Кырдаал
Бектер менен белибиз,
жерибиз кошо кетип калбайбы?!

Ошентип, Орусия Крымды өзүнө каратып алгандан бери бир айдан ашты. Украинанын өндүрүш жана кен байлыктарына бай чыгыш бөлүгүнөн ажырап калгандыгы чоң трагедия болду. Учурда мындан да чоң трагедия - бул мамлекеттин чачырап, бөлүнүп-жарылып, жок болуп кетүү коркунучу бар. Өндүрүш жана кен байлыктарына бай чыгыш бөлүгүсүз Украина экономикасын жөндөп жашап кетүүсү кыйынчылыкты туудурарын айтпаганда да, учурда Украинадан бөлүнүүнү көздөгөн жикчилдер Харьковдо жана Донецк шаарында облустук бийликтерди, Луганскта облустук коопсуздук кызматынын имараттарын басып алышканы көп нерседен кабар берет. Жикчилдер бул аймактарда расмий Киевди тааныбоо талабы менен чыгышып, ал үчүн референдум өткөрүү максатын көздөшүүдө.

Орусия Крымды
алды, эмки кезек…

Расмий Москва "бул аймактардагы тополоңго тиешебиз жок", дегени менен Украинадагы орус тилдүүлөрдүн абалына эч ким көңүл бурбаганын айтып күнөө койгондугунун өзү эле жикчилдердин баш көтөрүүсүнө себеп болуп жаткандыгынан кабар берет. Болбосо алар орус президенти В. Путинге тынчтык күчтөрүн жөнөтүүнү өтүнүшүп кайрылбайт болчу. Орус бийлиги жикчилдерди тымызын каржылап жаткандыгын Батыш өлкөлөрү менен АКШ айтып чыкты.
Украина ушинтип кыйын абалда турат. Украина менен Кыргызстанды салыштырууга болобу? Болот, бирок кыйыр түрдө. Украина сыяктуу эле Кыргызстанда да жашоо-турмуштун оордугу, президент Януковичтин өлкөдөн качып кетиши, Бажы биримдиги маселесинин оош-кыйыш жактары жана башкалар Украинадагы кризис эртедир-кечтир Кыргызстанда кайталанбайбы деген кооптонууну туудурат. Дегеле Орусиянын түпкү максаты эмнеде? Путин "кансыз согуш" мезгилинде тирешип турган дүйнөлүк эки лагердин бири - НАТОнун азыр да жашап жаткандыгын, ал эми Варшава келишими жок болуп кеткендигин айтты. Демек, Орусия дүйнөлүк таасиринен мындан ары да ажырап калбас үчүн аракет көрөт. Ириде, 1991-жылы кыйрап калган СССР деген чо-оң мамлекетти башка бир формада калыптандыруу максатын көздөп жаткандыгын Орусиянын кийинки жылдардагы тышкы саясатынан байкоого болот. Бул үчүн Москва алгач көз кырын Батышка салып, Крым, Абхазия, Түштүк Осетияга аскерлерин киргизип, бул аймактарды өзүнө каратып алды. Эмки кезек Орто Азияда деген кептер жүрүүдө. Казакстан Орусиядан кооптонуп, борбор калаасын Алма-Атадан Астанага көчүргөндүгү ачык айтылбаса да белгилүү.
Кремль үчүн Кыргызстанга таасир эте турган жагымдуу жагдай бир топ. Өлкөбүздө топтолуп калган саясый проблемалардан, социалдык-экономикалык жагдайлардан, Орусияда иштеп жан багып жаткан мигранттардан улам Москва Кыргызстанга ачык да, жашыруун да методдорду колдонуп, өлкөбүзгө таасирин арттырууга умтула берет. Албетте, Украинага окшоп Кыргызстан Орусия менен чектешпегендиктен түздөн-түз кайсы бир аймагыбызды басып алалбайт. Бирок түздөн-түз көз карандылыкка алып келип коюшу толук мүмкүн.

Трофимов эмне деп тантырап жүрөт?
Көз карандылыкка кептеп коюунун жолдорун эгер табам десе Москва анын түрдүү ыкмаларын оңой эле таап коёт. Жакында Бишкектеги орусиячыл "Айкөл Манас жана Сергий Радонежский атындагы укук коргоо борбору" деген коомдук уюмдун башчысы И. Трофимов Орусия Кыргызстан менен кош жарандык жөнүндөгү макулдашууну ратификациялоого барууга кызыктар экенин айтты. Анын айтымында Орусия Мамдумасынын төрага орун басарларынын бири, ЛДПР фракциясынын башчысы Владимир Жириновский эгер Кыргызстандын жетекчилиги ушундай сунуш менен кайрылса, ЛДПР фракциясынын башчысы катары колдой тургандыгын билдириптир. Маалыматка караганда орус тилин расмийби, мамлекеттикпи, экинчи расмий же экинчи мамлекеттикпи, айтор кайсы формада болсо да пайдаланган, өз Конституциясына жазган өлкөлөрдүн жарандары Орусия жарандыгын жөнөкөйлөштүрүлгөн схемада ала алат экен. Бир шарты - жарандар орус тили боюнча сынактан өтүшү керек экен. Бул Орусиянын геосаясый кызыкчылыктагы долбоорунун бири болушу мүмкүн. Анткени, Москва көмүскө долбоорлорунун четин "Кремль шуту" Жириновскийдин оозу менен чыгарып коюп жүрбөйбү. Ал мындан бир жарым ай мурда "Бир гана Украинаны эмес, Борбор Азиядагы башка өлкөлөрдү да катуу кармаш керек. Эч кандай Орто Азия республикалары деген жок. Орто Азия Федералдык округу деген бар. Анын борбору Верный. Азыр анын аты башкача, - Алма-Ата болуп аталып калган. Ал менин туулган шаарым. Аны Өзбекстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Казакстан ойлоп табышкан" деп айтып чыккан болчу. Жириновский былтыр Кыргызстан карыздарынын ордуна Ысык-Көлдү Орусияга бериши керек, деп да опурулганын эстейличи.
Трофимовдун өзү деле "Акыйкатчы жөнүндөгү", "Жогорку Кеңеш регламенти жөнүндөгү", "Нормативдик-укуктук актылар жөнүндөгү", "Мамлекеттик тил жөнүндөгү", "Өкмөт жөнүндөгү" беш мыйзам орус тилине шек келтирип жатат" деп байма-бай билдирүү таратып, алтургай ушул мүнөздөгү арызын Кыргызстандын Конституциялык палатасына да жиберип, палата анын дооматын негизсиз деп эсептеген болчу. И. Трофимов кош жарандык боюнча маселенин чечилиши эми кыргыз бийликтеринин кадамдарына жараша болорун айтып бежиреп жүрөт. Тактап айтсак, анын оюнча жогорудагы мыйзамдарды орус тилдүүлөргө тууралап кайра жазып чыгыш керек экен.

Орусия 180 градуска эмнеге өзгөрдү?

Кыргызстандын 700 миңдей жараны Орусияда миграцияда жүргөндүктөн, Жогорку Кеңештин депутаттары алардын бул өлкөдөгү жагдайын жеңилдетүү максатын көздөп, кош жарандык маселесин утуру көтөрүп келе жатышкан болчу. Орус мамдумасы буга чейин ак да, көк да деген эмес. Эми кош жарандыкты Жириновскийдин оозу менен айттырып жатышы орус бийлиги геосаясый кадамдарын 180 градуска өзгөртүп жатышынан кабар берип турган жокпу. Муну менен Орусия Кыргызстанды жаңы саясатына тартуу максатын көздөгөн көптөгөн долбоорлорунун биринин башын кылтыйтып жаткан жокпу? Мисалы, Кыргызстанда орус жарандыгын алып жүргөндөрдүн санын атайылап көбөйтүүнү көздөп… Анан аларга Крымдагыдай референдум өткөздүрүп баштайт…
Учурда эң маанилүү стратегиялык обьекттерибиз Орусиянын колуна өтүп жаткан чак. "Кыргызгазды" Орусияга 1 долларга саттык. Нарын дайрасынын жээктериндеги ГЭС каскаддарын да Орусияга өткөрүп бердик. "Манас" баш болгон аэропортторубуз да Орусиянын колуна аз жерден өтүп кете жаздады. Кыргыз бийлиги элди экономикалык жагдайдан улам гана кызматташып жатабыз деп ишендирип келүүдө. А мени болсо жерибиз да, асманыбыз да, суубуз да бир эле мамлекеттин - орус державасынын колуна топтолуп жатышы кооптондурууда. А сиздичи окурман? "Бетеге кетет бел калат, бектер кетет эл калат" дегенибиз менен бектер менен кошо белибиз, жерибиз кошо кетип калбайбы ия?!