Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери

меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси

mainkaptal

Кыргыз гезиттер

Мектептин ашканасынан пирожки уурдап…
Эртең 25-май. Бул күн башкалар сыяктуу менин дагы өмүрүмдүн эң баалуу, аялуу бөлүгү. Балалык, мектеп, чурулдаган балдар, чырылдаган коңгуроо, "Кош келиңиздер!" деп бадырайта жазуу илинген мектептин алды… Мунун баары балалык доордун бүктөмүндө калды. Ошолорду эстеп, эл катары мен да бирдеме чиймелеп койбосом болбойт деп анча-мынчаларын эсиме түшүрдүм.
Мен мектепке барган учур 1993-жылдын күзү болгондуктан, жаңы гана эгемендик алган Кыргызстан өз жолун таппай, эңги-деңги болгон оор мезгил эле. Окуу китептери толугу менен советтик мезгилинде басылган окуу китептер болгондуктан, "Жашасын Ленин ата!" деп кыйкырганга башталгыч класста мен да үлгүрүп калдым.
Алгачкы "А" тамгасын таанытып, "Алиппени" эжелетип окуткан эжейим Элмира Солтонова деген айым эле. Өзү ак көңүл болгону менен ачуусу чукул болучу. 1-классты бүтүп жаткан кезде башкалардай эле тентектик кылып, "Алиппенин" бетине чийгилеп салганымды көргөн эжейим ачууланып: "Бул да сен сыяктуу бирөөнүн эмгеггинен жаралган аманат буюм. Сенин чекеңе жазып көрөйүнчү кана", - деп кызыл ручканы алып туруп бекем кучактап кармап туруп чекеме өз атымды жазып салып бир уялтканы бар. Кийин ал киши айыккыс оорудан улам бул дүйнөдөн өтүп кеткенин кеч уктум.
Менин өзгөчө эсимде калган 3-класста окуткан эжейим Айнура Сулайманова болду. Негедир ушул эжей мага өзгөчө боор тартып турчу. Болоор-болбос нерселерге жооп берип койгонум үчүн эле "5" кое берчү. Эми балалык кезде көп тентектиктер болот да. Бир ирет ачуум менен бир баланын башын жара коюп Айнура эжейден дагы, апамдан, тиги баланын апасынан да келтек жеген жайым бар.
Бир ирет курсагыбыз ачканда бир дос балам экөөбүз мектептин ашканасынан пирожки уурдап, ал качып кетип, мен колго түшүп калгам. Ашпозчулар куу немелер экен, уурдаган 2 пирожкинин акчасын апамдан дагы, эжейимден дагы 2 эселеп төлөтүп алыптыр. Бетим кызарып, уялганымды айтпа. Анысы аз келгенсип, Айнура эжей окуучулардын классташтардын алдына чыгарып бир кызарткан. Ошондон кийин ашкана түгүл орустун алмасына да кирбей калгам. Ошол бойдон Айнура эжейди көрө элекмин. Эгер окуп калса редакцияга байланышаар.
10-класстын башында коңшулаш мектепке окуйм деп кетип калгам. Мектептин абалы начар, асты сыз болучу. Ал жактан жөн жүрбөй, "мектепти оңдошубуз керек, ооз ачып отура бергенибиз болбойт" деп классташтарымды көндүрүп, ошол кездеги билим берүү министри Ишенгүл Болжуровага ачуу арманыбызды айтып, куш тилиндей кат жаза коюп, учурунда кадыры артып турган Эшимкановдун "Агымына" жарыялатып жиберип, бир чуу салганбыз. Кат жарыялангандан 2 күн өтпөй, "Бишкектен Болжурова келиптир" деп Талас облусунун, Талас шаарынын чоңдору чуру-чуу түшүп эле жатып калышты. Ошол келишинде министр мектепке 23 миң сомдук жаңы пентиум-4 компьютерин, китептерди алып келген. Ошондон кийин облустун губернатору Искендер Айдаралиев биздин мектепке көңүл буруп, кыйла иштерди жасады. Ал эми мени мектептин администрациясы кодулап, айламды алты кетирген. Учурда мектеп менен тыгыз байланыштамын.
Эми мындай кызыктар көп. Адабияттан берген Асанкул агайдын Канат деген классташым экөөбүздү айтыштырып, ал жеңилип калып ызаланып ыйлаганы эсимде. Ии баса, 5-класста Молдобек деген агай мектепке комуз кружогун ачып, ошол жерден өнөр ааламына сүңгүп киргем. Мектепте жүргөндө бардык коомдук иш-чараларда, фестивалдарда активдүү катышчумун. Ошол жерден өнөр аркылуу Майрам Дүйшөновна жетектеген "Мээрим" фонду аркылуу көптөгөн фестивалдарга катышып, өмүр бою эстен кеткис кубат алганымды унутууга акым жок. Мунун баарын жолукканда Майрам эже экөөбүз эскергенбиз. Кыскасы канчалык тамшансаң да балдай таттуу балалык тарых бүктөмүндө калып, биз болсо турмуштун ийри-буйру жолдорунда бирде туруп, бирде чалынып эле баратабыз…
Адилет АйтикеЕВ,
adi77@inbox.ru




...А түгүл класстарды
сагынат экенсиң
Мен Талас облусунун Кара-Буура районундагы Көк-Сай орто мектебин окуп бүткөм. Эмне демекчимин убакыт учкан куш дегендей, билинбей мектепти аяктаганыбызга 19 жыл болуптур. Эже-агай, классташтарынды, окуган мектеп, а түгүл класстарды сагынат экенсиң. Учурдан пайдаланып класс жетекчим Кыдыралиева Динара эжейиме салам айтуу менен ишине ийгилик, ден соолук каалап кетем. Мектепте окуп жүргөн кезибиз эң бир бактылуу күндөрүбүз экен да. Чогуу окуган балдар жолугуп эмдиги жылы жыйырма жылдыгыбызды өткөрөбүз дейт, кээ бири белгилебейбиз дейт. Буйруганын көрөбүз да. Бирин - экин көзү өтүп кеткен классташтарыбыз да болду.Аларга жаткан жериңер жайлуу, топурагыңар торко болсун дейт элем.Ошондой эле тоону томкоруп, ойду омкоруп ийчүдөй болгон бүтүрүүчүлөрдү куттуктайм,ийгилик каалайм.
Ренат Раимбеков


"За то", бул "кожанный"...
Ал кезде 2 - класстын окуучусу элем. Кыш мезгили болуп турган. Апам шаарга конокко кетип, абдан сагынып күтүп жүрдүм. 2-3 күн өткөндөн кийин апам үйгө келди. Сүйүнгөнүмдү айтпа. Колунда эки чоң сумкасы бар экен, эки көзүм ошол жактан өтүп турду. Бир маалда апам "кызым сага сонун "кожанный" өтүк алып келдим" деди. Сүйүнгөнүмдөн ого бетер дерделеңдеп апамдын жанынан чыкпай, айланчыктап эле калдым. Бир маалда сумкесинен өтүктү алып чыгып, бутума кийгизсе 2 размер чоң болуп калса боло. Апам "Бул кожанный, сапаты аябай сонун кызым. Чоң болсо эч нерсе болбойт. Чоңойгондо да кийесиң" деп мактап койду. Эртең менен туруп, сабакка даярданып, баягы бутума чоң болуп калган жаңы өтүгүмдү кийип алдым. Мектепке барсам Алмаз деген курбу классташ балам "Муну кара, бутуна чоң өтүк кийип алыптыр" десе арданып: -"За то" бул "кожанный" уктуңбу деп мушташа кетип, мурдумду көгөрткөнүмдү жылмаюу менен эстеп калам.
Аида Батырбекова


Эстен кеткис эже-агайларым
Мектеп, класс, акыркы коңгуроо… 20 жыл болобу, 30-40 жыл болобу, бул ар бир мектепте окуган адамдын жүрөгүндө сакталып калган ыйык, таза сезимдер. Ооба, таза сезимдер. Алтын уям -мектебим азыркы учурда Ч.Айтматов атындагы орто мектеп, мурдагы аты Грозный орто мектеби эле. Эсимде адабият мугалимибиз Канай Момбековдун лента менен иштеткен магнитофону бар эле, ошонусун класска алып келип, Манасты айттырып, ушундай көңүл бурдуртууга аракеттенип, бизди да МАНАС айттыруудан тажачу эмес. Ал эми тил мугалимибиз Турсунбаева Саткын эженин кыргыз тилинен эрежелерди жаттатып, тилибизге көбүрөөк маани берүүнү талап кылар эле, себеби, ал кезде орус тилине басым болчу да. Мен бул ага -эжейимди атап, ушул кичине эскерүүмдү алардын элесине арнагым келди. Классташтарымды 25- май акыркы коңгуроосу менен куттуктап, балалыктын бал таткан күндөрүнө бир кылчайып коюуларын каалап кетер элем. Шыңгырай, бер коңгуроо!!!
Чынара Молдокулова


Алабармандыгым азыр деле бар
Окуучулук кез... Өзүнчө бир керемет мезгил экен го… Кызыктуу окуя демекчи, 8-класста окуп жүргөн учурубуз болсо керек. Биринчи катардагы партада олтурчумун. Кезекте кыргыз адабияты сабагы болмок. Агайыбыз олтурчу маңдайдагы үстөлгө Мелис Бейшеналиев деген классташыбыз олтуруп алып, бирдемелерди айтып жаткан болчу. Класстык тапшырманы аткарбай калган жаным баш көтөрбөй китеп окуп жаткам. " Эми Төкөев келип тапшырманы сурап башты оорутат. Ал келгенче даярдана коюн" деп Мелисти карап айта салсам, ал ордуна кетип калып, Тынымбек Төкөев деген агайыбыз өзү олтуруптур. Классташтарыбыздын баары "дуу" күлүп жиберишти. Тынымбек агай да күлүп жиберди. А мен болсо эмне кылаарымды билбей кызарып-татарып эле олтуруп калдым… Дагы бир окуяны айта кетейинчи… 9-класста окуп жүрсөк керек эле. Мектептин коридорунда классташтар - Боскен Таштаналиев, Мелис Бейшеналиев, Эркин Курманалиев болуп бара жатканбыз. Коңгуроо кагылып калгандыктан "сабакка кечигип калбайлы" деп шашып баратканбыз. "Эрте баспайсыңбы" деп Эркинди түртүп жиберсем, Эркин эмей эле директордун орун басары Үмөтай Бекматжанов деген агайыбыз экен. Көрсө Эркин алдыга өтүп кетип, анын ордуна Үмөтай агай туруп калган турбайбы. Анда да кызарып-татарып эмне дээримди билбей жаман болгом… Окуучулук кезимдеги алабармандыгым азыр деле бар…

Мындан 33 жыл мурда Токтогул районундагы
Торкен орто мектебинин бүтүрүүчүсү Дайырбек МЕЙМАНОВ




…Гүлфинага жазылган кат
Классыбызда Гүлфина деген дагы бир кыз бар болчу. Өтө эле арык, кичинекей, анан аябай урушчаак кара кыз эле. Кичинекей кезибизде баарыбыз биригип, аны көтөрүп, эң чоң турниктин тээ башына чыгарып салып, ал 5-6 саат коркуп түшпөй, апасы келип, урушуп, айтор ызы-чуу болуп эле жатчубуз. Анын да жүргөн жери күлкү болчу. Бир жоругун эстесек, азыр да классташтар боорубузду тырмап күлөбүз. Биз анда 8-класс болчубуз. Балдар кыздар бири-бирине кат жазып, өз бойлоруна карап калган мезгил. Бизден 3 жаш улуу, 11-класстын балдарынын арасында да Ороз деген бою кичинекей, жоош бала бар эле.
Бир күнү 11-класстын балдары сүйлөшүп, план түзүшүп Ороздун атынан Гүлфинага кат жазышат. "Гүлфина мен сени көптөн бери байкап жүрөм. Жакшы көрүп калдым…" - деп жазылып, үч бурчтук болуп бүктөлгөн кат Гүлфинага тиет. Ал кезде Гүлфина сүйүү менен иши жок, өзү менен өзү болуп жүрө берчү. Танапис болгондо Гүлфина жини менен сыртка чыкса, баягы 11-класстын балдары кычырап, басып келе жаткан тура. Ороз бою кичине болгондуктан, дайыма алдыда басчу. Такылдап, жини менен барып "Ороз байке сиз эмес, сизден сулуу балдар кат жазганда болбой койгом" - деп баягы катты элдин көзүнчө майдалап тытып, бетке чаап, басып кеткен тура. Ороз өзү эле жоош бала болчу. Анын үстүнө каттан эч кандай кабары жок, эч нерсени түшүнбөй же бир нерсе дей албай эле кызарып туруп бериптир. Артындагы кат жазган балдар ыкшып күлүп жатышат дейт. Муну көргөн биздин балдар класска келип, кыздарга айтып берип, баарыбыз көзүбүздөн жаш чыкканча күлгөнбүз.
Жазнура Токтоболотова






Пикир:

Яндекс.Метрика