Акча алмаштыруу жайларын
кантип мыйзамдаштырабыз?

Акыркы учурларда Кыргызстанда акча алмаштыруу жайларынын саны кескин өсүп кетти. Көпчүлүгү мыйзамсыз иштеп, акча алмаштырганы келген карапайым калкты алдап койгон фактылар көп кездешүүдө. Андыктан, бул көйгөйдү чечүүнүн жолдору тууралуу КР Улуттук банкынын Инспекциялоо башкармалыгынын Банктык эмес финансы-кредит мекемелерин инспектирлөө бөлүмүнүн башчысы Жылдыз Сулайманбекова менен маектештик.

- Жылдыз айым, айтсаңыз, бизде мыйзамсыз иштеп жаткан акча алмаштыруу бюролорунун саны арбын. Аларды кантип мыйзамдаштырууга болот?

- Чындыгында Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарына ылайык Улуттук банкынын чет элдик нак акчаларды алмаштыруу операцияларын жүргүзүү укугун берген лицензияга ээ болгон юридикалык жактар гана алмаштыруу бюролорун ачууга укуктуу. Учурда Кыргызстанда 336 акча алмаштыруу бюросу катталып, иштеп жатат.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган көзөмөл функцияларын аткаруунун алкагында Улуттук банк күбөлүксүз иштеп жаткан акча алмаштыруу жайларын аныктоо жана алардын мыйзамсыз иш аракеттерине бөгөт коюу чараларын жүргүзөт.

- Мыйзамсыз иштеген акча алмаштыруу жайлары боюнча кандай иштер жүргүзүлүүдө?

- 2014-жылдын 1-июнуна карата Улуттук банк тарабынан Бишкек шаары боюнча 575 акча алмаштыруу жайлары текшерилди. Анын ичинде Мамлекеттик салык жана Экономикалык кылмышка каршы күрөшүү Мамлекеттик кызматы жана КР Ички иштер министрлиги менен биргеликте жасалган текшерүүлөрдүн негизинде тийиштүү протоколдор түзүлдү.
Жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында кассалык дисцип-линаны сактабагандар, чет элдик валютаны алмаштыруудан баш тарткандар (айрыкча майда номиналдагы валюталарды алмаштырбай койгондор), алмаштыруу операцияларды эсепке алуу учурунда кетирилген мыйзам бузуулар, анын ичинде терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы күрөшүүгө багытталган мыйзамдуулукту бузуу үчүн 86 алмаштыруу бюросуна жазма буйрук берилип, 59 алмаштыруу бюросунун лицензиясынын аракети убактылуу токтотулду. Эми ал акча алмаштыруу бюролору жети күн аралыгында буга чейинки мыйзам бузууларды жоюуга тийиш.

- Улуттук банк тарабынан убактылуу токтотулганына карабай иштеп жаткан акча алмаштыруу бюролоруна жана Улуттук банктын лицензиясы жок операция жасаган акча алмаштыруу бюролоруна кандай чаралар колдонулууда?

- Улуттук банк алмаштыруу операцияларын убактылуу токтотуп кеткенине карабай иш алып барган жана текшерүүгө каршылык көрсөткөн 10 алмаштыруу бюросунун лицензиясын кайтарып алды. Жыл башынан бери Улуттук банктын тиешелүү лицензиясы жок операция жүргүзгөн 86 жеке ишкерге административдик чара колдонулуп, Кыргыз Республикасынын "Административдик жоопкерчилик" тууралуу Кодексине ылайык айып пул салынды. Республикалык бюджетке түшүүчү айыптардын жалпы суммасы 136 500 сомду түздү.
Мыйзамсыз иш жүргүзүп, лицензиясыз иштеген алмаштыруу бюролоруна карата күрөштү күчөтүү үчүн Улуттук банк мыйзамдар, анын ичинде "Административдик жоопкерчилик" тууралуу Кодекске толуктоо жана өзгөртүү киргизүү боюнча бир топ иш аракеттерди жүргүзүүдө. Бул мыйзамдын алкагында жеке жана юридикалык жактарга карата административдик айып пулду жогорулатуу каралууда.
Мындан тышкары Улуттук банк мыйзамсыз иш алып барган алмаштыруу жайлары менен чет элдик валюталарды алмаштыруу жүргүзгөн жеке ишкерлер тууралуу Улуттук банктын сайтында жана башка басма сөз каражаттары аркылуу оперативдүү маалыматтарды берүү менен алардын жайгашкан даректери тууралуу жарыялоону жүргүзүүдө.

- Карапайым эл акча алмаштыруу учурунда алданып калбаш үчүн эмне кылыш керек?

- Айрым мыйзамсыз иш алып барган акча алмаштыруу бюролору акча алмаштырганы келген кардарларды алдап койгон учурлар көп эле кездешет. Бирок мындай учурда кардарлар арыз менен кайрылышпайт. Анткени мындай акча алмаштыруу бюролорунда олбурлуу жигиттер иштеп, арызданып кайрылган кардарларды коркуткан учурлар жок эмес. Ошондуктан, алданып калбаш үчүн же көз боёмочулукка жана башка мыйзамсыз иш аракеттерге кабылып калбаш үчүн калкты Улуттук банктын лицензиясы, ошондой эле каттоо каты бар алмаштыруу жайларынан гана акча алмаштырууга чакырат элек. Айрыкча, алмаштыруу бюролорунун лицензиясына көңүл буруу зарыл. Улуттук банктын нормативдик жана укуктук актыларынын талаптарына ылайык лицензия жана Улуттук банкынын каттоо каты алмаштыруу бюролорунун маалыматтык бурчунда жайгаштырылып, кардарларга көрүнгөн жерде илиниши керек. Эгерде жогорудагы талаптар алмаштыруу бюролору тарабынан сакталбаса, анда алардын ишмердиги мыйзам бузуу менен жүргүзүлөт. Алардын иши мыйзамсыз жана Улуттук банк тарабынан жөнгө салынып, көзөмөлгө алынбайт.
Айта кетчү жагдай, мыйзамсыз иш алып барган алмаштыруу бюролору керектөөчүлөрдүн укугун четке кагып, операциялар контроль-кассалык машинасыз жасалгандыктан акча алмаштырганыңызда тастыктоочу чек беришпейт. Мындай акча алмаштыруу жайларынан этият болгонуңуз оң. Анткени алардын мыйзамсыз иш аракеттерди, мисалы акчаңызды туура эмес берип коюу же жасалма акча берип коюу коркунучу бар.