Абийиринде адам өмүрүнүн убалы тургандар

Врачтардын кайдыгерлиги, өз иштерине өтө салкын мамиле кылгандыгы, берген антына бекем турбагандыгы мени да туйтала кылып, нааразы болгон жайым бар.

Ичим ооруп бейтапканага барсам, "сокур ичеги болупсуң" дешип операция кылышты. Эсиме келип көзүмү ачсам, коридордо жатыпмын. Кыргыздар "өлчөсө өзү менен кетсин" деп коюшат го, врачтардын кайдыгерлигинен каза болуп, учурда ызы-чуу болуп жаткан ыраматылык Арстанбек кызы Алтынай деген жаранга окшоштуруп мени да коридорго чыгарып коюшуптур. Ал учурда да азыркыдай кыштын күнү болчу. Бир жагынан наркоз тарап, кесилген жерим оорутса, бир жагынан калтырап үшүп чыктым. Түнкү мезгил болгондуктанбы, жанымдан бирөө-жарым өтсөчү. Үнүм жакшы чыкпай, эптеп кыйкырымыш болом, эч ким келбеди. Канча жатканымды билбейм, көпкө жатып, калтырап тоңуп калдым. Бир убакта бирөө келди: "Сен ушул жакта белең, таппай жатпайлыбы" деп коют. "Бул эмне кылганыңар?" дегенимди угуп да койгон жок.
Мен жаткан насылканы сүйрөп барып бир палатага жайгаштырып койду. Бир жагы коридордо жатып үшүп, тоңуп калгандыктан, бир жагы операциядан кыйналгандыгымдан, жаным жер тартып уктап кетиптирмин. Ойгонсом табарсыгым толуп калыптырмын. Саара кылайын десем такыр чыкпай койду. Кыйналганымдан палатада бирге жаткан баланы "врачты чакырып келчи" дедим. Ал барып врачты таппай келди. Саарам чыкпай, табарсыгым толуп кыйналып, баланы "эптеп таап келчи" деп кайра жумшадым. Дагы таппай келди. Айлам кеткенде кыйкырып врачты чакырдым. Анда да жок. Кыйкыра бердим, кыйкыра бердим... Бир убакта врач келип, ичке шланг менен жасалма саара кылдырып, жаным жай ала түштү... Көрсө операцияда кыйналгандын таасиринен айрым адамдардын саарасы чыкпай калгандыктан улам, табарсыгы жарылып кетпес үчүн жасалма саара кылдырышат тура. Врачтар ушуну билип туруп, эмне үчүн менден кабар алып турбады, эмне үчүн менен өмүрүмө кайдыгерлик кылды деп алиге чейин нааразы болуп келем. Жанагы мени карай турган врач, дагы бир аз кечигип келсе, табарсыгым жарылып, о дүйнөгө кете бермектигимди эстегенде азыр да чоочуп кетем. Кудай турат, бул чындык! Врачтардын кайдыгерлигинен болбогон жерден өлүп кала жаздагам. Коридорго чыгарып коюшуп, унутуп калышып, үшүп-тоңгондугумдан ичегилериме суук тийип калгандыгы азыр кадимкидей сезилип жүрөт.
Анын сыңарындай, ушул жылдын 25-январында Арстанбек кызы Алтынай деген жаран башы катуу ооругандыгына байланыштуу Улуттук госпиталдын неврология бөлүмүнө келип жаткан тура. Бөлүмдүн врачтары анын эмнеден ооруп жаткандыгын билишпестен, диагнозун аныкташпастан, бүбү кемпирлерден бетер болжолдоп эле кымбат баалуу дарылар менен дарылай беришиптир. Анын абалы өтө оорлоп, басууга алы келбей калгандан кийин алдап-соолап, өз үйүнүн эшигин аттаса эле оңолуп кетишет дешип, үйүнө чыгартышыптыр. Же Ж.Тургунбаев, С.Темирбаева деген дарыгерлер ачык эле өлсө да үйүндө өлсүн дегендей мамиле кылышканы көрүнүп турат. Бирок, оорулуунун абалы андан бетер начарлай бергендиктен, үч күндөн кийин Алтынай Арстанбек кызын жакындары бөлүмгө кайра алып келишсе, врачтар адегенде "кабыл албайбыз" деп жаңжал кылышып, анан "кыргызчылык" иштерин жасагандан кийин гана коридорго жаткырып коюшкан. Ал боюнча маселени уккан, Алтынайдын жолдошунун таякеси, ЖКнын депутаты Н. Мурашов барып, бөлүмдүн башчысы Ж.Тургунбаевге жакшылап дарылабагандыгы үчүн нааразылыгын билдирсе, ал орой сөздөрдү айтып, ортодо кайым айтышуу жүргөн. Анын эртеси Арстанбек кызы Алтынай эсине келбеген бойдон ооруканада каза болгон. Ал эми бөлүмдүн башчысы Ж.Тургунбаевдин "депутат менен Алтынайдын күйөөсү Нурмухаммед Мамбеталиев экөөсү биригип мени сабады" деген билдирүүсүн, Н. Мурашов менен Н. Мамбеталиев жалаа катары баалашууда. Анын ачыгына чыкпай туруп, айрым ЖМКлардын айыпталгандардын Алтынайды акыркы сапарга узатуу менен алек болуп, кайым айтышууга убактылары жетишпегендеринен пайдаланышып, ооруканага жата койгон Ж.Тургунбаевдин билдирүүлөрүнүн, Саламаттыкты сактоо министри Д. Сагынбаеванын кычатууларынын негизинде эле депутатты "монстр" катарында көрсөтүүгө далалаттанышкандары эң эле жумшак айтканда, өтө эле бир жактуу болуп калган. "Оозурган кыз оозурбаган кыздын бетин тырмайт" болуп ооруканага жата калган Тургунбаев ушул эки жуманын ичинде дарыланбай эле интервью берүү менен алек болду окшойт. Алар маселе ачыгына чыкканча нейтралдуу маалыматтарды гана беришип, интервью берип жаткан адам жетектеген дарыгерлердин күнөөлөрүнөн өлгөндү көмө албай жүрүшкөндөрдү биротоло жаманатты кылып, тебелеп-тепсебей турушса жакшы болмок.
Ошентип, 28ге жаңы чыккан, артында чийедей эки баласы калган Арстанбек кызы Алтынай Ж.Тургунбаев жетектеген дарыгерлердин кайдыгерликтеринен, өздөрүнүн кесиптик милдеттерин тийиштүү деңгээлде аткарышпагандыгынан өмүрү менен кош айтышып олтурат. Эгерде ал маселеге депутат Н. Мурашов кийлигише калып, жаңжал чыкпаса, Ж.Тургунбаев жетектеген бөлүмдөгү ал иш жабылуу бойдон калмак. Бей-бечаралардын арасында врачтардын жаңылыштыктарынан, жакшылап карабагандыктарынан улам жакындарынан айрылышкандар канча? Бирок, алардын үнү айрым эркин ЖМКлардан башка эч жакка жетпейт, жогору жактарга арызданышса деле врачтар өздөрүнчө комиссия түзүп текшертимиш болушуп, карга карганын көзүн чокубайт кылып жаап коюшат.
Эми алар жабылуу калган нерсени ачыкка чыгарып, биздин ансыз деле күндөн күнгө элдин ишениминен ажырап бараткан беделибизге дагы бир доо кетирген ушул дешип, бардык күчтөрүн Жогорку Кеңештин депутаты, маркумдун таякеси Нурбек Мурашовду жаманатты кылууга жумшашууда. Аларды министр Д. Сагынбаева айым сүрөп, шыкактоо менен маалымат кызматы аркылуу "эгерде депутат жоопко тартылбаса, Улуттук госпиталдын кызматкерлери пикеттерге, митингдерге чыгышат" деген билдирүүлөрдү таркаткандыгы айтылды. Эгерде Алтынай аман калганда алар андай опузаларды жасашса болмок, бирок оорулуу алардын кесиптештеринин шалаакылыктарынан өлгөндөн кийин алар кайсыл беттери менен митингге чыгышат болду экен деген суроо туулат. Же "депутаттын жакындары дагы бизге түшсө Арстанбек кызы Алтынайдай болот" деп опузалоо үчүнбү? Абийирлеринде адамдын өмүрүнүн убалы тургандардын "кыймылдап калды" деген гипотетикалык эки тиш үчүн анткендери эч кандай ыйман нормаларга ылайык келбейт.
Бул Алтынайдын өлүмүнө байланышкан жаңжалдагы маселенин моралдык, нравалык жагы. Аны айрымдардын саясый максатта депутатты жаманатты кылууга пайдаланууга умтулуп, тездик менен кылмыш ишин козготушуп жибергендери андан да начар көрүнүш. Ыраматылык Алтынай депутат Н. Мурашовдун эмес, кайсы бир карапайым үй бүлөнүн бүлөөсү болгондо врачтардын кайдыгерлиги дагы катылып, жабылуу аяк жабылуу бойдон калмак тура. Ал мыйзамчылар адам өмүрүнө кайдыгер караган шалаакы дарыгерлердин күнөөлөрүнөн улам каза болгон Арстанбек кызы Алтынайдын өлүмү боюнча эмне үчүн кылмыш ишин биринчи козготушпайт? Айрым врачтардын кайдыгерлигинен аз жерден майып болуп кала жаздаган жаран катары ушул суроону Башкы прокуратурага багыштагым келет.

Врачтардын кайдыгерлигинен болбогон жерден өлүп кала жаздагам. Коридорго чыгарып коюшуп, унутуп калышып, үшүп-тоңгондугумдан ичегилериме суук тийип калгандыгы азыр кадимкидей сезилип жүрөт.

Дайырбек
МЕЙМАНОВ,
m_daiyr@mail.ru



Пикир: