Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери

меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси

mainkaptal

Кыргыз гезиттер

Саясый туруктуулугу жок, бүгүн бирди, эртең башканы сүйлөгөн Азимбек Бекназаров

Рубрикабыздын бүгүнкү айтылуу саясатчы Азимбек Бекназаров. "Бульдозер" оппозиционерге ар кыл кесиптин ээлери, ар башка айтышты.

Нурлан Мотуев,
оппозиционер:
- Азимбек таксыр эр жүрөк, иш билги, ак ниет, таза ойлуу улут элитасынын мыкты адамдарынын бири. Каапыр ММКлар Азимбек аке экөөбүздөн коркушабы, айтор бизди жамандап келишет. Ал эми Азимбек мырзанын кемчиликтерин айтсам, оппозицияга өткөндөн кийин чечкиндүү боло албай жатат. Бул нерсени Атамбаевге каршы, катуу сын айта албай жаткандыгынан байкасак болот.


Азизбек Келдибеков,
саясый сатирик:
"Бульдозер" болуп күчтүүрөөк,
Бийликти дайым сүздүрөт.
Жазында алы жетпеди,
Күзүндө чыгар күркүрөп.

Жол болбоду достордон,
Жол болбоду "посттордон".
Бийликке кетип достору
Көздөрү калды тостойгон.

"Жылда туусам, жылда жок,
Жылда жылан жеп коёт".
Азикедей жигитти,
Азамат жигит деп коёт.

Он беш жыл, беш жыл жыргаган,
Ламбада бийлеп , ырдаган.
Көпкөндөр жүрчү Ак үйдө,
Көрүнбөй калды кыйладан.

Достун досу эп болот,
"Нанын" алдап жеп коёт.
"Коон, дарбыз" бышканда,
"Айда, пошёл"-деп коёт.

Кыймылды үлкөн түзүп кет,
Бийликти барып "үзүп" кет.
Арманда дагы калбасын,
Исхакты ичке сүзүп кет.


Бектур Абдыкадыр уулу, "Жаңы муундун коалициясы" коомдук бирикмесинин төрага орун басары:
- Азимбек Бекназаров эгемендүү Кыргызстандын саясатында айтылбай калчу ысым эмес. Ал киши Акаевдик жана Бакиевдик бийликте иштеп, эки доордо тең куугунтук жеген. Ошол эки доорду кулатууда активдүү катышкан эле. Убактылуу өкмөт учурунда да сот укук органдарын көзөмөлдөп турду. Саясатка такшалган бу саясатчыбыз бүгүн ишсиз жүрөт. Ошондой болсо да канча бийлик тепкичтеринде болбосун, алгылыктуу ишин уккан эмесмин. Саясый туруктуу позициясы жок болгондуктан, бүгүн бул жээкте, эртең аркы жээкте, бир туруп бир партияда, эртең башка кыймылда кыйкырып жүрөт. Бекназаровдун саясый карьерасы өчкөн. Бирок, ал кишинин ысымын жакшы жактан таанытчу уулу Руслан Бекназаровдон үмүт бар.


Азамат
Жансаков,
ишкер:
- Азимбек Бекназаров популист жана коомдогу пайдасы жок адамдардын катарына кирет. Бул менин жеке оюм.


Жалил Сапаров,
журналист:

- Бекназаров Кыргызстанда саясий элитанын, саясатчылардын жүзүнө көлөкө түшүргөн субьекттердин бири. Өзүнүн туруктуу социалдык базасы жок, туруктуу идеясы да жок, туруктуу саясый жамааты да жок. Качан болсо бийлик алмашары менен майлуу жерге секирет да, беш колун матыргандан кийин четтетилет. Анан оппозиция болуп, элди дүрбөтмөй. Интеллект, кругозор сыяктуу коом үчүн керек дөөлөттөрдөн ага Кудай айтпаптыр. Ошон үчүн кыргыз эли аны жакшы түшүнүп, анын артынан ээрчибей, өзүнүн оокатын тың өткөрүп жүрө бергени артык. Бул кишиге ишенген эл да карып, бул киши баскан жер да карып бүткөн.


Каныкей Табылдиева, студент:
- Азимбек Бекназаров эл үчүн күйүп жүргөн адамдардын бири деп угуп жүрөм. Бирок, жакында Кумтөр маселесин көтөрүп митингге чыккандарын туура эмес деп эсептейм. Парламент ал маселени карап чыгууга атайын убакыт койгон. Эч нерсеге карабай денонсация жасайбыз деп чыга калды. Эл митингден жадап бүткөн. Андыктан мен элди дүрбөткөн саясатчыларды жактырбайм.


Тимур Абылбаев,
эксперт :
- Адамдын кандай экендигин билиш өтө оор. Бирок анын кылган иши, баскан турганы жана сүйлөгөн сөзү аркылуу, ал жөнүндө кандайдыр бир жалпы пикир түзсө болот. Азимбек мырза коомдук ишмер, көптөгөн жоопкерчиликтүү кызматтарда иштеген. Мен ал киши жөнүндө жалаң гана жөнөкөй жаран катары баа бере алам.
Менин баамда, Азимбек мырза ызы-чуу жана чатактуу жерлердин уюгунда болгусу келет. Ар кандай саясый жана коомдук кырдаалдарды жакшы пайдалана алат экендигин, акыркы Кыргызстанда болуп өткөн окуяларда өзүн көрсөттү. Бул жакшы көрүнүш эмес. Менин оюмча, коомдук ишмер болобу же саясатчы болобу анын түз, элге түшүнүктүү жана айкын позициясы болушу керек. Эгер коомчулукка белгилүү адамдын иш аракети элге алдын ала белгилүү болсо, андай адамга болгон ишеним да жогору болот. Ал эми, эл жетектеген адамдын иши элге караңгы токойдой болсо, анда элдин ишенимин эч таба албайт.


Аида
Батырбекова,
aida.88.aida
@mail.ru




Саясый арнография
О-уу, Азикенин кайсы жоругун айталы. Бул ыр Азикең Р.Отунбаевнын колунан "Манас" орденин албаймын деп асман айга түйүлгөндө жазылган (28.05.10. "Жаңы Агым"). Шылтоосу жаңылбасам "революциянын максаттары ишке ашкан жок, уялбай кантип алам" болуш керек эле. Ушундай "уяттуу" жагы да бар эргулдун. А чыныгы себеби башкада дешет билгендер…


Азимбек Бекназаров

Атаңдын көрү дүнүйө,
Азимбек атын укканда,
Ар кимдер качып теңешпей...
Алкынып келет эргулуң,
Акайдан калган керездей.

Бакырыңдын кадимки,
Байыркы атын укканда,
Баары эле качып теңешпей...
Балбансып келет чиркиниң,
Бакийден калган керездей.

Асманга чыга шашканда,
Аскар ажо качканда,
Жалал-Абадды төтөлөп,
Жандай басып жетелеп,
Бакиевди апкелген.
Башпрокурор болгондо,
Кыйкырып кыргыз турчу эле,
Кыйындын бири ушу деп,
Кызматына бап келген.

Кузгундай учуп асманга,
Курманбек ажо качканда,
Ак үйдөн мылтык чыгарып,
Азаматтарды атканда.
Баш-мээни жеп бакырып,
Баягы эле Азикең,
Баш прокурор орунга,
Бара калган бакыйып.
Баарын жайлайт эми деп,
Калкты жеген канчанын,
Казылат окшойт көрү деп,
Кайран кыргыз канетсин,
Канча күттү акыйып.

Ооматы ашып Азикең,
Отунбаева менен бир жүрдү.
"Колунан сыйлык албайм" - деп,
Кокуйу кармап күйдүрдү.
Жүгөнсүз болсо кантебиз.
Жүргөн жери күйдүргү.

Сыйлыгын чанып "Манастын",
Сыйыңдан бүгүн адаштың.
Өкүрбөй жүрө албаган,
"Өгөөлөп" мээни жайлаган
Өз атыңа жараштың.

Опол тоого тенсиңби,
Олуясыңбы, шерсиңби?
Манчыркап деле болбойсуң,
"Манасты" чанаар сенсинби?

Белгилүү го Азике,
Бектер кетет эл калат,
Бетеге кетет бел калат.
Арданба айткан сөзүмө,
Айкырган менен өзүңдөн,
Айтылып журтта жел калат.






Пикир:

Яндекс.Метрика