Абдрахман Маматалиев вице-премьер-министр:
"Мен мындан да
оор кырдаалдарды
башыман өткөргөм"

Кечээ эле вице-премьер-министр болуп дайындалган Абдрахман Маматалиев менен байланышып, Таластагы митингге барып келгени, ал кызматка кандайча шайланганы тууралуу баарлаштык.


- Абдрахман мырза, вице-премьерлик кызматтын алгачкы иш күнүн эмнеден баштадыңыз?

- Жогорку Кеңештен вице-премьерлик кызматка бекитилип чыгар менен Талас облусунун Бакай-Ата райо-нундагы митингде карапайым жарандар менен милиция кызматкерлеринин ортосунда кагылышуу болуп кеткенин, эл бийликтен жооп күтүп жатканын угуп, ошол жакка сапар тарттым. Митингдин катышуучулары жана жергиликтүү бийлик менен жолугуп, эки сааттан ашык сүйлөшүп, алардын митингге чыккан талаптарын уктук. Ошондой эле аларга маселенин чоо жайын түшүндүрдүк. "Тарабайбыз" деп жаткан митингчилер эки сааттык сүйлөшүүдөн кийин тарап кетишти. Бирок, сүйлөшүү оңойго турган жок. Митингге чыккандардын арасында кызыл кандуу жигиттер бар экен. Айткан сөзүбүздү уккусу келбей тоскоолдук жараткылары келди. Башында сүйлөшкүлөрү келбегени менен аягында тил табышып, протокол түзүп, кол койдук. Чогулуш бүткөндөн кийин 15-20 мүнөт өтпөй эл тарап кетти.

- Митингге чыккан элдин талаптары реалдуу бекен?

- Реалдуусу жана аша чапкан талаптары да бар экен. Маселен, "Шыралжын" алтын кенин изилдеп жаткан компаниянын ишин токтотуп, техникаларын алып чыгып кетип, экологияга келтирген зыянын төлөп беришсин. Ошондой эле милиция менен митингчилердин кагылышуусуна себепчи болгон карапайым жарандар жоопко тартылбасын. Талас облусу боюнча бардык тоо-кендерди иштетип жаткан ишканалар жабылсын деген талаптарды коюшту. Ар бир талапты элдин алдында талдап чыктык.
Анткени, тоо-кен геология агенттигине "Шыралжын" кениндеги ишибизди убактылуу токтотобуз деген кат түшүптүр. Ведомстволор аралдык комиссия карап чыгып, "Шыралжын" кениндеги ишти токтотуп, убактылуу жаап туруу боюнча чечим чыгарышыптыр. Митингге чыккан элди талабы аткарылды деп аталган агенттиктин жетекчиси кагазды окуп, иш токтогонун, кен убактылуу жабылганын айтты. Ошондой эле экологиялык чыгым боюнча эксперттерди чакырып, ушул жердегилерден да кошуп, адистер менен бирдикте канчалык чыгым төлөшү керектигин изилдеп чыксын дедик. Анткени, бул компания казуу иштерин эмес, чалгындоо гана иштерин жүргүзүп жаткан. Ошондуктан экологиялык зыян келиши мүмкүн эмес деген адистердин да оюн айттык. Ошондой эле Талас облусунда иштеп жаткан кендердин бары жабылсын деген талаптарына бул талап жөнсүз экенин, жакшы иштеп жаткан кенден элибиз зыян эмес, пайда гана көрүп жатканын, эгер нааразычылык жараткан конкреттүү сунуштар менен кат аркылуу тоо-кен геология агенттигине кайрылса болорун айттык.
Элдин андан кийинки талабы милициялардын машинесин өрттөп салган балдар жоопко тартылбасын дешкени болду. Биз укуктук мамлекетте жашап атканыбызды, баарыбыз мыйзам алдында бирдей экенибизди, эгер кимдир бирөө мыйзамды бузса, милиция кызматкери же карапайым жаран дебей бары мыйзам алдында жооп берерин айттым. Анткени, ал жерде митингге чыккан эл милициянын машинесин өрттөп, бир канчасын токмоктоп койду деген доомат койсок, ошол эле учурда милиция кызматкеринен зордук-зомбулукка туш болгондор да бар экени айтылууда. Ошон үчүн жергиликтүү прокуратура кылмыш ишин козгоп, окуянын чоо-жайын иликтеп баштады. Мына ошонун негизинде тиешелүүсүн жоопко тартышат. Биз дагы элдин жүрөгүнүн үшүн албайлы деген негизде бир беткей карапайым адамдарды куугунтуктап, алардын жоопко тартылышына жол бербешибизди, бары мыйзамдын алкагында болорун айттык.
Митинг тарар замат укук коргоо органдарын чогултуп алып, кырдаалдын алкагында, митингдеги мыйзам бузуулар боюнча кеңешме өткөрдүм.

- Ал митингде милициялар көп жабыркаптырбы же карапайым элби?

- Биз сүйлөшүүгө барганда милициялардын колунан (ооруканага кайрылбаган) эки адам жаракат алганын көрсөтүштү. Саламаттыкты сактоо кызматкерлерине барып, прокурорду чакырып, экспертизадан өтүп, жыйынтыгын чыгартса прокуратура карарын айттык. Кыскасы, жарат алгандар эки тарапта тең бар.

- Таласка баратканда Конгантиевдин тагдырын кайталап калсам не болот деп кооптонгон жоксузбу?

- Андай кооптуу сезим болгон жок. Анткени, мен мындан да оор кырдаалдарды башымдан көп өткөргөм. Баткенде аким болуп турган мезгилде элимди коргойм деп моджахеттер менен сүйлөшүүгө барып, 9 күн барымтада калгам. Ошондуктан эл менен сүйлөшүп, маселе чечүүдө тажрыйбам жетиштүү. Элдин маселесин да уга алам, элдин да жүрөгүнө жеткирип айта алам.
Ошон үчүн абалдын кооптуулугун, элдин милиция кызматкерлерине болгон кыжырдануусун эске алып, Бакай-Ата районундагы митингге чыккан элге милициясы жок эле бардык. Барганыбызда агрессивдүү жаштар кыжыры келгени менен сүйлөшө келгенде айтканыбызга ынанып, кол булгалап жакшы барыңыздар деп узатышты.

- Таласта губернатордун орун басарын, акимди барымтага алыптыр деген маалыматтар чыкты эле. Анын канчалык деңгээлде чындыгы бар экен?

- Ал жалган маалымат. Сыягы, элди көтөрөлү деген таризде чындыкка дал келбеген маалыматты чыгарып жиберишсе керек. Аким жана губернатор элге жолугуп, алардын талаптарын угушуптур. Аларды эл барымтага алып, туура эмес мамиле жасабаганына өзүм күбө болуп келдим.

- Сиз жетектеп аткан кызмат жоопкерчиликтүү, мамлекет үчүн маанилүү кызмат. Токон Мамытовдун баштаган ишин аягына чыгарып, кыйшык баспаганга сөз бересизби?

- Токон Болотбековичтин баштаган ишин аягына чыгара алам деп ойлойм. Анткени, чек ара маселеси мага тааныш. Бир канча жыл парламентте коргоо, коопсуздук бөлүмүн жетектегем. Чек ара, коргоо жана коопсуздук боюнча бир топ мыйзамдарды даярдагам. Ошондо эле Союз тарап, биздин чек ара кызматы жаңыдан түзүлүп жатканда Токон Болотбекович барып маселе чечкен жерлерди жөө кыдырып, өз көзүм менен көргөм. Бир топ чек ара посторунун коюлушуна жардам бергем. Кыскасы, бул тармак мага жакшы тааныш. Ошондой эле чек арага жакын жашаган жергиликтүү элдин да, кошуна мамлекеттердин да психологиясын, менталитетин да жакшы түшүнөм.

- Бул кызмат сизге кандайча сунушталып калды?

- Мага депутаттар тарабынан сунушталып калды. Басып өткөн жолумду, тажрыйбамды, ушул тармакта иштегенимди эске алышты окшойт.

- Кулов эле чечип койду дегендер да бар го?

- Кулов эмес, жашыруун добуш берүү менен 25 депутат чечти.






Пикир: