Турсунбай Бакир уулу, Жогорку Кеңештин депутаты, "Ар-Намыс" фракциясы:
"Батукаев темасы Жогорку Кеңештин токтому ишке ашканда гана актуалдуулугун жоготот"
- Турсунбай агай, Батукаевди бошотуп жиберип, укук коргоо органдары бир жылдан соң туура эмес чыгарганын моюндарына алышып, кайра издөө жарыялашты. Бул аракетибиз менен башка мамлекеттерге уят болгон жокпузбу?

- Албетте, башка мамлекеттерге да, дүйнө жүзүнө да уят, шылдың болдук! Башка мамлекеттерде криминал төбөлдөрүн артынан түшүп болсо да өз өлкөсүнө кайтарып келет, а бизде болсо колунда кишени бар мыйзамдагы ууруну (бир гана аны эмес!) "баары мыйзамдуу!" деп мыйзамдын үстүнөн көзөмөл жүргүзө турган негизги орган - Башкы прокуратура баш болуп сот залынан бошотуп, анан аэропорттун VIP-залынан учуруп жиберип атышпайбы?!

- Эми издөө жарыялап, бир канча убакыт өткөндөн кийин аны да Бакиевдерди сыртынан соттогондой соттоп коюшпайбы?

- Менин пикиримде, Кыргызстанда акыркы жылдары жаңы коррупциялык схема ойлонулуп чыкты. Бул схеманын максаты: абакканада олтурган чоң кылмышкерлерди атайын качырып, андан кийин шампанскийдин бокалын же конъяктын рюмкасын иче коюп, алган жашыл акчаларды санап коюп, депутаттарга жана журналисттерге "биз Орусияга кайрылып жатабыз, биз Беларуссияга кайрылып жатабыз, бирок сволочтор бизге аларды бербей жатат!" деп жыргап эч нерседен бей капар отурушат.

- Эмне үчүн депутаттык комиссия атаган 26 кишинин эч кимиси жоопко тартыла элек? Бул жерде башкы прокуратуранын дагы күнөөсү барбы?

- Бул мен үчүн да, жалпы парламент үчүн да чоң табышмак! Парламенттик комиссия коррупциялык схеманын, күнөөлүүлөрдүн баарын аныктап, тарыхый токтомду беш фракция бир добуштан кабыл алып, Башкы прокуратурага да, өкмөткө да карматтык. Бирок, бир жылдан ашык убакыт өтсө да эч ким жоопкерчиликке тартылган жок! Бир гана Жогорку Кеңешке карай турган Акыйкатчы бар экен, ал жумуштан алынды, бирок ал кол тийбестигинен ажыраса да Т.Акунга ушул күнгө чейин кылмыш иши козголо элек! А Өкмөт болсо "эч кимдин күнөөсү жок экен" деп корутундусун Жогорку Кеңешке жөнөтүп жатпайбы?! А Башкы прокуратура бир жылдан кийин гана "эсине келип", кылмыш ишти козгоду. Ошон үчүн коллегам Нуркамил Мадалиев ага туу-ра сын-пикирин айтты: "Эмне үчүн гезиттеги макала боюнча заматта кылмыш иш козгойсуңар, а парламенттик республикадагы эң негизги бийлик органдын - Жогорку Кеңештин токтомун аткарбайсыңар?" деп.

- Сиз да депутаттык комиссиянын мүчөсү болгонсуз. Кимдин жеке көрсөтмөсү менен кызыл килем төшөлүп чыгарылганынын сырын биле алдыңызбы?

- Депутаттык комиссияда биз коррупцияга малынган бардык 27 аткаминерди көрсөтүп бердик: сотту, атайын прокурорду жана анын жардамчысын, ГСИНди, Саламаттыкты сактоо министрин жана анын кызматкерлерин, акыйкатчыны жана анын кызматкерлерин жана бир топ чиновниктерди. Эгерде былтыр эле Жогорку Кеңештин токтомун Башкы прокуратура аткарганда бүгүнкү күнү коомчулук дагы, депутаттар дагы нааразы болушпайт эле жана коомдук пикир басылат эле... Кеч болсо да Башкы прокуратура менен УКМК кылмыш ишти козгошту, эми аларга Алла-Таалам күч-кубат берип, коррупциялык схеманын башында ким турганын тез аныктап беришсе дурус болмок.

- Батукаевдин анализи менен үч күндө өлүп калат деп корутундуга кол койгон адис бүгүн республикалык кан борборун жетектеп калыптыр го. Андан кабарыңыз барбы?

- Эгерде маалыматыңыз туура болсо - анда бул акмакчылык! Өкүнүчтүүсү, ушундай кадр дайындоолор мамлекеттик бийликтин аброюн эбегейсиз түшүрүп жатат. В.Путин айткандай: "Акаевдин кетменин кайра эле кийинки бийликтегилер дайыма басып алып жатышат". Сиз айткан мисалдарды уланта берсе болот. Мына, Украинадагы элчиликти алып көрсөк, Өзбекстандан иштей албай жумуштан кеткен, Орусияда иштей албай жумуштан кеткен, ага кошумча мигранттарыбыздын бир да көйгөйүн чечпеген, алардын кыжырын келтирген Улукбек Чыналиевди негедир 2012-жылы Украинага элчи кылып коюшкан. Популярдуу тележаңылыктарда айтылгандай мындай терс фактыларга - "комментарий жок".

- Батукаев темасы Кыргызстанда качан актуалдуулугун жоготот?

- Качан Жогорку Кеңештин токтому ишке ашканда гана Батукаев темасы актуалдуулугун жоготот. Ага чейин убакыт созушуп унутулуп калат дешкени менен, аны чыгаргандар жана Батукаев камакка алынмайын бийликтин бетине жабылган көө болуп кала берет.




Мамбеталиевди кекеткен Төлөгөнов
Мамлекеттик күзөт кызматынын орун басары Искендер Мамбеталиев Жогорку Кеңештин отурумунда депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, камырабастан эле: "Бизде чек арачылар жетишсиз. Чек ара сакчылары тажикстандык булактар менен иштеп, ал жактагы маалыматты кыргыз тарапка ыкчам жеткирип турат," - деп айтып, мамлекет өзүнүн коопсуздугун коргой албайт деп кыйытты эле, эл өкүлү Райкан Төлөгөновдун ачуусу келип: "Сиз бул жөнүндө бизге айтып жатасызбы же артта отурган журналисттергеби? Сиз чек арачылар жок, күчүбүз аз деп мамлекеттин ымандай сырын ачып жатасыз. Сиз чек арачыларыңыз тажикстандык булактар менен иштейт деп жатасыз. Бул сөзүңүздөн кийин провокация болот деп ойлонгон жоксузбу?!" - деп кекетти.





Айдоочулук күбөлүк 10 миң сом
Учурда айдоочулук күбөлүктү 10 миң сомго сатып алууга болорун "Ар-Намыс" фракциясынын депутаты Дастанбек Бекешев 29-майда парламенттин отурумунда билдирди.

Анын айтымында, документтерди эки күндө даярдоого болот, бирок коррупцияга каршы күрөш жүргүзүүдөн улам анын баасы 5 миң сомдон 10 миң сомго жогорулап кеткени кызык болуп турат. "Айдоочулар сынак тапшыруу жөнүндө арыз жазат. Бирок, эч ким сынакта жооп берер-бербеси менен иши да жок", - деди депутат. Эл өкүлү мыйзам долбоорунда авто мектептерде практикалык сабактардын видео жазуусун талап кылуу жана өз алдынча даярдануу менен күбөлүк алууга тыюу салуусу сунушталарын айтты.
"Ата Журт" фракциясынын депутаты Улукбек Кочкоровдун пикиринде маселе даярдоодо эмес. "Маселе күбөлүк Мамлекеттик каттоо кызматынан кантип берилээринде. Тиешелүү параны алган кызматкерлер күбөлүк жазып беришет. Ал жакта коррупцияны жок кылсак, маселе болбойт, айдоочу үйүнөн, мектептен же чет жерден окуганында айырма жок", - деди У.Кочкоров.