиз жыйынын өткөрдү. Бирок, депутат Исмаил Исаков жыйындын башталышында "кезексиз жыйын президенттин же депутаттардын 1/3нин сунушу боюнча чакырылат. Ал эми бүгүнкү жыйынды сиз өзүңүздүн демилгеңиз менен өткөрүп жатасыз. Бул үчүн сизге кылмыш иши козголушу мүмкүн. Андыктан, гимнди аткаруу менен таркап кетүүнү сунуштайм"- деп билдирди.
Ал эми спикер Асылбек Жээнбеков өз учурунда "өткөн жыйында депутаттар тарабынан сунуш түшкөн, добушка койгондо өтүп кеткен. Юристтердин айтымында мыйзам бузуу болгон жок"-деп, жооп берди.


Биометрикалык паспортту билесиңби?
Жогорку Кеңеште жарандардын биометрикалык базасын түзүү максатында иштелип чыккан "Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоо жөнүндө" мыйзамдын долбоору каралып, үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Демилгечи депутаттар-Абдыжапар Бекматов, Надира Нарматова, Курманбек Дыйканбаев, Эристина Кочкарова, Абдыманап Кутушев, Галина Скрипкина.

Тармактык комитеттин төрайымы Наталья Никитенконун айтымында, бул мыйзам долбоору бир нече багытта, анын ичинде мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылуу, кылмыштуулукту кыскартуу, адамдардын керт башын так аныктоо жүрүмүн ыкчамдатуу максатында иштелип чыккан. Биометрикалык белгилер жарандардын жазуу жүзүндөгү макулдугу менен гана чогултулуп, алардын сакталышына көзөмөл күчөтүлүүгө тийиш.
Талкуунун жүрүшүндө, мыйзам долбоорун колдоо менен бирге, КР Өкмөтүнө ушул жылдын сентябрь айына чейин "Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоо жөнүндө" мыйзамды ырааттуу ишке ашыруу жаатында, ченемдик актылар топтомун толук иштеп чыгуу тапшырмасы берилди. Андан сырткары, демилгечилер кийинчерээк иш жүрүмүндөгү маселелерди эске алуу менен, түзөтүүлөрдү киргизүүгө даяр экенин билдирди.


КСДП экини,
калганы үчтөн...
КСДП фракциясынан депутат Мурадыл Мадеминов сотторду тандоо кеңешинин мүчөсүнө КСДПдан эки гана адам тандалып, "Ата Мекен" менен "Ар Намыс" фракцияларынан үчтөн кандидат коюлганын белгиледи. Мындай көрүнүш акыйкатсыздыкка жатаарын айтты.
Депутаттын белгилешинче КСДП фракциясынан үчүнчү кандидат катары айым тандалып, гендердик теңдикти сактоо талабы каралган.
Буга жооп катары "Ата Мекен" фракциясынан вице-спикер Асия Сасыкбаева коалиция лидерлеринин чечими экенин белгилеп, фракция лидерин шай-лоодо ага тиешелүү ыйгарым укук берилгенин эскертти.

"Жаңы халифке ант бердим"

И ракта сунниттер баштаган жихадчылар Ирак менен Сириянын аймагында "халифат" түзүлгөнүн жарыялашты. Халифат бул исламдык мамлекет жана аны бир диний-саясый лидер - халиф башкара тургандыгы белгилүү. Калк арасында талкууну пайда кылган халифат туурасында айтып берүүсүн өтүнүп, Нурлан Мотуевге кайрылдык.

- Нурлан мырза учурда Халифат тууралуу сөздөр жүрүп жатат. Кененирээк маалымат берсеңиз…

- Кечээ Ирак, Сирия, Иордания аймактарында Халифат жарыяланды. Жаңы халиф болуп Абу Бакр аль Багдади дайындалды. Ал эми бүткүл дүйнөдөгү чыныгы мусулмандар жаңы халифке ант берүүгө милдеттүү болгондуктан, мен да антымды бердим.

- Эмне деп ант бердиңиз?
- Мен суннит мусулман Нурлан Моту. Дүнүйө жүзүндөгү бирдиктүү Ислам дөөлөтү болгон Халифатка, Халиф Абу аль Багдадиге ант берем! Ислам баалуулуктарын каафир-мунафиктерден коргоп, Аллах ыраазычылыгы үчүн, Халифат үчүн жан берүүгө даярмын-деген негизде ант бердим.
- Халифаттын максаты бирдиктүү мусулман өлкөсүн түзүү эмеспи?

- Халифат дегендин өзү бирдиктүү мусулман өлкөсү дегенди түшүндүрөт. Мухаммад пайгамбардын (С.А.В.) бир хадисинде "Мен өлгөндөн кийин менин үлгүмдөгү Халифатка 30 жыл болот. Андан кийин королдуктар келет. Кийин бийлик тирандарга өтө баштайт. Акыры кыямат алдында менин үлгүмдөгү Халифат кайра пайда болуп, шамда ишке ашат"-деген. Ошол нерсе 1450 жылдан кийин ишке ашты.

- Кыргызстанга халифаттын кандай кереги бар?

- Пайдалуу жактары көп. Маселен, жумушчу-кызматкерлер азыркыдай айлык акысынын 30 пайызын мамлекетке салык катары төлөбөй калат. Бир жылда бир эле жолу 7 пайыздык салык төлөшөт.
- Халифатты түзүү үчүн алгач кандай пландар кабыл алынды?

- Эң алгач мужахиддер Мухаммад Пайгамбардын (С.А.В.) жолу менен кетишти. Улут-улутка бөлүнүүгө тыюу салынгандыктан чечен, араб, казак, кыргыз, негр, орус, британ, американ, филиппин дебестен "Ля иллаха иллялахтын" тегерегинде биригишти. Халифат кайра калыбына келгенин жарыялашты. Аалым шейх Аднани болсо "Дүнүйө мусулмандары! Халифат жарыяланды ана халиф болуп Абу Бакр аль Багдади дайындалды. Талибан, Имарат Кавказ, Аль-Каидага мүчө болуп же өзүн демократмын деп жүргөн мусулмандар, баарыңар эми жаңы Халифке ант берүүгө милдеттүүсүңөр! Ким каршы чыкса, чекесине ок кадалат!"- деп жарыялады.

- Демек, мен каршы чыксам мени атып кетишет экен да?

- Аны шариат соту чечет.