Русландын жерин
талашпагылачы, байболгурлар

Дүйнөнүн жана Европанын үч жолку чемпиону, "Барс" версиясы боюнча КМШ, Евразия, Европа жана Дүйнөнүн чемпиондук курларынын ээси Руслан Абасовду 27-март күнү Токмок шаарынан жардырып кетишкен эле. Андан бери бир нече ай өтсө да, тергөө иштеринин жыйынтыгы чыга элек. Анын өмүрү, өлүмү жана үй-бүлөсүнүн учурдагы абалы тууралуу кайнатасы Таалайбек Алисопиев менен маектештик.

Жетим
өскөн бала эле...

Руслан кичине кезинде эле атасы каза болуп калган. Апасы башка адамга турмушка чыгып кетип, Руслан күнү-түнү бала бакчада калчу. Кийин мектеп-интернатка барып, ошол жактан билим алып, тарбияланат. Апасы жылына үч же төрт жолу гана келчү экен. Ошентип, атанын акылын, эненин мээримин көрбөй чоңойгон. Интернатта окуган балдар каникул учурунда үйлөрүнө кетет. Ал эми Руслан жана ага окшогон он чакты бала интернатта калышат. Эртең менен туруп базарга барып, ар кимдин дарбызын түшүрүп, ар кайсы жумушун кылып, кечинде бир бөтөлкө лимонад, эки май токоч алып берсе, ошого кудуңдап сүйүнгөн боюнча интернатка кетишчү экен. Интернатты бүткөн соң, үстүндө кийгенге кийими жок, чөнтөгүндө тыйыны да жок, бир футболка, бир шымы менен "Гермес-профи" спорт клубуна барып, машыктыруучу Александр Воинов менен таанышат. Ал Русландын кейпин көрүп боору ооруп, батирде жашаган спортчу балдарга кошуп коёт. Ошентип, Воинов аны машыктырып, материалдык жактан да жардам берип, өз атасындай болуп калган. Жада калса Русланды өзү үйлөнтүп, ресторанга чоң той берген эле. Менин кызым Айчүрөк менен 12 жыл жашады. Тун уулу Темирлан 11 жашта, кызы Лейла 7де, эң кичинесине Руслан деп өзүнүн атын койгон эле. Ал баласы азыр үч жашта. Каза болоор күнү эртең Нарынга кетем деп жаткан. Анткени Токой чарба департаментинен аркар-кулжаларга электрондук чип койгону барышмак экен. Базарга барып, азык-түлүгүн алып, "ата мен кетип баратам" - деп үйгө келген. Чай ичип, бир аз сүйлөшүп отурган соң, кызым экөө чыгып кетишкен эле. Андан 15 мүнөт өткөндөн кийин эле "жардырып кетти" деп телефон чалышты. Алгач ишенген да жокпуз. Биз барсак ооруканага алып кетишиптир. Андан 10 мүнөт өткөндөн кийин эле каза болуп калды.

Баласы "туулган күнүмө папамды
чакырам" дейт...

Кызыма боорум ооруйт. Берилген маалыматтарда Айчүрөк унаанын артында отурган деп айтып жатышат. Чындыгында кызым жанында эле отурган. Жардыруучу затты Руслан отурган отургучтун астына койгондуктан, ал жарылганда бутунун артериясын кесип кеткен. Андай учурда кан токтобой адам бат эле өлүп калат. Эгер тез аранын ичинде операция кылса, балким тирүү калышы мүмкүн эле. Мен кызымдын бекемдигине баа берем. Канча жылдан бери чогуу жашаган жолдошунун көз алдында жарылып кеткенин көрүүнүн өзү кандай оор. Тез жардам келип Русланды салып кетип баратканда: "Айчүрөк мен кетип баратам. Балдарды жакшылап кара. Эгер менден ката кетсе кечирип кой!" - деген экен. Көрсө, байкуш балам каза болорун сезсе керек.
Балдары атасын сагынат. Айрыкча кичинеси атаң жок, каза болду дегенди түшүнбөйт. Эшиктен кирип келчүдөй күтө берет. Мүрзөсүнө алып барып, бул жерде атаң жатат десек, "папама терезе салып койбойсуңарбы, сыртты карап турсун," - дейт. Жакында кенже баласынын туул-ган күнү болот. "Туулган күнүңө кимди чакырасың?" - деп сурасак, "папамды чакырам, папам качан келет?" - дейт.

Руслан
боорукер жан эле...

Руслан каза болгондо, аны криминалга байланыштырып жибергендер да болду. Бирок анын кандай адам экенин Русланды тааныгандар жакшы билет. Өткөндө кызыма Жети-Өгүздөн бир абышка чалып, "Русландын өлгөнүн угуп жаман болуп жатабыз. Өз баламды жоготкондой боздоп отурам," - дептир. Көрсө Руслан бир жолу машинасы бузулуп калып, бир үйгө кирсе ал жерде баласы да, кызы да жок бир чал-кемпир жалгыз жашайт экен. Аңчылык жайытына баратканда, кайра келе жатканда кемпир-чалга атайын азык-түлүк алып келип таштап кетип турчу экен. Аларды чоң ата, чоң апа деп, 200 гө жакын тоок алып барып берип, "ушуну союп жеп, оокат кылгыла" дептир. Аңчылык жайытына баратканда "чоң ата мен баратам" деп чалып койсо абышка-кемпир тамак даярдап тосуп алчу тура. Бизге анысын айткан деле эмес. Токмокто чогуу окуган айрым орус классташтары арак ичип алкаш болуп кетишкен. Алардын балдарына мектепке керектүү кийимдерин, ручка дептерин жыл сайын сатып берип турчу. Кызым Айчүрөк "тапканынын баарын ичип алган алкаштарга эмнеге жардам бересиң?" - деп баягы аялдыкка салып, жактырбай, сүйлөнчү окшойт. Ал учурда мага келип: "Ооба, ал классташтарым тапканынын баарына арак ичишет. А бирок балдарда эмне күнөө. Алар деле окугусу келишет да. Аны Айчүрөк түшүнбөйт," - деп калаар эле. Абдан боорукер жан болчу. Үч бөлмөлүү үйүнөн башка эч нерсеси жок болсо дагы колу ачык, берешен, боорукер эле. Жакшы адамдар аз жашайт деген ушул окшойт.

Русландын өмүрүн кыйгандар мыйзам алдында жооп
берсе...

Балекеттин бардыгы аңчылык жайыттарынан чыкты окшойт. Руслан 2011-жылы Ат-Башы районун 2016-жылга чейин ижарага жер алып, аңчылык чарбасын уюштурган. 2013-жылы жазга маал Нарындын мурдагы губернатору Канатбек Муратбеков Русланды чакырып "Аңчылык жерлерге конкурс кылган жатабыз. Жаңы жобо чыкты. Конкурстун негизинде жерлер кайрадан берилет," - дейт. Мурда аны менен жакшы сүйлөшүп, учурашып турган Муратбековдун өзгөрүп, сыртын салып калганын байкаган Руслан, "мейли эми конкурсуңа катышса, катышайын" деп конкурсту өткөрүп жаткан комиссияга документтерин алып барса: "Сенин документтериңди албайбыз. Сенин жериңе колунда бар кишилер кызыгып калыптыр. Бизге таарынба, бирок сага бере албайбыз" - деп ачык эле айтышат. Руслан Александр Воиновго барып эмне кылсам деп кеңешет. Ал болсо "чоңдор кызыгып жатса, анда сотко кайрыл. Андан башка жол жок" - дейт. Ошентип сотко берет. Алар аңчылык жайытына арест коюшат. Көрсө былтыркы жылы өткөрөбүз деген конкурсу мыйзамсыз экен. Мына быйыл араң жоболорун жазып чыгышты. Руслан сотко бергенде, конкурсту мыйзамсыз өткөрүп жаткандыгы билинип, токтотулган эле. Эми конкурс быйыл болот экен деп бардыгы даярданып жатышат.

Дмитрий Цой 300 миң
долларга жериңди бер
деген...

Русландын өлүмүнө шектүү деп сурак берип жаткан Дмитрий Цой менен Русландын мергенчилик чарбасы чектеш. Руслан Нарын облусунан 30 миң гектар жер алган, ал эми Цой Ысык-Көл облусунан 5 миң гектар жер алган. Бирок экөөнүн жери чектеш жайгашкан. Цойдуку 5 миң гектар жер деп айтканда көптөй көрүнгөнү менен эсептегенде тоо дагы кошулуп эсептелгендиктен бир эле кокту болуп калат экен. Кичине эле жер болгондуктан аркар-кулжалар бирин-серин барса барды, барбаса жок. Ал эми Русландыкы ыктоо жер болгондуктан, жаныбарлар ары-бери жылганда ошол жерге көп келет. Ал жерге браконьерлер дагы бара албайт, анткени ал жакка барыш үчүн чек ара заставасынын жанынан өтүш керек болот. Ошондон улам Цой Русланга "жериңди мага бер, мен сага 300 миң доллар берейин," - дейт. Ал "Бербейм. Мен бул жерге инвестиция алып келип аркар-кулжаны көбөйтөм," - дейт. Анткени Руслан жаныбарларды абдан жакшы көрчү. Бир жолу жогорку кызматтарда отурган чиновниктер барып, бир топ аркар-кулжаны кырып салганын көрүп абдан кейип келген. "Сүйлөгөндө ай-асманды сүйлөшөт, кылган иштерине болсо киши жийиркенет," - деген эле. Цойго ошентип жерин бербей койгон. Андан кийин ортолорунда эмне болгонун чындыгында билбейм. Дмитрий Цой Русландын жерине жакын кылып чет элдик туристтерге ыңгайлаштырып бардык шарты менен, дүйнөлүк деңгээлге жооп бере тургандай мейманкана салган. Ал мейманкананы салууга бир миллион доллар жумшаган. Анын мындай кадамы жериңди баары бир мен алам дегени эле. Дмитрий Цойду 6-майда кармап, Руслан Абасовдун өлүмүнө шектүү деп айтышкан. Русландын өлүмүнө ким күнөөлүү болсо да, өзүнүн мыйзамдуу жазасын алат деген ишеничтебиз.

Русландын жери үй-бүлөсүнө калса...

Руслан "Сары-Өзөн Айдин Хантинг" ААКсын түзүп, иштетип жаткан аңчылык чарбасына тиешелүү болгон жерди 2016-жылга чейин ижарага келишимдин негизинде алган. Бирок азыр анын жерин конкурска коюп жатышат. Мурдагы келишимдер жарабайт, жаңы жобо чыкты деп жатышат. Руслан Абасовдун дагы аз да болсо кыргыз спортуна кошкон салымы бар чыгар. Кыргызстандын желегин желбиретип, бир топ жеңиштерди алып келди эле. Ошон үчүн үй-бүлөсүнө ушул жерин калтырып коюусун суранып президент Алмазбек Атамбаевге жана премьер-министр Жоомарт Оторбаевге кат түрүндө кайрылдык. Келинчеги иштебейт, жашы жете элек үч баласы бар. Мен өзүм дагы бир топ жылдан бери оорунун айынан майып болуп калып, учурда иштебейм. Руслан каза болгондон кийин "каза болду" деген аныктама бериле элек. Өзү жарылып "каза болгону" көрүнүп турса анын медициналык экспертизага берип, сойдуруп эмне кереги бар деп Русландын туугандары болбой койгон. Ошондон кийин кызым эми эсине келип, аныктама алайын деп барса, 10-июнда беребиз деп коюшту. Мыйзам боюнча кызым жолдошунун мүлкүнө каза болду деген аныктама алгандан соң, алты айдан кийин гана ээ болууга укукту экен. Демек, алты айдан кийин гана конкурска катышканга укугу бар. Ал эми конкурс болсо 24-июнда болот. Русландын келинчеги үй-бүлөсүн баксын деп 2016-жылга чейин жерди калтырса жакшы болмок. Андан кийин конкурска катышып, юридикалык жактан бардык документтерин даярдамакпыз. Руслан мергенчилик чарбасын ачканы бир топ иштерди жасаган эле. Андыктан, анын үй-бүлөсү жеринен ажырап сыртта калып калбасын деп жатабыз.