Оң рулдуу унаалардын убайымы

Деги кыргыздар кызык элбиз. Өз башыбызга өзүбүз мушту үйө беребиз. Анан аны талкуулап жатып калабыз. Жөн талкуулабайбыз. Эки жаатка бөлүнүп, кырды бычак болуп кырылышабыз. Мамлекеттин, жалпы калайык-калктын, бүтүндөй коомчулуктун кызыкчылыгын ойлоо деген бизде жок. Өзүнүн гана кызыкчылыгын ойломой. Тырмактай өлкөбүздөгү аягы тынбаган митингдер мына ушундан улам болуп жатат. Эми мына жапондор чыгарган оң рулдагы автоунаалардын айынан кыкеңдер эки жаат болуп чабышканы калды көрүнөт…

Жапондордун оң рулдагы автоунаалары ары арзан, ары сапаттуу болгондуктан аны сатып алгандардын саны Кыргызстанда жыл сайын арбып баратат. Учурда жалпы автосүйүүчүлөрдүн 14 пайызын ушул оң рулдуулар түзөт экен. Бул маселе мындан жети жыл мурда эле козголбоду беле. Андан бери эшек такалап жүрүштүбү биздин чоңдор! Ошондо эле бул маселени бир беткей чечип койгондо мынчалык чыр чыкпайт эле да. Албетте, акча ойноп туруп алды. Бул автоунаалар менен шугулданган бизнесмендер биздин чоңдордун оозун чоң акча менен жаап койду да. Чоңдорубуз эми эмне кылчубуз, деп баштарын тырмап турган чак. Тыюу салып коёлу дешсе, оң рулдуу автоунаа айдап үй- бүлөөсүн багып жүргөндөрдүн шоруна калганы турушат. Алар алка жакадан алаары турулу иш да. Айтмакчы бул маселе жакында өкмөт жыйынында да каралды.
Эксперттердин айтымына караганда, жалпы жол кырсыгынын 20% оң рулдуу унаалар түзөт экен. Жол-кайгуул кызматынын башчысы Талантбек Исаев "2013-жылы оң рулдуу автоунаалардын кесепетинен 276 адам көз жумган. 2012-жылга салыштырмалуу бул көрсөткүч 100 кишиге өскөн. Тактап айтканда, өлүмдүн саны жыл сайын артууда" деди.
Анын маалыматына таянсак, 2013-жылы жалпысынан 7492 жол кырсыгы катталган. Анын 1472си оң рулдуу автоунаалардын айынан болгон. Орточо көрсөткүч менен алганда, өлкөдө ар бир 1000 унаанын 7си жол кырсыгына кабылса, оң рулдуу 1000 унаанын ичинен 12си түрдүү кырсыктарга кабылган. Т. Исаев оң рулдуу унааларды алып келүүдө жана каттоодо 3-4 гана ири оюнчунун экономикалык кызыкчылыгы жабыркаарын, алар эч кандай жоготуусуз эле сол рулдуу унааларды Европа, АКШ өлкөлөрүнөн алып келүүгө өтүп алаарын да билдирди. Ал эми каржы министри Ольга Лаврова "оң рулдуу унааларды өлкөгө киргизүүгө тыюу салса, бюджет 1 миллиард 148 миллион сомдон айрылат" деп айтты. Башкы каржычынын айтымында оң рулдуу унааларды өлкөгө киргизүүгө тыюу салынса, социалдык жана экономикалык кесепеттерге кабылат экенбиз.
"Адам өмүрүнөн кымбат эч нерсе жок, ошондуктан оң рулдуу унааларды алып келүүгө тыюу салуу керек. Буга каршы чыккан тарап бюджетке түшкөн каражат менен бизнесмендердин укуктарынын бузулушун кеп кылышууда. Бирок ошол эле учурда оң рулдуу унааларды өлкөгө алып келүүгө тыюу салуунун зарылчылыгын өтө көп адамдар айтып жатышпайбы. Анткени, оң рулдуу унааларды башкарууга көнбөгөндүктөн, өлкөдө жыл сайын жол кырсыгынан каза болгондордун саны өсүп жатат" деди вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев.
