Эл жазуучусу К.Асаналиевдин 85 жылдык мааракесине карата
Улуу инсан, кыргыз элинин сыймыктуу уулу -
Кеңешбек Асаналиев



Тагдырдын жазмышына айла жок тура. Эгерде Кеңешбек агай тирүү болгондо азыр гана 85 жашка келмек. Агай жөнүндө жана анын эмгектерин эскерип, айла жоктон дүйнөнү дүңгүрөткөн улуу инсандар Шекспир, В.Г.Белинский, Томас Манн, Л.Н. Толстой, Луи Арагондордун чыгармалары эске түшөт.

Бүткүл кыргыз эли Кеңешбек Асаналиевди чоң орду бар адабиятчы, сынчы катары билишет. Бекеринен кыргыз элинин "Белинскийи" деп аташпаса керек. Агай илим чөйрөсүндө, адабият чөйрөсүндө обочо бийик орду бар дулдул эле. Табиятында эрудициясы күчтүү, көз карашы кенен, дүйнө таанымы жетилген, дүйнө адабияты, боордош элдердин адабияты менен тааныш чоң сынчы, адабиятчы феномен, уникум эле. Азыркы тапта бул феномендин орду толбой ээнсиреп тургандай сезилет.
Турмуштун буйругубу, айтор, убагында бул адам менен бирге иштеп, бирге жүрүп калдык. Бир нече жолу агайдын айылы - Сокулук районунун Саз деген жеринде болдук. Агайдын чоңоюп, өскөн айылы, бак-дарактары бардыгы өз ордунда, кооз экендигин байкоого болот. Ошол бак-дарактын ичинде атасы эмне болгону тууралуу, энеси экөөсү эмне тирилик кылгандары тууралуу айтып берер эле. Мүмкүн ошол татаал тагдыры агайды адабиятчы, сынчы кылдыбы деп ойлойм. Энеси экөө оор согуштун запкысын тылда тарткандары жөнүндө көп эстээр эле.
Акыры согуштан кийин кыргыз элинин белгилүү Бишкектеги №5 мектебине кирип, ал жерден улуу орустун жазуучу, сынчылары А.С.Пушкин, А.П.Чехов, Л.Н.Толстой, В.Г.Белинскийдин чыгармалары менен таанышат. Ошол №5 мектеп-интернаты агайды дүйнөлүк адабиятка болгон сүйүүсүн ойготту. Андан ары өзүнүн сүйүктүү адабиятка болгон ышкысы университеттин филология факультетине тапшырууга аргасыз кылды. Кийин Ленинградга аспирантурага жөнөтүлүп, ал жерден Берковдон ж. б. чоң окумуштуу, адабиятчылардан билим алган. Ошол жактан адабият боюнча кандидаттык диссертациясын (филология илимдеринин кандидаты) болуп келген.
Агай менен болуш өзүнчө бир керемет эле… Бул кишинин эрудициясы күчтүү, турган турушу менен өзүнчө бир адабият жаатындагы энциклопедия болчу. Мейли иште болобу, мейли үйдө болобу колунан калем, китеп түшчү эмес. Дайыма изденүүнүн үстүндө жүргөн. Кеңешбек агайдын көптү билерин баары билишчү. Чынында эч кимге окшошпогон уникалдуу жан эле. Кайда болбосун калыс сүйлөчү. Бир жолу УАКтын (Улуттук аттестациялык комиссия) төрагасы Кеңешбек агай эксперттик кеңештин төрагалыгын жетектеп турганда бир изденүүчү адабиятты окутуунун методикасынан кандидаттык диссертациясын жактаганда: "Ушу баланын ишинен кыйкым таап, кулатыңыз",- дегенде мейли ишти карап көрөйүн, андан кийин жооп берейин дейт. Көп өтпөй төрагага мен бул иштен кемчилик тапкан жокмун. Жетимиш ашканда чындыкты айтпасам уят болом. Иш жакшы экен. Бул бала менин эч нерсем эмес. Сизди мен сыйлайм, бирок чындык сизден жогору турат деп болбой койгон. Муну ошол УАКта иштегендер өз көздөрү менен көрүп, кулагы менен уккан. Мына ушундан кийин агайдын бийик адам экендигине дагы бир жолу ынандым!
Кеңешбек агай курулай мактоого муктаж эмес. Ал улуу-кичүүгө бирдей мамиле жасаган калыс, залкар, бийик адам. Ошол бойдон биздин эсибизде калат…

Каныбек Кенжешев,
К.Карасаев атындагы
БГУнун кыргыз филологиясы
факультетинин деканы, п.и.к., доцент




Митингге чыккандарды К.Исабековдор каржылап жатабы?
Бейшембиде АКИpress маалымат агенттигинде өткөн жыйында Кумтөр боюнча азыркы митингге чыгып жаткандарды К.Исабековдун адамдары да каржылап жатканын Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Барскоон айылынын жашоочулары билдиришти. Жергиликтүү тургун Арсар Бектурованын айтымында, Жети-Өгүз районундагы митингдин болуп жаткандыгына жергиликтүү бийликтин эмес, жогорку бийликтин алсыздыгы себеп. Азыркы пикетчилер койгон талапты алар мурда эле коюшкан. Ал маселелерди өкмөт карап, жообун бермек, ага бир ай убакыт калганда Жети-Өгүз районунун беш айылы сабырдуулук кылбай митинг уюштуруп чыгышты. "Ошондо гана, эгер биз күткөндөй жооп болбой, биздин талаптар аткарылбаса анан биргелешкен митинг уюштурсак болмок. Убагында канчалаган кыйынчылыктарды баштан өткөрдүк, азыркы митингчилерди каржылап жаткан күчтөрдөй бизди ал кездерде эч ким каржылаган эмес", - деди ал. Ал билдиргендей, элди козутуп, алдыга чыгарып койгон күчтөр бар, аны эл да өздөрү жакшы билет. Азыр ал демөөрчүлөр, митингчилерге көмүр, тамак-аш жеткирип жатышат. "Макул, биз алардын талаптарына каршы эмеспиз, чыгышсын, бирок өкмөттүн чечимин бир аз күтүш керек болчу", -деп кошумчалады ал.
Ал эми жергиликтүү тургун Рашида Мамбетказиева "азыр көбү сурашы мүмкүн, "Кумтөр" Ысык-Көлгө эмне кылып берди? - деп, 2010-жылдан бери 300-500 млн. сом облусту өнүктүрүүгө бөлүндү. Бул жылга да 100 млн. сом каралыптыр. Бизде байкоочу кеңеш бар, анын программасы бар. Ар бир айыл ал программага киргизилген. Мына 20 мектеп, 4 спорт зал, 4 ФАП курулду, Ак-Суу реабилитациялык борбору оңдолуп жатат", - деди. "Мен азыркы митингчилердин талабын карап чыктым, 13 талап коюшкан экен. Анын ичинде биз убагында койгон экологиялык көйгөй тууралуу талап жок. А чынында, 13 талапты ден соолук болсо өзүбүз эле аткарып алабыз, эң башкысы экологиялык маселе да. Биздин биринчи талабыбыз ошол болчу, экологиялык маселе оң жагына чечилбесе, Барскоон айылы ошондо митинг уюштурат", - деп кошумчалады ал.






Пикир: