...Айланайын артист экен

Шашылыш убактарда же иштен кеч чыгып, маршрут токтоп калган маалда такси чакырууга туура келет. Шаар шартында ашыкча акчаң жок болсо, маршрут токтогончо иштебей, үйгө кетүүнүн аракетин жасаган оң. Себеби, таксисттер бери жагы 100 сомдон кем айтышпайт. А пунктунан В пунктуна жетүү үчүн ар кайсы такси ар кандай бааларды айтышат. Андыктан чөнтөк жука болсо, бир көргөн таксиге отурбастан бир нече таксисттерге кайрылып, баасын тактап алуу туура болот. Бүгүнкү күндө элдин көпчүлүгү чакырма таксиге көнүп алышкан. Себеби, баасы жеке таксилерге караганда төмөнүрөөк, ыңгайлуу жана коопсуз деп билишет. Чын эле коопсузбу? Деги эле таксисттердин жашоосу кандай? Бул тууралуу таксист болуп иштеп келе жаткан Павел Ли менен маек курмакчыбыз.

Таксиден кетип, ишке орношсомбу дейм
Мен кесибим боюнча инженер-механикмин. 1993-жылы институтту бүтүп өз кесибим боюнча механик болуп иштеп жүрдүм. Кийинчерээк элдин баары кетип жаткан Россияга иштегени барып 2002-жылы мекенге кайра кайтып келдим. Андан кийин майда-чүйдө иштер менен алек болуп жүрдүм. Ишке орношоюн десем айлык аз. Өзүм үй-бүлөлүү болгондуктан балдарды багыш керек. Андыктан, таксист болууга аргасыз болдум. Таксист болуу бул менимче айла кеткендин иши. Кесибиме жараша маяналуу жумуш болсо таксист болбойт элем. Азыркы учурда өзүмө жумуш караштырып жүрөм. Табылып калса таксиликтен кетем.

Мага кардарлардан кол салуу болгон
Сырттан билинбегени менен таксинин иши оор жана кооптуу. Бир ирет "Навигатор" ресторанынан кардар алып үйлөрүнө жеткирип келе жатсам, жолдон эки бала тосту. 25-30 жаштын тегерегиндеги жаш балдар экен. "Лебединовкага жеткирип коюңуз" дешти. Айткан жерине жеткизген соң, бир үйдү таппай издемиш болуп башташты. Ойлору жаман жакка кетип жатканын мен сезип турдум. Кайсы бир жерге токтотуп майда-чүйдө нерселерди машинама жүктөп БЧКга жеткенде, алдыда отурган бала чөнтөгүнөн бычак алып чыкканын көрүп, колум менен урганда баш бармагым чыгып кетти. Машинени эптеп токтотуп качканы чыгып жатканымда, алдыда отурган бала бычак менен мени урду. Мага анча жетпей калып курткам айрылып кеткен. Качып бара жатып бир үйдү көрүп калдым, шок абалында тургангабы дарбазасынын эшигин жулган бойдон кирип кеттим. Ал үйдөн чоң таяк көтөрүп чыгып, машинеге кайра келсем төрт дөңгөлөгүн жарып, ичин тинтип жатышыптыр. Мени көрүп качып жөнөштү. 50 метрдей кууп барып жетпей калдым. Эч жакка деле кайрылбадым. Негизгиси амандыгыма сүйүнүп турам. Кудай өзү мени сактады. Убагында качып чыгып кетпегенимде, балким өлтүрүп деле коюшмак. Бул окуядан кийин 10-15 күн шок абалында болуп үйдө жаттым. Кантсе да тамак-аш керек экен кайрадан ишке чыга баштадым.

Тилдеп сөгүп
кеткендер да болот
Кээ бир адамдар убакытка такыр так болушпайт. Жолдо кетип бара жатып "бул жерге токтоп койчу?" деп, жарым саат жок болуп кеткендер бар. Биздин эреже боюнча 1 минут күтүү 2 сомду түзөт. Ошондуктан жарым саат убакытты алса эсептегич 60 сомду уруп коёт. 120 сом менен бара турган жерине 60 сомду кошкондо 180 сом болуп кетет дагы, жеткенден кийин жиндеп, тилденип башташат. Айрым учурларда чакырганын-чакырып алышып телефондорун өчүрүп, албай коюшат. Мындай көрүнүштөр бизде дайыма болуп турат.

Түнкүсүн окуучу
кыздардын
саунадан чыккандары жан кейитет
Мен таксист болгондуктан ар кандай адамдарды көрөм. Түнкүсүн кафелерден мас болгон жаш кыздарды үйүнө жеткирген учурларыбыз абдан эле көп болот. "1 жылда бир жолу жумуштан чарчап эс алса, эс алышат чыгар" деп аларды бир аз түшүнсө болот. Бирок мөлтүрөгөн мектепте окуган кыздардын саунадан чыккандарын көрүп зээним кейит. 3-4 күн мурун эки кызды саунадан алып чыгып баратсам, бирөөсүнүн телефону шыңгырап калды. Айланайын артист кыз экен, өзү машинеде баратат дагы "апа мени ойготуп жибербедиңизби" деп уйкусураган адамды келиштирип койду.

Чакырма такси
"чатак" эмес
Билинбегени менен такси-жакшы бизнес. Негизи Бишкек шаары боюнча тарифи эң кымбат такси бул- "Удача". Себеби, курамында машина көп болгондуктан, чакырган жериңе тез аранын ичинде жетип барат. Чакырма такси менен жүрүү кардарлар үчүн эң эле ыңгайлуу да коопсуз. Себеби, айрым кардарлар шашып бара жатып, уюлдук телефонун же капчыгын унутуп коюшу мүмкүн. Мындай учурда таксинин ээсин табуу оңой. Анткени, "Мотор" такси же "Эконом" такси деген системага кирип жатканда биз катталуудан өтөбүз.









Пикир: