Өзүбек ажы Чотонов, "Дил мүрөгү" борборунун директору:
"Төлөйкан Исмаиловалар
гейлерди колдоп жатышат"

- Асия Сасыкбаева "Өзүбек ажы Чотоновдун "кыздар 14 жаштан күйөөгө чыккыла" дегени педофилдикке чакыруу, кыздардын ден соолугуна зыян келтирүүчү чакырык, керек болсо эркектик шовинизм" деп айтты. Сиз эмне деп жооп бересиз?

- Асия Сасыкбаева спекулировать этип, гендердик саясатын жүргүзүп жатат. Телеберүүдө мен "14 жаштан чыккыла" деген эмесмин. "Кыздар, жигиттер менен сүйүшкөнүңөр туура эмес, эгерде ошончолук эле чыдабай баратсаңар, күйөөгө чыккыла да анан сүйүшө бергиле" дегем.

- Ошол телеберүүдө сиз кыздар он төрт жашынан эр издеп калат дегендей сөз айттыңыз го?

- "Ток шоу" телекөрсөтүүдө кыз 14кө чыкканда, "кулак мурду кер болот, издегени эр болот" деп тамашалап, кыздарды чычалаткам. Аны булар чу кылып жатат. Шапиро деген мектептерге "Здоровый образ жизни" деген китебин киргизкенде булар унчуккан эмес. Ал китепте 7-класстарга 31 түрлүү сексти үйрөткөн, бул боюнча бир нече жыл бою сабактар өткөрүлгөн. Ошондо Сасыкбаева интербилимде иштечү, эмнеге ошондо чыккан жок бул деген педофилдикке чакыруу, деп. Шапиролор жаш кыздарды секске багыттап, "ранний разврат" кылса, Сасыкбаевалар оозуна талкан салып алгансып унчукпайт, мындай таасири өтө тайкы тарбия алар үчүн педофилдик эмес. Ошол эле кыз күйөөгө чыкса педофилдик болуп калабы?! Булар билип туруп эле ушуну жасашат. Кыздар 3-4 жыл мурда жетилерин прекрасно билишет. Кыргызстанда жылына1200 кыз 12- 17 жашка чейин аборт жасатышат, ал тууралуу унчукпайт.

- Сойкулар көбөйүп баратат. Кантип токтотобуз?

- Мектептерде ыйман сабагы болмоюнча, бийлик бул багытта катуу күрөшмөйүнчө токтобойт. Минтип олтурса андайлардан оору жугуп, элдин кырылышына, тукумсуздукка алып келет.

- СПИДди жуктургандар да көбөйүп баратыптыр.

- Азыр 5 миң дешет, геометриялык прогрессте өссө, тез эле кырылып жок болобуз. ООНдун прогнозу боюнча 2050-жылы биз жок болушубуз керек. Прогнозбу же планбы аныгын билбейм.

- Кудай сакта-а! Бизде бир жыныстагылардын үйлөнүүсүн коргогондор да чыкты го...

- Бул пландаштырылган иш. Былтыр "Я мусульманин, я гей" дегендерди укук коргоочулар коргободу беле. Эмнеге коргоду, анткени заказ!

- Кайсы укук коргоочулар?

- Төлөйкан Исмаилова атайы уюштурган "Бир дүйнө Кыргызстан" коому. Булар гейлерди да колдоп жатышат.

Дайырбек
МЕЙМАНОВ,
m_daiyr@mail.ru




Ала кушту атынан аташ керек

С оңку убакыттардагы дүйнөлүк зор окуялардын далдасында өзү кичикей, бирок чоң наполеондук пландарды курган адам европалык коомчулуктун назарынан тышкары калып бара жаткан эле. Бул - Франциянын Экс-Прованс шаарына жакын Люин түрмөсүндө отурган олигарх, алдамчы жана ууру Мухтар Аблязов. Ааламды кайра бөлүштүрүүнүн жаңы этабы башталган азыркы учурда бул кейипкер эмнеси менен кызык. Украинадагы капсалаңдар Аблязовду саясый сахнага кайра алып чыгып, европалык демократиянын чыныгы жүзүн "лакмус кагазынан" көрүнгөндөй айкын кылды.

