Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


mainkaptal

п»ї Кыргыз гезиттер

Саясат
Березовскийдин
"кыргыз долбоору"

" Форбс" журналы орусиялык олигарх, маркум Борис Березовский Кыргызстандагы 2005-жылкы ыңкылапты даярдоого Курманбек Бакиевге беш миллион доллар бергенин, ал акчасы үчүн кийин Жерүй алтын кениндеги үлүштү алганын жазып чыкты. "Форбстун" журналисти жана иликтөөнүн автору Илья Жегулев "Азаттыкка" маек курду.

"Азаттык": Сиз макалаңыздын Кыргызстанга тиешелүү бөлүгүндө ысымын атабаган адамга таянып жатасыз, ал канчалык ишенимдүү булак?
Жегулев: Макалада бизге маалымат берген булак ишенимдүү жана ал Кыргызстан боюнча иштерге түздөн-түз, активдүү аралашкан адам. "Форбсто" болсо биз жазган маалыматты тастыктоочу бардык фактылар жетиштүү. Биз бул макаланы жазууга бир ай сарптадык. Эми кыргыз журналисттерине бул ишти иликтөөгө жакшы шарт түзүлдү.
"Азаттык": Тастыктоочу документтер барбы?
Жегулев: Березовский тууралуу казганда эч кандай документтер чыкпайт. Анын иштери документтерге байланыштуу болгон эмес. Ал бардык сүйлөшүүлөрдү оозеки жүргүзгөн. Ал эми расмий документтер биз Жерүй боюнча жазгандарды ансыз да тактап турат. Себеби, 2006-жылы Бакиевдер Жерүйдү иштеткен Oxus Gold деген британиялык ишканадан лицензиясын тартып алып, Global G.O.L.D. Holding Gmbh деген компанияга "батыш инвесторлоруна" берилди деген негизде расмийлештирген. Калганы оозеки түрүндө түзүлгөн.
"Азаттык": "Глобал голд" Жерүйдүн үлүшүнө ээ болгондон кийин Березовский өзү Кыргызстанга жашыруун келип кетиптир деген ызы-чуу чыгып, парламенттик иликтөөлөр жүргөн, бирок тастыкталган эмес. Сиздин макалада 2006-жылдын 29-июлунда Березовский Бишкекке келип кеткен деп айтылат. Сиз бул фактыны кайдан алдыңыз?
"Кыргыз долбоор" гана ийгиликтүү аяктаган, материалдык жактан алганда да Кыргызстандагы ыңкылап - Березовскийдин эң пайдалуу долбоору...
Жегулев: Макаланы даярдап жатып, кыргыз журналисттери менен сүйлөштүм. Кыргыз тарап Орусиянын Башкы прокуратурасына бул боюнча кайрылышканда, Березовский Кыргызстанга келгенин Орусиянын Башкы прокуратурасы тастыктаган. Бирок Березовский Кыргызстанга келбеген күндө деле, бул маанилүү факт эмес, себеби ага чейин эле сүйлөшүүлөр өтүп, эки тарап келишимге келген.
"Азаттык": Березовский 2005-жылкы Кыргызстандагы ыңкылапка беш миллион доллар сарптаганын сиздин булак даана айттыбы?
Жегулев: Ооба.
"Азаттык": Березовский бул долбоорлорду ишке ашырууда эмнени көздөгөн, материалдык кызыкчылыктыбы же саясатка таасир этүүнүбү?
Жегулев: Березовскийдин ар бир саясий долбоору, албетте, ага финансылык пайда алып келиши керек эле. Бирок бул жерде бир гана акча кызыкчылыгы болгон эмес, ал "түстүү ыңкылаптар" аркылуу Орусиядагы азыркы режимге сес көрсөтүүнү каалаган.
"Азаттык": Бул макалага кирбей калган Кыргызстан боюнча дагы кандай жагдайлар бар?
Жегулев: Березовский Лондондо жашап жүргөндө бир нече саясий долбоорлорду баштаган, Орусия, Украина, кыйыр түрдө Грузия жана Беларустагы ыңкылаптарды уюштуруу аракеттерин көргөн. Бешөөнүн ичинен "кыргыз долбоор" гана ийгиликтүү аяктаган, материалдык жактан алганда да Кыргызстандагы ыңкылап - Березовскийдин эң пайдалуу долбоору.
"Азаттык": Березовский менен Максим Бакиевди көп байланыштырып келишет. Березовский Жерүй боюнча сүйлөшүүлөрдү Максим Бакиев менен жүргүзгөнбү же президент Бакиев мененби?
Жегулев: Сүйлөшүүлөр Курманбек Бакиевдин өзү менен жүргөндөй. Березовский Максим Бакиев менен кийинчерээк байланышкан, алардын ортомчусу Бадри болгон. Березовскийдин өзүнүн айтканына таянсак, "кыргыз долбоор" Бадриге тиешелүү болгон. Бирок Березовский бул жерде жөн эле кууланып жаткандай, бардык ишти Бадри Патаркацишвили аткарган күндө да, идея Березовскийге таандык болгон. Макаланы даярдап жатканда биз Курманбек Бакиев менен байланыша алган жокпуз. Орусияны кызыктырган бардык маалыматты таптык, калган сырды Курманбек Бакиев билет. Биз ага кайрылдык, бирок жооп ала алган жокпуз.

Азаттык" радиосу




Айныкей
Кожахметов көрсөтмөсүнөн баш тартты
23-майда өткөн сот отурумунда, "мыйзамдагы ууру" Камчы Көлбаевдин иши боюнча жабырлануучу Медер Кожахметов "Тергөөчүлөр мени Камчы Көлбаевге каршы көрсөтмө берүүгө аргасыз кылышкан" деп билдирүү жасады.
Ошентип, ал өзүнүн бул билдирүүсү менен тергөө экспериментинин учурунда Камчы Көлбаевге карата берген, видеого тартылган көрсөтмөсүнөн баш тартты. Медер Кожахметовдун айтымында, ал Көлбаевден жабыр тарткан да, анын үстүнөн арыз жазган да эмес. Көрсө, Камчы Көлбаевге карата Кожахметовдон алынган көрсөтмө ур-токмок, кыйноо менен алыныптыр. Тергөөчүлөр жабырлануучуга күч колдонуу менен видеонун алдында Камчы Көлбаевге каршы сүйлөөгө аргасыз кылышкан экен. Судья Абдуразак Боронбаев "эмне үчүн видеого тартып алып жатканда, Көлбаевге каршы көрсөтмө бердиң?" - деп кайра сураганда, "Мен ал убакта Бакыт Бекбоевдин арызы боюнча тергөөдө жүргөм, андыктан тергөөчүлөр эмне деп айтса, ошону аткарууга туура келди. Мен Көлбаевге эмес, башкаларга каршы арыз жазгам. Андыктан мен өз көрсөтмөлөрүмөн баш тартам жана өзүмдү Камчы Көлбаевден жабырланган деп эсептебейм" дейт Медер Кожахметов.

Бек Мамашов




Эмне үчүн?
"Лейлек" эркин
экономикалык аймагын
кагаздан бери чыгара албай…
"Лейлек" эркин экономикалык аймагы кагаз бетинде гана жашап келет", деп айтты премьер-министр Ж.Сатыбалдиев "Баткен-2013" эл аралык инвестициялык форумда. Ошондой эле, облус башчысы менен Лейлек акимине "экономикалык аймакты жандандыргыла же биротоло жоюп салгыла", деп кейиди.
"Лейлек" эркин экономикалык аймагын түзүү үчүн өз кезегинде республикалык эң жогорку деңгээлде 3 укуктук актысы чыккан. Алар, Жогорку Кеңештин 2011-жылдын 30-июнундагы №139-токтому, КР Президентинин 2011-жылдын 26-июлундагы №139-указы жана КР Өкмөтүнүн ошол эле жылдын 28-сентябрындагы №464-токтому. Жогорудагы укуктук ченемдик актылардын негизинде "Лейлек" ЭЭАсы Тажикстан Республикасынын Согди облусу менен Лейлек районунун чектешкен жеринде - Жаңы-Жер айыл округунун Достук айылында 100 гектардан ашуун жерде жайгашкан.
Эркин экономикалык аймакты түзүүгө 5 олуттуу негиз болгон:
1. Баткен облусу географиялык жактан Улуу Жибек жолунун тоомундагы 3 Борбор Азия мамлекеттеринин (Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстан) чегинде жайгашкан;
2. Баткен эң алыскы жана өлкөнүн башка аймактарына салыштырмалуу социалдык-экономикалык жактан начар өнүккөн облусу катары маалым;
3. Баткен облусу Борбор Азиялык 3 өлкөнүн Фергана өрөөнүндөгү дубандарынын ортосундагы ынтымактык, соода-экономикалык, маданий жана башка карым-катыштарын түзүүдө ишенимдүү аянтча болуп берет;
4. Коңшу өлкөлөрдүн чек аралаш облустарында 15 миллиондон ашуун калк жашайт. Бул коңшу мамлекеттердин рынокторуна кирүү менен ички миграцияны төмөндөтүүгө мүмкүнчүлүк берет;
5. Тажикстан Республикасынын Хожент-Дүйшөмбү автотрассасында 2 тоннелдин курулушу менен бүгүнкү күндө кытай товарларын Баткен облусу аркылуу Тажикстанга, андан ары Ооганстан, Иран, Пакистанга жөнөтүү мүмкүнчүлүгү түзүлмөк.
Чындыгында "Лейлек" эркин экономикалык аймагынын түзүлгөнүнөн бери бир топ убакыт өтсө да экономикалык аймактын жетекчилиги тарабынан эч бир алгылыктуу иштердин аткарылбай келгени жана экономикалык аймактын очорулуп бутуна туралбай жатканы жетекчиликтин деңгээлине шек саноолорду туудурбай койбойт экен. Ошондуктан "Лейлек" эркин экономикалык аймагынын эмне үчүн бутуна туралбай жатканы жана анын жетекчилигинин кашаң аракеттеринин себептерин иликтеп көрүүнү чечтик.






Пикир:






??.??