Ал эми Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Адамкул Жунусов "Биз дүйнөлүк соода уюмунун мүчөсү болуп эсептелебиз. Алардын талаптарына ылайык, биз өлкөгө оң рулдуу автоунааларды алып келүүгө тыюу сала албайбыз. Биз өлкөнүн аймагында оң рулдуу автоунааларга чектөө гана киргизип, Мамлекеттик каттоо кызматынан автоунаага каттоону бербей коё алабыз" деген пикирин билдирди. Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү оң рулдуу автоунаалардын рулун оң жагынан сол тарабына жылдырууну сунушташты. Рулду жылдыруу 1 миң долларды түзөт экен.
Ал эми КРнын коргоо министри Абибилла Кудайбердиев, "Кыргызстанда оң рулдуу автоунааларды алып келүүгө толугу менен тыюу салуу керек. Бизнесмендер автоунааларды Япониядан эмес Америкадан деле алып келиши мүмкүн. Эгерде азыр тыюу салынбаса, анда шаардагы кыймыл токтоп калышы мүмкүн", - деди. Эксперт Азамат Акелеев оң жагынан башкарылган машинелерди өлкөгө киргизүүнү чектөө ишкерлердин жана кардарлардын капчыгына урулган сокку болорун билдирди.
Ошентип жок жерден жаралган бул маселе дагы да бир топко ырбачудай болуп турат. Эмнеси болсо да, биздики сол рулга ылайыкташкандыктан, мыйзамга баш ийбешке чарабыз жок. Албетте ар бир эле мыйзам коомдун бир бөлүгүнө иштебей калат. Айталы, өз эрки менен салык төлөйүн дегендердин чыгышы кыйын. Аларды мыйзам аркылуу төлөтүүгө туура келет. Демек, мыйзам аркылуу өлкөбүздүн кызыкчылыгын коргоп калуу аракетин көрүү зарыл. Мыйзам демекчи, бизде транспорт боюнча мыйзамдын бар экендигинен да шегим бар. Учурда айдоочуларга күбөлүк берүү функциясын Мамлекеттик каттоо кызматы аткарып жатат. Окуу программасы ойдогудай эмес. Айдоочуларды даярдоо курстары талаптарга жооп бербейт. Өз балансында машинелери жок болсо, анан кантип үйрөтүп жатышат дейм да. Машинени кайсы бир ишканалардан сурап алып үйрөтүшөт экен… Дегеле, айдоочуларды даярдоо маселесин түп тамырынан бери карап чыгуу керек. Айталы, мурда таксист болуш үчүн экинчи класстагы айдоочулук күбөлүккө, тажрыйбага ээ болуш керек эмес беле. Эми жаш балдардын баары эле таксист болуп алышты. Айдоочулук күбөлүктүн туш келди, окуп-окубаган жарандарга деле сатылып жаткандыгы айдан ачык. Токтогулдук бирөө 16 жаштагы баласына машинени күбөлүгү менен кошо алып берип коюп, Токтогул, алтургай Ошко чейин каттап жүргөнүн билем. Жол кырсыгына ушуга окшогон каны суюк жаш балдар кабылып жаткандыгы да факт! Демек, бул жаатта да тезирээк мыйзам долбоорун иштеп чыгуу зарыл. Такси демекчи, оң рулдуу машинелердин такси катары жүрүүсүнүн өзү кооптуу. Анткени, алар жүргүнчүнү машинелер жүргөн тараптан отургузгандыктан, түздөн-түз жол кырсыгына кабылтып коюшу толук мүмкүн. Таксилерге лицензия берүүдө бул маселе сөзсүз эске алынышы зарыл. Дегеле, биздин жолдор, жол эрежелери оң рулдуу машиналарга туура келбегендиктен, шаар ичиндеби, алыс жолго болобу аларды айдоо өтө кооптуу. Узак жолдо чоң жүк ташуучу машиналарды ашып өтүү оң рулдууларга ыңгайсыз болгондуктан дайыма коркунуч жаратат. Албетте, жол кырсыгы ар кандай себептен улам болушу мүмкүн. Бирок оң рулдагы айдоочунун айынан болгон кырсыктар көбүрөөк катталып жаткандыгы факт! Демек, эмне кылыш керек? Аларга таптакыр тыюу салып коюуга да болбойт. Оң рулдуу автоунаалардын мындан ары өлкөбүзгө киришине тыюу салып, ал эми бул жакта жүргөндөр керектен чыгып калганга чейин жүрө беришине уруксат берүү туура болчудай.







Пикир: