Кайрылуу

Кыргыз Республикасынын президенти
А.Ш.Атамбаевге,
Кыргыз Республикасынын
Башкы прокурору А. Ж. Саляновага

Сугалак "Сунель-Табак", КСДПчы Ибраев же дыйкандардын укугун ким коргойт?


Биз, "Ош-Дюбек" акционердик коомунун эмгек жамааты, акционерлери жана Кара-Суу районунун тамекичи-дыйкандары сиздерге түздөн-түз кайрылууну туура көрдүк. Себеби, сиздерге чейинки кайрылган тараптардан жыйынтык чыккан жок. Кайрылган маселебиз төмөндөгүдөй:
2013-жылы өндүрүлгөн тамекинин түшүмүн "Сунель-Табак" жабык акционердик коому каалагандай кылып, өтө начар кабыл алды. Бул айтылган тамеки тармагындагы проблемалар боюнча фактылары менен биз МАК "Кыргызтамекисинин" башкы директору М. А. Султановго кайрылдык. Тилекке каршы, бул кайрылуулардан бүгүнкү күнгө чейин эч кандай жыйынтык чыкпай, дыйкандардын шору катып бүттү.
Бул маселе боюнча М. А. Султанов тамеки өстүргөн райондордогу дыйкандар менен жолугушуп, кеңири маалымат берип, төмөндөгүлөрдү билдирди.
2013-жылдын ноябрь айынан баштап тамекинин түшүмүн кабыл алуу башталды. Ноябрь, декабрь аяктап бара жатса дагы тамеки кабыл алуу солгун жүрүп жатты. Турциялык "Сунель-Табак" фирмасы дыйкандар менен түзүлгөн тамеки өстүрүү жана кабыл алуу келишимин бир тараптуу одоно бузуу менен эч кимди тоготуп койбостон, өзүнүн монополисттик абалынан пайдаланып, тамекинин сорттуулугун атайын төмөнкү сортко түшүрдү. Же болбосо, 1-сорттогу тамекини 2ге, 2-ни 3-сорт менен алып, ар бир киптен 600 граммдан тартып, 5-6 кг чейин скидка чыгарып алышты. Тамекинин 1 кг биринчи сортунун баасы 84 сом болгон менен орточо баасы 50-60 сомго барабар болуп калды.
2013-жылдагы тамекинин түшүмүн кабыл алуунун жүрүшү жана жогоруда айтылган арыздарды иликтөө максатында МАК "Кыргызтамекиси" 2013-жылдын 25-декабрында "Сунель-Табак" жабык акционердик коомунун башкы директору Чагдаш Сайлак жана башкалар катышкан кеңири отурум өткөрдү. Бул отурумдун жыйынтыгында МАК "Кыргызтамекиси" тамекинин түшүмүн алууда ЖАК "Сунель-Табактын" ГОСТ 8073-77 техникалык нормаларын так аткарып, сорттуулугун төмөндөтпөй кабыл алуусун өтүндүк. Дыйкандардын арызынын негизинде бирдиктүү эксперттик комиссия түзүлүп, чогуу иш алып баруусун сунуштаган, тилекке каршы ЖАК "Сунель-Табактын" жетекчилиги биздин сунушубуздан баш тартты. Дыйкандар менен ЖАК "Сунель-Табактын" ортосундагы тамекини өстүрүү, кабыл алуу боюнча түзүлгөн келишимдин негизинде экинчи тарап, тамекини кабыл алууда ГОСТ 8073-77 техникалык документинин талабына ылайык кабыл алат деп милдеттенме алат. Бирок, ага карабастан ЖАК "Сунель-Табак" дыйкандарды алдоо жолуна түшүп, тамекини өстүртүп алып, күзүндө тамеки даяр болгондо ГОСТ 8073-77нин техникалык талаптарын өздөрү каалагандай кылып, өз пайдаларына нормаларын өзгөртүп жазып алышкан дагы тамекини кабыл ала баштаган. Таңгакталган ар бир кип тамекиден таарына деп (покрышка, кип капталган мешок) ГОСТ боюнча 300 гр скидка чыгаруу норма болуп саналат. Ал эми булар эмне кылат? Нымдуулугу норма болгон ар бир киптен 600 гр алып калат, ал эми нымдуулугу бир аз жогору болсо ар бир киптен 5-6 кг чейин өөнөп калат. ГОСТтун талабын өзгөртүү менен ЖАК "Сунель-Табак" 1-сорттогу тамекини 2-сортко, 2ни 3кө, 3тү 4кө кабыл алып, жыйынтыгында миллиондогон сомдорду элдин эсебинен сугунуп жатышат. Дыйкандардан түшкөн арыздарды иликтөө боюнча эки жолу комиссия түзүлүп, бирок, ЖАК "Сунель-Табак" бул комиссиянын иштөөсүнө тоскоолдук кылып, тамекини кабыл алуу пункттарына киргизбей койгон. Тамекинин түйшүгү оор, эрте жаздан кеч күзгө чейин тынбай эмгектенип, маңдай тер төккөн дыйкандардын мээнетин, укугун, кызыкчылыгын ким коргойт?
Бул анализде тамекинин сорттуулугу бир кыйла төмөн алынып жаткандыгы көрүнүп турат. МАК "Кыргызтамекиси" тамекичилердин талаптарын туура көрүп, ЖАК "Сунель-Табактын" кетирген кемчиликтерин сынга алганда, алар "ОШ-Дюбек" акционердик коомунун төрагасы Ибраев Сыргак менен биргелешип алып, "Кыргызтамекиси" мамлекеттик ишканасын жок кылуу максатын көздөп, жалган-жалаа иштерин жүргүзүп жатышат. Биз, карапайым дыйкандар кандай гана инвестор болбосун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, укуктук номаларын так аткарып, иш алып баруусун талап кылабыз.
Тамеки тармагындагы эң оор жумушту аткарган жана кирешенин эң аз бөлүгүн алган катмар тамеки өстүрүүчү дыйкандар болуп эсептелет. Эгерде жогорудагы көрсөтүлгөн проблемаларга көңүл бурулбай, эч кандай чара колдонулуп, туура жыйынтык чыгарылбаса, биздин дыйкандар тамеки өстүрүүдөн баш тартышы турган нерсе.
"Кыргызтамекиси" мамлекеттик ишканасын жок кылуу аракетин көрүп жаткан "Ош-Дюбек" акционердик коомунун төрагасы Сыргак Ибраев кызматка келгенден тартып, өзүнүн жеке кызыкчылыгына гана иштеп жатат. Былтыркы жылдын эсебинен тамеки завод пайда менен чыгып, заводдун иши жүрүп келген болсо, С. Ибраев келгенден бери завод банкротко учурап жатат. Баасы 37 миллион сомду түзгөн мазут үчүн мыйзамсыз келишим түзүп, бир эле түзгөн келишимдин аркасында заводду 7 миллион сомдук зыянга учураткан. Мазуттун 1 кг баасы 17-19 сомго барабар болсо, С. Ибраев өзүнө караштуу ОсОО "Айбийке" деген ишкананы ортого коюп, 1 кг мазуттун баасын 25 сомдон кылып келишим түзгөн. Мунун натыйжасында ортодогу 6-8 сом С.Ибраевдин чөнтөгүнө түшкөн. Айта кетүүчү жагдай, ири келишимди түзүүдө мыйзамдын талабына ылайык акционерлердин уруксаты керек эле. Акционерлердин уруксат бербегенине карабай, С. Ибраев мыйзамсыз келишимдин аркасында заводго ири чыгым алып келген. Акча үнөмдөөнүн натыйжасында сапатсыз даярдалган түшкү тамакты жеген 20 жумушчу ууланып, оор абалда Куршаб айылдык ооруканасына жеткирилип, ашказандарын жуудуруп отуруп, аман калышкан. Заводдо көп жылдардан бери эмгектенип келе жаткан 20-30 адамды мыйзамсыз иштен айдап, өзүнө жакын адамдарды топтоп алган. "Мен КСДПнын мүчөсүмүн, колдой турган адамдарым көп" деп эч кимди көзүнө илбейт. С. Ибраевди КСДПнын айрым Ч. Турсунбеков, М. Орозбаев, А. Кутушев сыяктуу депутаттары ачык эле колдоп жатышат. Биздей карапайым дыйкандарга КСДПнын депутаттарынын С. Ибраевди колдоп жаткандары түшүнүксүз.