Базардагы баа -
кылыктанган кыздай эле...

Жашоонун негизги булагы бул тамак-аш экенин эч кимибиз тана албайбыз. Эгер курсагыбыз ачып, үйдө жээрге тамагыбыз жок болсо, эч нерсеге көңүлүбүз чаппай, иш эмес, бирөөгө сүйлөгүбүз келбей каларыбыз белгилүү да. Кыргызстанда жакырчылык өсүп жатканын базарларды аралаганда эле билинет, айрыкча Ош базарындагы аялдамадан түшкөндөн баштап жол жээгинде таразасын коюп алып баласы менен отурган аял, жашы бир топту карап калган энелер отурат. Жыргаган турмуштан отурбаганы айтпаса да белгилүү. Ошол таразадан канча акча табат дейсиз? Балким, кечки тамагына жетээр, жетпесе бир нан алып үйүндө ачка отурган балдарына жөнөр... Булардан башка да жээрге тамак-аш сатып алалбай карайлап отурган атуулдарыбыздын саны да жетишээрлик.
Азыркы учурда Кыргызстандыктардын орточо айлыгы 10 619 сомду түзөт деп айтылат, расмий түрдө. Өкмөт тарабынан айтылганы менен чындыгында орточо айлык 8 миңди түзөт, ал эми эң аз дегени 5000 сом, айыл жергесинде бюджеттик уюмдарда 2,500 сом акча алып иштегендер да бар. Мугалимдердин, айлыгын көтөрдүк дегени менен жаш мугалимдер 5-6 миңдин тегерегинде айлык алышат. Бул акча менен бир ай жашоого болобу? Ал эми базардагы азык-түлүктүн баасы жылдан-жылга көтөрүлүп, асман чапчып баратат. Былтыркы жыл менен быйылкы жылдын 21-май айындагы азык-түлүккө болгон бааларын салыштыруу максатында Ош базарына барып, сатуучуларды аралап, эң керектүү деген гана азык-түлүктүн, жер-жемиштин бааларын билдик.




Азык-түлүктү кайсыл жактан сатып аласыз жана айына канча каражат жумшайсыз?
Жолдошбек Жанжигитов, актёр:
- Албетте, айдын башында айлык колдо барда ирибеген, чирибеген, эзилбеген, сасыбагандарды, мисалы, май, кумшекер, туз дегендерди Ош базарына барып көбүрөөк кылып алып коём. Ал эми күнүмдүк жашылча-жемиштерди аз-аздан жаныбыздагы дүкөндөн алып турабыз. Кээде үйгө кечирээк келатсам соода түйүндөрүнө кирип, балдарга жей турган азык-түлүк алам. Анткени, соода түйүндөрү күнү-түнү иштей берет эмеспи. Биздикине киши-кара көп келгендиктен айына көп эле акча азык-түлүккө кетет. Эң аз дегенде 7-8 миң сарптайм. Базардагы баалардын кымбаттаганы депутаттар менен чиновниктердин капчыгынын кылын да кыйшайта албайт. Ал эми карапайым-калкка оор эле болуп жатат. Баанын көтөрүлбөй, стабилдүү болгону жакшы да. Тактап айтканда азык-түлүккө болгон баанын көтөрүлгөнү кылыктанган кыздардай эле да, андан көрө сүйлөшүп, телефонун номерин берген эле жакшы дегендей...

Назира Жетигенова, куудул:
- Биздин үйдө киши көп кыздарым, неберем, айылдан окуп-чокуйбуз деп келген студенттер толтура. Ошондуктан, картошка, пияз, ундарды Орто-Сай базарынан эле каптап алып коёбуз. Ал эми майда-чүйдө керектүү нерселерди "Народный" соода түйүнүнөн алам. Күндө аз-аздан ала бергендиктен, айына канча каражат кетип каларын эсептебей деле калам, акчам көп эле кетет. Бирок, тапкан каражатым кудайга шүгүр кенен жетет. Орустар айтмакчы "Хлеб с маслом кушаем".




Канат Мамырбаев, "MegaCom" компаниясынын кызматкери:
- Жумуштан чыккандан кийин базарга барганга жетишпейм, ошондуктан, көбүнчө соода түйүндөрүнөн эле алам. Азык-түлүккө айына аз дегенде 15 миң сомдой акча кетет. Анын үстүнө баалардын кымбатташы капчыгыңа бир топ эле билинип калат экен. Элге эң эле керектөөсү тамак-аш да, ошондуктан Өкмөт бааларды көзөмөлгө алып, көтөрүлбөгөнүнө чара көрүшсө жакшы болот эле.

Бакыт Асанов,
МАУПФ и Б окуу жайынын окутуучусу:
- Мугалимдердин айлыгын жакшы билесиздер да, өтө аз. Ошондуктан, бардык азык-түлүктү Ош базарынан эле алып коёбуз. Айына 5-6 миң сом каражат азык-түлүгүбүзгө эле кетет. Базарда баалардын кымбатташы да чөнтөгүбүзгө оор болуп жатат. Канчалык арзан болсо бизге ошонусу жакшы да.

Гүлмира Тойалиева,
ИИМ кызматкери:
- Азык-түлүктүн бардыгын базардан эле алам. Кээде үйгө конок келип калса жаныбыздагы дүкөндөн ала коём. Айына жалпы 3-4 миңдей акча жумшайм. Базарларга барсаң жер-жемишке, азык-түлүккө болгон баа күндөн-күнгө эле көтөрүлүп жатат. Албетте, бул биз үчүн абдан эле оор. Айлыгыбыз аз болсо, кайсыл жагына жеткирерибизди билбейбиз.


Наргиза
Козубаева
naki-86@mail.ru







Пикир: