Оппозицияга шылтабай, олимпиаданын чыгымдарын жаба албай жаткан
Орусияга шылтагыла

Президент Алмазбек Атамбаев Таласка барган учурунда "Кечээ мага "Манас" аэропортунун президенти келип "Роснефтин президенти мени Россияга чакырды. Барсам, биз силерге бара электе эле кыргыздар чурулдап жатса, кийин бизди иштетпейт. 51пайызыңардын да 50 пайызыңардын да кереги жок. Өзүңөр башка бирөөнү таап алгыла деп айтты" деп мага билдирди" деди. Бул боюнча айрым эксперттердин пикирлерине кулак төшөдүк.


Өмүрбек Абдрахманов,
Жогорку Кеңештин эркин депутаты:

- "Роснефть" компаниясы нефть менен иштеген Россиянын мамлекеттик компаниясы. Анын аэропорт менен иштеген тажрыйбасы жок. Россиянын өзүндө бир ХАБ жок. Кыргызстандагы бардык стратегиялык объектилерди Россия бийлиги мамлекеттик компанияларга сатып алуу боюнча тапшырма бергени, жашыруун деле эмес. Бирок, азыр Россиянын өздөрүнүн проблемалары башталды. Экономикалык өнүгүүсү бул жылы жок болот же минус болоорун өздөрү айтып жатышат. Эл аралык санкциялар да аларды алсыратат. Жаңы кошуп алган Абхазияны, Түштүк Осетияны, Приднестровьени жана Крымды да багыш керек. Сочи Олимпиадасынын чыгымдары да жабыла элек. Анын үстүнө нефтинин дүйнөлүк баасы түшүп кетээри да айтыла баштады. Ошондуктан "Роснефть" аэропорттон баш тартып жатат. Аны оппозицияга шылтаганы - бул жөн гана шылтоо. Бирок анысына мен ыраазымын. Биз аэропортту жана башка стратегиялык ишканаларды бирөөлөргө кармата бербешибиз керек.

Марс Черикчиев,
Экономика министрлигиндеги
байкоочу кеңештин мүчөсү:

- Бул маселенин себебин "Роснефттен" тактап сураш керек. Мүмкүн экономикалык жактан пайдалуу эмес болуп же саясаты өзгөргөндүктөн ушундай бүтүмгө келишкендир. Негизи, аэропортту өнүктүрүү идеясы жакшы. Бирок, бул долбоор ачык тендер аркылуу конкурс уюштурулуп, кайсы бир компания утуп алыш керек эле. Ошондо, ачык-айкындык болмок. Мындан сырткары кандай гана келишим болбосун Кыргызстанга пайда алып келе тургандай болуусу шарт. Андагы жүрүп жаткан процесстер элге сөзсүз түрдө ачык көрсөтүлүшү керек.

Мелис Какешев, экономист:

- Негизи аэропорттун 51 пайыз акциясы мамлекетке тиешелүү болуп, калганы сатылса туура болмок. Түшкөн каражатка аэропортту кеңейтип, Борбордук Азиядагы эң ири аэропорттордун катарын толуктатмакпыз. Мындан бир канча жыл мурун, Акаевдин убагында болсо керек, чоң инвесторлор келген эле. Алар "Манас" аэропортун "Орто Азиядагы эң чоң аэропортко айландырабыз" деп сунуш кылышкан. Бирок, ошол кездеги маңкурт бийлик алардан бир нече миллион доллар пара сураган. Андай нерсеге каршы турган инвесторлор кетип калган. Ошол убакта эле аэропортту кеңейтип алсак, азыркы убакытка чейин канча пайда алып келмек. Ушундай эле мисал, Өзбекстандагы унаа чыгарган "Дэу" заводун куруу боюнча кореялык инвесторлор биринчи Кыргызстанга келишкен. Алардан дагы пара сураган саясатчыларыбыз же акчадан жок же инвестордон жок болуп отуруп калышты. Андыктан, биздин өлкөгө инвесторлор келип, глобалдуу өзгөрүүлөр жүрүшү үчүн система алмашышы керек. Анткени, азыркы эскилиги жетип, чирип калган система коррупцияга жол берип жатат.




"Камила айымдын иш билги жетекчи
экендигин мезгил көрсөтөт"


"
Калк айтса калп айтпайт" дейт. Анын сыңары "Эл элек" рубрикасына ар кайсыл тармактын жетекчилерин салып, эл пикирин билдирип келебиз. Бул сапар жаңы гана Маданият, маалымат жана туризм министри болуп дайындалган Камила Талиеваны элдин сынына койдук.

Субанбек Исмакеев,
теле журналист:

- Камила айым ар дайым жетекчилик кызматта иштеп жүргөн адам. Вице-премьер-министр болуп да иштеди. Ошого ылайык жаңы кызматынын дагы көзүн таап кетет деп ишенем. Аталган министрликке артист же музыкант келсе эле өнүгүү болуп кетпейт. Себеби, ал жерге негизи башкарууну билген адам келиш керек.


Каниет Жыргалбеков, продюсер:

- Камила айым саясат чөйрөсүндө жүргөн адам экен. Ал эми маданияттын өсүшү үчүн ошол тармакты мыкты билген адам керек. Бир чети маданиятка эч кандай тиешеси жок адамды, эмнеге отургузуп койду деп таң калып жатам. Бирок, убакыт өткөн соң башка министрлик орун бошоп калса, мүмкүн алмаштырышат. Жакында эле социалдык түйүндөр аркылуу салам узатсам, алик алганга жараган жок. Азыртан интернет аркылуу жооп алалбасак, кийин эшигине кире деле албайбыз го. Бирок, кантсе да бардык нерсени убакыт көрсөтөт, мүмкүн жакшы иштеп кетээр.


Шайырбек Абдрахман,
коомдук ишмер:

- Негизи бул орунга эл айтмакчы Түгөлбай Казаков, Садык Шер-Нияз, Каныбек Иманалиев сыяктуу көрүнүктүү инсандар татыктуу болчу. Бирок, буйрук ушундай окшойт, Кудай дагы "коом өзү оңолмоюн, мен аны оңобойм" деген экен. Кандай болгон учурда да Камила айымдын татыктуу же татыксыз экенин алдыда жасаган иштери көрсөтөт. Болгону, ал кишиден дагы татыктуурак инсандар бар эле деп айткым келди.


Эльмара Турсуналиева, Ди-джей:

- Маданият кызматкерлеринин коомдогу орду мышык ыйлагыдай. Статусту көтөрүп, чарбаны бекемдөөгө чоң аракет керек. Андыктан, бул тармакка иштин көзүн билген адамды коюшса болмок. Бирок, болоор иш болду, эми Камила айымдын иш билги жетекчи экендигин мезгил гана көрсөтөт.






Пикир: