Өлкөбүздө болуп
жаткан митингдер
туристтик
сезонго кандай таасир
тийгизиши мүмкүн?

Бектур Абдыкадыр уулу, "Жаңы муундун коалициясы" коомдук бирикмесинин төрага орун басары:
- Митинг жана пикеттер жарандардын кайсы бир маселе боюнча ойлорун жалпыга маалымдоосу. Бирок, акыркы мезгилде болор болбос маселе менен деле митинг уюштурушууда. Бул маселени акысыз маалымат жыйыны катары баалайм. Ал эми азыркы митингдин туристтик сезонго таасири тийбейт. Ошол бизге келген туристтердин өлкөлөрүндө деле мындай майда иш-чаралар өтүп жатат. 20-30 киши чогулган митингден чочулоонун кажети жок. Ал эми туристтердин азайып кетишин митинг менен байланыштыруу болбогон нерсе. Ал жөн гана туристтик сезонду даярдай албай калган тийиштүү органдардын шылтоосу. Кудайга шүгүр, мекенибизде согуш жок тынч. Демек, туристтер корко турчу эч нерсе жок.


Сейтек Байгуттиев,
мугалим:
- Албетте, туристтик сезонго начар таасирин бериши мүмкүн. Ал жөнүндө спикер А. Жээнбеков өкмөт менен чечем деп аракетин жасап жатат. Депутаттык комиссия менен өкмөттүн мүчөлөрү митингчилер менен жолугушууга Ысык-Көлгө чыгышты. Эгер комиссия алдын ала билгичтик менен митингчилерге жолугуп койсо, абдан жакшы болмок. Андай болбой жатпайбы. Баары ырбап кеткенде гана ойгонушат.


Жумамидин
Сулайманкулов,
журналист:
- Маселени чечүү керек деп ойлойм. Кумтөр Көлдүк туугандардын, ал эми Жер үй бир эле Таластык туугандардын маселеси эмес. Бул жалпы кыргыздын маселеси. Керек болсо биз да аларды колдосок жарашат. Бардык кызыкчылык элдин пайдасына болсо, ошондо гана өнүгүп өсөбүз. Туристтер ошондо агылып келет.


Азиз Нурматов,
"valetudo"
федерациясынын
вице президенти
- Өлкөбүздө болуп жаткан митингдер туристтик сезонго эле эмес инвестициялык климатка да терс таасирин тийгизүүдө. Биздин мамлекеттин маалыматтык согушта тышкы күчтөргө уттуруп жатканы да Кыргызстанды эл аралык коомчулукка мокочо катары көрсөтүп жатат.

Аскат Мусабеков, ырчы:
- Негизи митинг, ызы-чуусу жок жашасак жакшы болот эле. Маселени башкача чечсек деле болчудай. Туристтик сезон да келип калды. Мен митингдерге каршымын.


Жамайка Дүнканаева,
студент:
- Терс таасирин тийгизет дегенге кошулам. Анткени, 2010-жылы болуп өткөн апрель, июнь окуяларынан кийин, туристтердин агымы абдан азайган. Эс алуучулардын саны 2 жылда кескин кыскарып кетти. Негизи чет жерден келген туристтер гана эмес, жергиликтүү кыргыз журтчулугу үйүнөн ыраак чыкпай калышкан. Эс алганы келген туристтер митингди эмес жаратылышты, элдин биримдигин көрүп кеткени жакшы деп эсептейм.


Чолпонбек Абыкеев, жазуучу:
- Митингдер туристтик сезонго тескери таасирин тийгизет. Тынч эмес өлкөгө чыныгы туристтер каттабайт. Тескерисинче, туристтин терисин жамынган, пайда издеген шылуундар, тыңчылар каттай баштайт. Ошондуктан, туристтик өлкөгө айланалы десек, биринчи кезекте мыйзамдуулукту сыйлаган өлкөгө айланышыбыз керек. Мыйзам үстөмдүк кылган тынч, өнүккөн өлкө гана өсүп-өнүгө алат. Бизде мыйзам-мыйзам болбой эле, саясат-мыйзам болуп калган. Бул өтө жаман көрүнүш. Саясат каякка оосо, мыйзам ошол жактын сөзүн сүйлөйт. Ушул кантип болсун? Ага ачык мисал Азиз Батукаевди иликтегени үчүн "Ата Мекенчилерге" кайра кылмыш иши козголду. 2-3 ай мурда эле "Ата Мекенчилер" тимеле сүттөй таза экен" дешпеди беле. Эми кылмышкер болуп чыга келишти. Эртең таптаза болуп калуулары толук мүмкүн. Ушундай да мыйзам болобу? Жогоруда отуруп мыйзамды көзөмөлдөгөндөрдө жөнөкөй абийир деген да калбаптыр.


Марс Черикчиев,
жаш активист:
- Өтүп жаткан митингдер туризмге кандай таасирин тийгизет, билбейм. Бирок, инвестициялык климатка абдан чоң таасир этет. Себеби, эч бир ишкана жана бизнес долбоор, тынч эмес жерде ачылбайт. Ошон үчүн инвесторлорду чакырып, бизнес климатты жакшы кылабыз десек, анда биринчиден саясаттагы суроолорду чечип алышыбыз керек.






Пикир: