Токтогул Какчекеев, саясат таануучу:
"Өзбекстан суу агымын кошо тескегиси келип жатат"

- Токтогул агай, айрым аналитиктер Кыргызстанда Украинадагы окуялар кайталанып калышы мүмкүн деген коңгуроо кага башташты. Мамлекетибизде ошондой кооптуу, чочулай турган жагдай барбы?

- Менимче андай сөздү оппозициялык көз караштагы саясатчылар алайлыктардын жол тосконун пайдаланып, кырдаалдын кыйындашын каалап, алардын арты менен бийликке келүүнү самап, элдин үрөйүн учурган прогноздорду атайылап эле чыгарып жатышат. Мындай үрөй учурган сөздөрдү алар бийликти эсептештирип, талаптарын эске алдыруу максатында айтышууда. Бирок, чын чынына келгенде мамлекетибизде андай кооптуу абал жок. Ал түгүл алайлыктар же оппозиция жаңжал сала турган да жагдай жок. Ошондуктан чочулабай деле койсок болот. Эгер батыш өлкөлөрү чоң суммадагы акчаны берип, бийлик алмаштыргыла деген тапшырма берсе гана, мамлекетибиздеги абал курчуп, эл күтпөгөн окуялар менен коштолуп кетиши мүмкүн.

- Газ маселесин күндө чечилет деп үмүт артканыбыз менен өзбектер мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Сохко коридор сурап жатышат. Бул эмнеден кабар берет?

- Бул мамлекетибиздин алсыздыгынан, мамлекеттик кызматтарга адискөй инсандар тартылбаганынан, тууганчылык орун алып, диплому бар деген критерий менен жумушка алынгандар өз ишин жөндөй албаганынын кесепети элге тийип жатканынан кабар берет. Айтайын дегеним, биздин кадрларыбыздын кесипкөй эмес экенинен кабардар болгон Өзбекстан мамлекети кырдаал кыйындап, маселе чечилбей турган мезгилде жараны ырбаткан орчундуу маселени дагы кайталап көтөрүп турушат. Сох кечээ же бүгүн эле чыга калган жок. Бул 20 жылдан бери ыңгайы келгенде көтөрүлүп келген маселелердин бири. Азыр да эл газдан кыйналып, алайлыктар жол тосуп, бийликтегилер тынчсызданып жатышканы үчүн кайра дагы Сохко коридор сураган маселени жандандырышты. Кыскасы, өзбек тарап, жетекчилерибиздин чабалдыганан пайдаланууну көздөшөт. Мына ошол чабал жетекчилерибиздин кесепетинен элибиз газы жок отурат.

- Эмне үчүн өзбек мамлекети Нарын каскадынын курулушун токтоткула деген билдирүү менен чыгышты?

- Алар Европалык уюмдар менен бирдикте Кыргызстанга жагымсыз жагдай жаратуу үчүн Нарын каскадын курбагыла деп чыр баштай алышпай, улам бир жыландын башын кылтыйтып отурушат. Анын да себеби бар. Алар суу агымын кошо тескегенге аракет кылышууда. Ошондуктан Нарын каскаддары стандартка дал келеби же жокпу деген маселени көтөрүп, Европанын стандартына дал келбейт деген чечим чыгартып, Американын эксперттерин колго алууга аракет кылып, ОДКБдан чыгып, жаңжал салганга аракет кылышууда. Жаңжал чыгаруу үчүн керек болсо, биз чечебиз деп шымаланып жаткан делимитация деморкацияга да тоскоолдук жаратып, чыр чыгарууга аракет кылышууда.

- Эгер кырдаал оорлоп кетсе, эл дагы газы жок отурабы?

- Элдин газы жок отурганынын объективдүү жана субъективдүү себептери бар. Маселен, Энергетика министрлиги менен "Кыргыз газдын" жетекчилери кыргыз газды биротоло жаап, Россияга өткөрүп берип жатканда тиешелүү материалдардын баарын даярдап берүүгө милдеттүү болчу. Материалдар эле эмес, акциялардын баары бир беткей Россиянын колуна өтпөгөндүн кесепетинен эл газсыз отурат. Кыскасы жалпы экономикалык маселени туура чечпегендиктен тарифтер кымбаттап, элдин турмушу оорлоп, коррупцияны өркүндөп, көмүскө экономикадан кыргыз казынасына акча түшпөй, дефицит жаралууда. Электр энергиясын 100 пайыз кымбаттатып сатышса да, дефицитти жоё алышпайт. Анткени, туура эмес саясат, туура эмес курулуштун айынан экологияны сактабаганыбыздын кесепетинен жакынкы жылдары суу жок электр энергиясын өндүргөн ГЭСтерибиз да иштебей калуу коркунучу бар. Ошондуктан, кайсыл тармакка болбосун тааныш билиштерди эмес, чыныгы адискөй инсандарды кызматка тартышыбыз керек. Болбосо президентибиз кайырчыдай болуп, көрүнгөн мамлекеттен карызга акча сурап жүрө берет.

- Алайлыктардын талаптарын бийликтегилер аткарабы же жакынкы күндөрү дагы жол жабылып калабы?

- Алардын талаптарын бийликтегилер толук аткарат деп ойлобойм. Анткени, мен алайлыктар жолду туура бууду деп эсептебейм. Алар өз уулун коргоп ушундай жолго бардык дешкени менен бир топ катачылыктарга жол беришти. Мындан ары алайлыктар дагы Кыргызстандын атуулдары экенин, аларга дагы Кыргызстандын Конституциясы, мыйзамы тиешелүү экенин эстеринен чыгарбашы керек. Жол тосуп, Келдибековду жакташканы менен элдин тричилигине жолтоо болушту, мамлектке казынасына түшчү акчаларга зыяндарын тийгизишти. Булардын акылга сыйбаган жоругунан улам кытайлар нато жөнөтүп, келишим боюнча товарлар өтпөй жатат деген маселени көтөрүштү. Эми мындан ары акылдарына келип, жол бууганды токтотушу керек.




Социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаев:
"Окурмандардын жүрөгүнөн түнөк тапты"
Урматтуу "Алиби" гезитинин эмгек жамааты. Сиздерди 7 жашка толушуңуздар менен куттуктайм! "Алиби" гезити бүгүнкү күнгө чейин өз көз карашын так жана туура чагылдырып келгендиктен, окурмандардын жүрөгүнөн түнөк тапты. Анткени, сиздердин эмгек саясатта болобу, укук коргоодо болобу активдүүлүгүн көрсөтүп, иш алып барып жатат. Сиздердин жалпы жааматка чыгармачылык ийгиликтерди жана жакшы жаңылыктардын жара-туучусу болушуңуздарды каалайм. Калемиңиздер курч, ден соолукта, үй-бүлөңүздөр менен аман болуңуздар!

Исмаил Исаков,
Жогорку Кеңештин депутаты,
КСДП фракциясы:
"Мен спикерге жыйынды мыйзамга тууралап
коёлу десем, ал туура эмес түшүнүп алды"

- Исмаил мырза, бүгүнкү кезексиз жыйында эмне үчүн спикер экөөңөр кер-мур айтышып кеттиңер?

- Катуу айтышкыдай орчундуу деле конфликт болгон жок. Болгону спикер менин ага жакшылык кылып берген сунушумду туура эмес кабыл алып алды. Чынында мен спикерге жакшылык кылып, бүгүнкү жыйында 77-берененин алкагына тууралап коёлу, кийин жокко чыгып калса, жоопко тартылып куугунтукталып калбаңыз деген мааниде айттым. Ал сунушумду туура эмес түшүнүп алып, башкача жооп узатты. А мен мүмкүнчүлүк барда кооптуу жагдайды алдын алып коёлу деген эле сунуш менен кайрылгам.

- Алайдагы жердештериңиз орозону Ош-Эркештамдагы жол тоскон жерде кармап жатышыптыр. Акматбек Келдибековдун баш коргоо чарасын өзгөртүүнүн жолу барбы?

- Албетте, Акматбек Келдибековду мыйзамдын алкагында баш коргоо чарасын өзгөртүүнүн жолдору бар. Анын ооруп жатканы, судмедэкспертизанын жыйынтыгы, бүгүнкү акыбалы да баш коргоо чарасын өзгөртүүгө толук мүмкүнчүлүк берет. Ошондой эле мыйзамдын баары Акматбек Келдибеков тарапта экенин баса белгилеп коеюн. Ага карабай эле төө бастыга алып, камап жатышат.

- Эмне үчүн өткөндө "булардын Келдибековду өлтүрөлү деген оюу бар окшойт" дедиңиз?

- Ден соолугунун оорлоп баратканына карабай баш коргоо чарасын өзгөртпөй жатышканы үчүн бийликтегилердин өлтүрөлү деген оюу бар окшойт деген ойду айткан элем. Анткени, койгон дооматтары далилденбесе да камап жатышат.