Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери

меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси

mainkaptal

Кыргыз гезиттер

Камила айымды
"какатышты"
Өкмөттүн социалдык тармагын тейлеген вице Камила Талиева айым, кечээ парламентке Социалдык өнүктүрүү министрлигинин башына жаңы талапкер катары жакында эле өкмөттөн катуу сөгүш алган Маданият жана туризм министринин орун басары Кудайберген Базарбаевди алып келип тааныштырды. Мындайда "моментти" кое бергиси келбеген КСДПчы депутаттар Исмаил Исаков менен Ыргал Кадыралиева экөө Камила айымды коколошуп: "Мурда өзүңөр сөгүш берген немени кайра алып келипсиңер. Силерде принцип деген барбы?" дешти эле, Камила айым "какап" калгандай эле эчтеме айталбай, мостоюп отуруп берди.


Усубалиев аркылуу упай
топтогуңар келеби?
Кайсы бир басылма жазыптыр: "Мамлекетти 25 жыл башкарып, опол тоодой кызмат кылган Турдакун Усубалиев ооруп жатса да акыбалын сурап койгон эч ким болбоду. Анын ордуна мактагандарга эле сыйлык, ордендерди жайнатып берип жатышат" деп. Айланайын кесиптештер, ылайым эле баарыбыз Турдакун атабыздай болуп дөөлөттүү карылык сүрөлү. Биз билгенден Кыргызстанда Турдакун Усубалиев албаган "Баатыр эне" ордени эле калыптыр эй. Тиягы Эмгек Кызыл Туу орденинен баштап, биягы "Манас" орденинин 1-даражасы, КРнын Баатырлыгына чейин алыптыр. Кыскасы бул жагынан аксакалдын арманы жок. Акаев убагында мамрезиденциядан жакшы дачалуу болгон. Бакиев убагында 90 жылдык тоюн Курманбек Салиевич өзү башында туруп өткөрүп, 90 00 KG номерлүү жапжаңы жолтандабасты мингизген. Ал эми азыркы бийлик анда-санда барып акыбал сурабаганын туура козгогонсуңар. Ошентсе дагы аксакалга кудай ден соолук берсин. "Карысы бардын ырысы бар" деген ошол да.


Сокулукта
мыйзамсыз жер
саткандар аныкталды
УКМКнын коррупция менен күрөшүү кызматы Чүй облусунун Сокулук районундагы жерлерди мыйзамсыз менчиктештирип алган коррупциялык схемаларды аныктады. 2010-жылы атайын түзүлгөн комиссия, 2009-жылдан бери иштеп келе жаткан "Сугат-айдоо жерлерин башка категорияларга өткөрүүгө (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө" мыйзамга карабай, айдоо жерлеринин бир бөлүгүн кайрак жер катары белгилөө тууралуу негизсиз корутунду берген. Мындай чечимди пайдаланып, жергиликтүү айылдык кеңеш жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы 2011-2012-жылдары айдоо жерлерин андан ары сатуу максаты менен өткөрүп алган. УКМКнын тергөө башкармалыгы тарабынан жерлер боюнча комиссиянын мүчөлөрүнө карата Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси (кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыш иши козголду. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.


Исхак Масалиевди сөккөнүн өкмөт бүгүн шардана кылды
"2012-жылдын 15-майында бардык мамлекеттик кызматкерлердин ишин баалоо боюнча өкмөттүн жыйыны болгон. Ошол жыйында салык кызматынын төрагасынын иши "2" деген баага татыктуу болгон. Мындан улам, аталган ведомствого Исхак Масалиевди ишенип алып келсем, ал дагы үмүттү толук актаган жок. Себеби, аталган кызматтын көрсөткүчү биз прогноз кылган көрсөткүчкө жетпей жатат. Мындан улам Исхак Масалиевге согуш берилди" дейт Жантөрө Сатыбалдиев. Сыягы, "мактаган адамы тойдо кое берип койгон го.


"Ата-Мекендин" акесин таанытышат…
Буга чейин азыркы бийликтин бетине чиркөө болуп келе жаткан Азиз Батукаевдин маселесин парламентте катуу иликтеп баштаган депутат Болот Шердин комиссиясы Башкы прокурордон баштап бир катар чиновниктерди кызматтан айдоо тууралуу сунушту парламентке алып чыгуу алдында турганда "мага кылмыш ишин козгоп жатышат" деп Болот мырза бакырып чыккан. Ага жооп кылган башкы надзордук орган Болот Шерге кылмыш иши ачылбаганын, мурдагы мародерчулук боюнча кылмыш иши кайра жанданганын айтып чыгышты. Бул деген "Текебаев баштаган "ата-мекенчилердин" сазайын беребиз" деген бийликтин сигналы болгонун ким тана алат?
Ал эми Текебаев болсо өткөндө мамлекеттик резиденцияда Атамбаев атайын жыйында сүйлөп жаткан маалда эшикке чыгып кеткенин, анын артынан биринчи-вице-премьер Жоомарт Оторбаев ээрчий чыгып, президентти сыйлабастыгын көрсөтүшүптүр. Муну байкап, ошол жерде отурган "Ата-Журт" фракциясынын лидери Мыктыбек Абдылдаев Чыныбай Турсунбековго "ушуну көрмөксүңөр" дегендей мыйыгынан жылмайып, каш кагып койгону кө-өп нерсенин башталганын каңкуулайт го…


Санкт-Петербургда Кыргызстанга үндөштү
Санкт-Петербург шаарында Кыргызстандагы туризмди колдоого алган рекламалык иш-чаралар болуп өттү. Кыргызстанга турист катары барууну үндөгөн рекламалар бир ай бою Орусиянын Түндүк борборундагы бардык көрүнүктүү жерлерге илинип турду. Белгилей кетүүчү нерсе өткөн жылы мэр И.Өмүркулов Санкт -Петербург шаарына болгон визитинде бул маселелер боюнча келишимге жетишкен эле. Ал эми Түндүк борбордун губернатору Г.Полтавченко да бизге келип кеткен.


Кенебестиктен улам наристесинен
ажырап калды
Бишкек шаардык перинаталдык борборунун кызматкерлери башкалаанын 37 жаштагы тургунунун өмүрүн араңдан зорго сактап калгандыгын Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Ишемби күнү төрөт үйүнө жолдошу 7 ай 2 жумалык боюнда бар аялын кыйналган абалында өздүк автоунаасы менен алып келген.Врачтар ага мезгилинен мурда тондун кабаттанышы, кан жоготуу, геморрой шогу деген диагноз коюшкан. Реаниматолог-анестезиологдор жалпы 12 литр кан компонентин куюшкан. Аял аман калганы менен айына жетпей ара төрөлгөн ымыркайды врач неонатологдор сактап кала алышкан жок. Буга чейин ал Бишкек шаарында акушер-гинекологдун карамагында турган жана кан жоготуу тобокелин билген. Ошондуктан боюнда болгонуна 19 жума болгондо ооруканага жаткырылган, бирок 3 күндөн кийин өз алдынча төрөт үйүнөн чыгып кеткен. Бул аялдын кенебестиктен улам өз өмүрүнө коркунуч туулганы аз келгенсип, наристесинен ажырап калганы башкаларга сабак болууга тийиш.


"Кыргызстан Ханышасы-2013"
сулуулар сынагы өтөт
"Кыргызстан Ханышасы-2013" сулуулар сынагы 27-май күнү Бишкекте өтөт. Тандоо туруна өлкөнүн 6 облусунан келген 95 кыз катышып, алардын 35и сынакка катышууга мүмкүнчүлүк алды. Алар эми сынакта коктейль, улуттук көйнөк, бикини жана кече кийимдерин көрсөтүшөт. Сынактын жеңүүчүсү Германияда өтө турган "Дүйнө Ханышасы-2013", биринчи вице-мисс Таиландда өтө турган "Азия периси-2013", экинчи вице-мисс наамын алган сулуу Малайзияда өтө турган "Эл аралык туризм периси-2013" сынагына катышууга жолдомо алат. Ал эми Кыргызстан ханышасын тандоо иш-чарасын IDOL Model Magagment жана InterAlliance KG компаниялары уюштурууда.




Пикир:

Яндекс.Метрика