Эске сала кетсек, М. Аблязовду Россияга жөнөтүү маселесин караган француз Фемидасы анын күнөөсү толук далилденди, мында саясый сыр жок деген пикирге келген. Жылдын башында ошондой болгон. Аблязов мырзанын иштери кадыресе кылмыш деп табылган. Россиядан жана башка мамлекеттерден алты миллиард доллардан ашуун акчаны уурдаган кылмыштык иштери үчүн ага Францияда көп жылдык жаза өтөө мөөнөтү берилмек. Башкача айтканда, "Уурдадыңбы? - Түрмөгө кош келиңиз!".
Эми байкасаңыз, Украинада кризис болуп, Москва Киевдеги мамлекеттик төңкөрүштүн уюштуруучулары күтпөгөн аракетке барган соң, француз соту Аблязовго карата мурдагы мамилесинен такыр айнып чыкты. Мурда француз сотунун расмий өкүлдөрү "олигарх Аблязов укук коргоочулардын айрымдарын сатып алганы менен, бизди калыстыктан тайдыра албайт" - деп кооз сөздөрүн айткан болчу.
Бирок, саясый кырдаалга байланыштуу Францияда Россияга карата көз караш өзгөрдү. Экс-Прованс соту дароо эле Мухтар Аблязовду экстрадициялоо жөнүндөгү маселени кароодо каталыктарга жол берилген деп чыкты. Ушундай.
Мындан саясый конъюнктуранын ишке аралашканы ташка тамга баскандай билинип турат. Соттун сатылбастыгы курулай сөз болуп чыкты, антпесе көз карандысыз сот тек гана фактыларга таянышы керек. Эгер "менин душманымдын душманы - менин досум" принциби менен Аблязовду саясый калкан кылып, Москваны жаманатты кылгысы келсе, бул кантип демок-ратия болсун.
Азыр Аблязовдун ишин Париждин кассациялык соту карап жатат. Чекит коюла элек. Адилеттүүлүк үстөм болуп, кылмышкерге тиешелүү өкүм чыгарылат деген үмүт бар. Процесстер дайыма коомчулуктун назарында болууга тийиш.
Аблязовго байланыштуу ишти кайра караганы жаткан Украинанын жаңы бийлигине ишенип да болбойт. Жарым жыл мурда Украина Аблязовду экстрадициялап, өз өлкөсүнө алып келип, түрмөгө отургузуу үчүн Россия менен атаандашкан. Эми жагдай башкача.
Өлкөнүн карапайым адамдары бул тууралуу билишеби? Кеп Аблязов мырзанын Украинанын өзүнөн эле оффшордук алдамчылык схема менен беш жүз миллион долларды уурдап кеткени жөнүндө болуп жатат. Кедей Украинага 500 миллион акча эмеспи? Же чындык олигархтын акырынан жем жеген украиналык ММКлардын Аблязовдун жактоочусу болуп калгандыгынан көмүскөлөнүп жатабы? "Либералдык" масс-медианын колдоосу менен өкмөткө келген украиналык жаңы саясатчылар калем кармаган "карышкырларга" унчукпайт. Дегинкиси, өздөрү да пара алып койбодубу бекен?..
Иштин маанилүүлүгү мында - принципиалдуу укуктук маселелердин тегерегиндеги ушул сыяктуу саясый оюндар европалык соттордун кынтыксыз адилеттүүлүгүнө деген ишенимге доо келтирүүдө. Мындай жагдайлардан кийин евразиялык криминалдын Евробиримдик өлкөлөрүндө башпаанек жана туруктуу жай алып жаткандыгына таңданууга болобу? Куду орто кылымдарда чиркөөлөрдүн "күнөөнү кечиргениндей" соода жүрүп жатат. Анан эмне, кризис болуп жатса.
Репутация, кадыр-барк деген ушундай нерсе, так таамп кетсе, оңойлук менен тазарбайт. Евробиримдик жана Батыш ансыз деле кош стандарттуулук жагынан такай айыпталып жатышат. Ойлоно турган, өзүнө зыян келтирип жатканын туя турган мезгил жетти окшойт…
Вена дарыясынын чыгыш тарабындагы өлкөлөрдөгү криминалдык бизнестин саясый ураандарды жамынып алып, Евробиримдиктин ыңгайлуу демократиялык колтугунда жашырынуу адаты эртеби, кечпи арсайып ачылат. Анткени, карышкырды канча азыктандырсаң да, ал токойго карап улуйт.
Аблязов боюнча анык нерсе, биринчиден, эгер ал ууру жана кылмышкер болсо, ал үчүн мундирди булгоонун эмне кереги бар. Ала кушту атынан аташ керек. Экинчиден, Россияга кысым көрсөтүүгө Аблязов шылтоо боло албайт. Россиянын алдында ал ким? Кыпынга турбайт. Анын кылмыштык иштерин актоо эч кимге аброй алып келбейт.
Эми, ошентип, эл аралык кылмыштардын бетин жаап салуу аракети улана береби? Салымчыларын жана өнөктөштөрүн бетпактык менен алдап кеткен мурдагы банкирдин камчысын ким чаап жатат? Франциянын соту Аблязовдун франциялык каржы институттарын да алдап кеткенин эсепке алабы? Жапа чеккендердин ичинде англиялык, россиялык жана казакстандык банктар да бар. Ондогон мамлекеттин укук коргоо органдары бул кылмышкердин мындан аркы тагдырына кайдыгер карап отурган жок.
Көп акча уурдаган адам өзүн колдой турган укук коргоо фонддорун көптөп түзүп ала берүүсү мүмкүн. "Демократ" мырзалардын ак менен караны ажырата билгени оң болор.

Рахымберди БЕКБОСУНОВ







Пикир: