Элдин эмгегин жеген "элита"
2010-жылдагы апрель окуяларынын сабактарын окуп үйрөнүү мезгилдин талабы. Себеби, элдик көтөрүлүштүн учурунда кырчындай болгон жаш жигиттерибизди жоготтук. Ошондо коюлган элдин талабы аткарылбай, көйгөйлөр чечилбей калды.

2010-жылдын 7-апрелинде өлкөдө элдик көтөрүлүш болуп, авторитардык режимдин негизин түзгөн үй-бүлөлүк башкаруу талкаланды. Эл көтөрүлүшкө коомдогу тескери көрүнүштөрдү түп-тамырынан бери, революциялык жол менен өзгөртүүнү каалап чыккан. Элдик көтөрүлүш демократияга негизделген жаңы доорду курууга шарт түздү.
Дүйнөлүк илимдин жана тажрыйбанын негизинде элдик көтөрүлүштү эки багытка бурса болот: 1) аны андан ары улантып, элдин талабын ишке ашырып, коомду прогрессивдүү жол менен өнүктүрсө социалдык революция болот; 2) элдин аркасы менен бийликке келип, коомду өзгөртпөй, коррупцияланган башкаруу системасын сактап калып, аны өзүнүн кызыкчылыгына пайдаланса бийликтин төңкөрүшү болот.
Элдик көтөрүлүштү прогрессивдүү идеяга куралданган саясый элита жетектеп, коомду демократиялык нукка буруп, чыныгы социалдык революцияны ишке ашырыш керек болчу, бирок "түбөлүк революционерлердин" ага билими, акылы жеткен жок. Президентке калпак кийгизген менен эле социалдык революция ишке ашпасын турмуш далилдеди.
Коомдун өнүгүшүнүн бир нече жолу бар, алар: эволюция, революция, реформа. Революция- бул тез убактагы сапаттуу өзгөрүү, аны бир нече түргө бөлүшөт: социалдык, маданий, илимий-техникалык, өндүрүштүк, ж.б. Социалдык революция -бул коомдун социалдык-экономикалык, саясый-укуктук, руханий-маданий системасынын түп-тамырынан бери, тез арада толук өзгөрүшү. Кыргызстанда мындай болгон жок. Аны өздөрү моюнга алып жатышса, анан кайдагы революцияны айтабыз. Мисалы, Кыргыз Республикасынын Президентинин Указы менен 2014-жыл мамлекеттүүлүктү бекемдөөнүн жылы болуп жарыяланып, мамлекеттин түзүлүшүнүн жана башкаруусунун натыйжасыздыгы, укуктук системадагы жетишпегендер жөнүндө маселе коюлуп жаткандыгы, коомдо революциялык көрүнүштөр жок экендигин далилдеп койду.
Бүгүнкү күндө кыргыз коому жана мамлекети терең социалдык-экономикалык, саясый-укуктук жана руханий-маданий кризисти башынан кечирип жатканын билебиз. Коомдун туташ кризисинен чыгуу үчүн биз анын себептерин билүүгө жана кризистен чыгуунун жолдорун аныктоого тийишпиз.
Коомдун социалдык-экономикалык негиздери жалпы коомдун кызыкчылыгы үчүн эмес, айрым жеке инсандардын кызыкчылыгы үчүн иштеп жатат. Материалдык байлык бир ууч адамдардын колуна топтолгон. Бир адамдын укугу коомдукунан жогору туруп калды. Реалдуу экономика адамдардын суроо-талаптарын канааттандыра албайт. Эмгек акы жашоо минимумунан төмөн. Официалдуу маалыматтар боюнча, ар бир үчүнчү жаран жакырчылыкта жашоодо жана социалдык проблемалар чечилбей жатат. Коомдо социалдык адилеттүүлүк жок, калктын социалдык жактан катуу жиктелүүсү жүрүүдө.
Мамлекеттик менчикти жоюу, аны ар кандай жолдор менен менчиктин башка формаларына өткөрүп жиберүү - бул мамлекетти экономикалык базадан ажыратуу, өлкөнү алсыратып, ички жана тышкы күчтөрдөн көз каранды кылуунун бирден-бир жолу. МВФ, Дүйнөлүк банктын жана башка долбоорлордун көрсөтмөсү боюнча, мамлекеттик ири жана орто ишканалар банкрот абалына жеткирилип, андан ары арзан баада сатылып кеткен.
Кыргызстанда коррупциялашкан чиновниктер жана алардын жакындары түзгөн, жаңы "саясый элита" жаралды. Бул "саясый элита" элге тиешелүү болгон, мамлекеттин байлыгын талап-тоноп жана "менчиктештирип" алды.
Кыргызстандын саясый элитасы өзүнүн жеке баюусуна багытталган кызыкчылыктары менен гана алектенип, коомдун эң бай катмарына, ал эми эл болсо эң кедей жана каалагандай башкара ала тургандай алсыз массага айланды. Бүгүн Кыргызстанда "демократия" ачык, даана байкалган криминалдык жана коррупциялык түскө ээ болуп, анын натыйжасында, өлкө терең экономикалык кризиске кептелди.
Кыргызстанда түзүлгөн кырдаалдын негизги себеби, мамлекетти башкарууда экономика эмес, саясат чоң роль ойноп калгандыгында. Кыргызстанда "көмүскө" экономиканын көлөмү кыйратуучу масштабга жетип, ал өз кезегинде, наркотик, денесин жана контрабандалык товарларды сатуудан түшкөн "булганч" акчаларды тазалоонун туруктуу финансылык схемасын түзүүгө мүмкүнчүлүк берип жатат. Бүткүл көмүскө бизнес өлкөнүн саясый элитасынын жана криминалдык структуралардын көзөмөлүндө туруп, ал өлкөдөгү бардык саясый процесстерди манипуляциялоого мүмкүнчүлүк берип, мыйзамсыз баюусун камсыз кылууда. Пара, кызмат адамдарын сатып алуу, мыйзамсыз жыйымдар, опузалоо, рэкет, рейдерлик басып алуулар, шантаж, коркутуп-үркүтүү - мамлекетти башкаруунун ыкмасына айланды. Мамлекеттик бийлик айрым чиновниктер үчүн баюунун булагы болду. Бай "саясый элита"-коррупциянын күзгүсү.
Өлкө "жапайы" рынок реформасы үчүн өтө эле чоң социалдык баа төлөдү. Калктын кирешесинин орточо деңгээли кескин төмөндөдү, аларды бөлүштүрүүдөгү теңсиздик жогорулады, жаңы кедейлердин бүтүндөй катмары пайда болду, булар: илимдин, билим берүүнүн, саламаттыкты сактоонун, маданияттын кызматкерлери, инженердик-техникалык кадрлар, жогорку квалификациялуу жумушчулар.
Колхоздук-совхоздук системанын кулашы менен, өндүрүшкө тартылбаган адамдардын саны көбөйүп, алар шаарларга агылып келип, жумушсуздардын катарын толукташууда. Жумушсуздук миңдеген адамдарды жакырчылыкка туш кылып, кылмыштуулуктун, наркоманиянын өсүшүнө, деструктивдик диний жана экстремисттик топтордун пайда болушуна алып келүүдө.
Саясый система коомдогу өзүнүн негизги функциясын аткара албай жатат. Азыркы саясый система эл бийлиги принцибин жокко чыгарууда, мамлекеттик бийлик органдары тарабынан элдин эгемендүүлүгү бузулууда.
Кыргызстанда парламенттик республиканы куруунун проблемалары чечилбеген бойдон калууда. Авторитардык режим мурдагыдай эле өз ишин жүргүзүүдө, үй-бүлөлүк-кландык система башкаруунун партиялык-өзүмчүл системасына өсүп чыкты, ал маани-маңызы жана мазмуну боюнча өлкө үчүн бир топ кысымчыл болуп жатат. Кыргыз Республикасынын жарандарынын жеке, саясый, социалдык-экономикалык укуктары бузулууда.
Кыргызстан эң коррупциялашкан өлкөлөрдүн катарында турат. Коррупция улуттук коопсуздукка коркунуч келтирип, кирешелердеги теңсиздиктин пайда болушунун негизги себеби болуп, жагымдуу инвестициялык климатты түзүүгө тоскоолдук кылууда. "Кумтөр" алтын кенин иштетүү боюнча түзүлгон келишим коррупциянын туу чокусу болот. Мамлекеттик бийлик бутактарында коррупциянын өсүшүнө негизги себептер бул: 1) өлкөдө коррупцияга жол берген саясый-укуктук системанын калыптанышы; 2) мамлекеттик бийликтин элдик көзөмөлдөн четтеп кетиши; 3) мамлекеттик бийлик органдары жана алардын кызматкелеринин саясый-укуктук жоопкерчилигинин жоктугу эсептелинет.
Кыргызстандагы саясый жана системалык коррупция 20 жылдан бери түптөлүп, калыптанып, улам жаңы тепкичке көтөрүлүп келе жатат. Мисалы үчүн 2010-жылы кабыл алынган Конституциянын негизинде "кыргыз парламентаризми" деген ат менен пайда болгон башкаруу системасы саясый коррупциянын өнүгүшүнө түздөн-түз себеп болду. Азыркы саясый-укуктук система коррупцияга кеңири жол ачып берди. Бийликке келген саясый партиялар Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 4,5-беренелерине дал келбеген иштерге барышып, мамлекеттик жана муниципалдык бийлик органдарын ич-ара бөлүшүп, шайлоодо партиялык тизмедеги орундарды акчалууларга сатышкан. Ошол себептен мамлекеттик башкаруу системасы жөндөмсүз абалга туш болуп, коомдогу көйгөйлөрдү чече албай жатат.
Мамлекеттик бийлик өлкөнүн аймактык бүтүндүгүн сактоого кудуретсиз болууда (Үзөңгү-Кууш, Каркыра, Чарбак, Баткен), улуттар аралык жаңжалдар байкалууда (Искра, Петровка, Көк-Жаңгак, Маевка, Жалал-Абад, Ош), коомдун, мамлекеттин жана жеке инсандын коопсуздугунун конституциялык гарантиясы жок.
Мамлекеттик чегара бузулуп Кыргызстандын жарандары өлтүрүлүп, барымтага алынып, менчиктерине зыян келтирилип, адам укуктары бузулууда.
Укуктук система авторитардык режимдин кызыкчылыгына гана жооп берип калды. Саясый волюнтаризм болуп көрбөгөндөй күч алды. Мисал катары конституциялык реформанын шашылыш өтүшүн, жогортон түшкөн долбоордун элге таңууланышын, коомчулуктун пикирин көңүлгө албай койуу далил болот. Буга чейин баардык конституциялык реформалар бир гана маселени чечүүгө багытталган, тагыраак айтканда алар мамлекеттик бийлик органдарынын ортосундагы ыйгарым укуктарды бөлүштүрүү менен гана чектелип калышкан. Акыркы конституциялык реформа да ушул багытта болду, ошол себептен саясый-укуктук системада өзгөрүү болбой, демократиянын принциптери иш жүзүндө аткарылбай калды.
Кыргыз Республикасынын Конституциясы мамлекеттин негизги идеологиялык документи катары коомдун талабына жооп бербейт. Коомдун кызыкчылыгы жеке адамдыкына караганда төмөн коюлуп калган, мамлекеттик менчик жана бийлик маселелери бир аз кана адамдардын кызыкчылыгына иштеп калды.
2010-жылдагы Кыргыз Республикасынын Конституциясы декларативдүү мүнөзгө ээ жана анын айрым нормалары менен жоболору бири-бирине карама-каршы келет, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдары Конституциянын гаранты катары анын бир бүтүн сакталашын камсыз кыла албайт.

(Уландысы 13-бетте)