Калмамат, көчө адамы:
"Бүттү, үйүмө барам…Күрүч айдайм"

"Дүйнө - чайпалган деңиз"- дегениң чын тура. Чалкыган деңизде алсыз адам баласы түк эч нерсеге татыбай, анын толкуну адамзатты бирде ылдый, бирде өйдө чайпалтат экен. Кээ бирибиз анын албуут толкунуна туруштук берип, чыйралып, чымырканып жашасак, кээ бирибиз алсыздык кылып, баш ийип берет турбайбызбы.

"Турмуш деген ушу экен, аялым менен ажырашып кеттим. Эки уул, эки кызым бар. Жакшынакай үй-бүлөм, там-ташым, короо-жайым бар. Ичкиликке берилип кетип, мына ушундай абалга келип отурам. Арактын айынан бала-чака, тууган-туушканга жек көрүндү болдум. Шаарга келип, селсаяктарга кошулдум. Эми минтип коробка, бөтөлкө чогултуп жүрөм" - - деп сүйлөп отурду маңдайымдагы бул адам. Калмамат байке алыскы Баткен жергесиндеги Кадамжай районунда төрөлгөн. Элүү жашка келсе да жашоосун эптей албаганына бир эсе жини келсе, бир эсе кейип-кепчип алды.

- Аялымдын аты Дилбар. Ал менин үчүнчү аялым болчу. Жакшы эле жашап жатканбыз. Жакшынакай үй-бүлөм бар болчу. Кийинки күндөрү көп иче баштадым. Кийинчерээк аялым менен ажырашып кеттим. Төрт балам бар. Андан мурда да эки аял алгам. Биринчи аялыман үч эркек уулум, экинчи аялыман бир кызым бар. Жалпы сегиз балам бар. Мурдагы аялдарым менен жаш кезде эле ажырашып кеткем. Ал убакта жаш болуп, көп нерсени билчү эмес экенмин. Биздин Баткен жергесинде динди катуу кармашат. Динде "үч талак" деп ажырашкандан кийин кайра жарашпайт. Азыр экөө тең башка күйөөгө тийип, турмуштарын улантып кетишкен.
- Балдарыңыз кайда, улуусу канчага келди? Алар менен катышып турасызбы?
- Балдарым менен катташып турам. Улуу балам 25 жашка келди. Акыл-эстүү чыгып, жакшы бала болуп чоңойду. Айдаркен шаарчасында турат. Үйлөндү деп уктум, бирок өзүм 4 жылдан бери көрө элекмин. Үчүнчү аялымдан улуу кызым мага өгөй болчу. Ал кызым да турмушка чыгып, жакшы жашап жатыптыр. Бир кыздуу болгон экен.
- Ата-эне, бир туугандарыңыз барбы?
- Апам өтүп кеткен, атам бар. Бир туугандарым жакшы турушат. Төрт эркек элек, калган үчөө абдан жакшы турушат. Бир гана мен минтип жашоодон чалынып калдым. Бирок, мен баарын кайра оңдогонго аракет кылам.
- Арак ичип, мындай жолго түшүп кеткениңизге эмне түрткү болду?
- Негизи Баткенде үй-бүлөм менен жашачумун. "Шаарга барып, иштеп акча табалы" - деп бул жакка келгем. Мен Ош базарында тачка түртүп, акча таба баштадым. Болбоду дегенде күнүнө 500 сом, жакшы болгондо бир жарым миң сом тапчумун. Бул акча ашык болбосо да, балдарымды бакканга жетчү. Кийинчерээк аялым башка менен жүрүп алганын кулагым чалып калды. Көрсө ал башка бирөө менен байланыш түзүп алыптыр. Мен буга чыдабадым, ошентип ажырашып кеткенбиз. Ажырашкандан кийин ар кайсыны ойлоп, арактан күчүмдү чыгара берген экенмин. Мындай абалга качан, кантип келип калганымды өзүм да сезбей калыптырмын.
- Азыр ушинтип бөтөлкө өткөрүп, жан багасызбы?
- Ооба, анан эмне кылам.
- Канча акча табасыз анан? Аларды эмнеге коротосуз?
- Күнүнө орто эсеп менен 200 сом табам. Ал күнүмдүк тамак ашыма кетет. Андан ашып калса, жатаканага төлөйм. Ашпай калса, көчөгө эле түнөйм.
- Мындай жашоо өзүңүзгө деле жакпаса керек, эми эмне кылайын деген оюңуз бар?
- Үчүнчү аялым "кайра жарашалы, болгону арагыңды токтот, адам бол, жашайлы" - деп жатат. Оңолуп, жакшы жолго түшүп, күзүндө үйгө барайын деп жатам. Барсам балдарым, аялым кабыл алат деп ойлойм. Кудайым буюрса мен да бактылуу болом деген ниетим бар. Ага мен толук аракет жасайм. Бул жакта Бишкекти титиреткен, чоң кызматта иштеген таякелерим бар. Өткөндө алар мага жолугушуп, бир топко тилдешип, кеп-кеңештерин айтышты. "Мындай жолдон эртерээк чыккын. Жакшы жумушка орноштуралы, айына 10-15 миң аласың. Күзүндө жакшы адам болуп, оңолуп үйүңө бар" - дешти. Макул дедим, андан башка не дейин.
- Эмне жумушта иштей аласыз?
- Бир жылдары Россияда иштеп, кыш койгонду үйрөнгөм. Ошол адистиктин ээсимин, жетишээрлик тажрыйбам бар. Курулушта толук иштеп кете алам. Таякелерим да ушул адис-тигим боюнча ишке орноштурабыз дейт. Кудай буюрса жумушка орношуп, оңолуп, акча таап, үй-бүлөмө барам. Баткенде бак-дарагым, бир жарым гектар жер үлүшүм бар. Үй-бүлөм менен ал жакка күрүч айдайбыз. Күрүчтөн жакшы акча тапса болот. Бир жылда орто эсеп менен 4 тонна күрүч алам, аным 200 миң сом болот. Ал үй-бүлөнү бакканга толук жетет. Азыркы аялыман улуу балам 16 жашка келди. Ортончусу 2002-жылкы, кичүү кызым кичинекей, 2006-жылы төрөлгөн. Алар өткөндө бул жакка келди, жолугуп, сүйлөштүк. Балдарымды да сагындым.



Мына замандаш жашоонун бир картинасы, бир адамдын тагдыры. Селсаяктардын бардыгын тең аракеч деп айтуу албетте жаңылыштык. Бирок алардын дээрлик көпчүлүгү арактын айынан минтип көчөдө калганы ырас. Анткен менен "мен баарын кайрадан баштайм, оңолом" - деп сүйлөп турган бул адамдын сөзү мени кубантпай койгон жок. Калмамат байке сыяктуу жолдон адашып, тагдырына таарынып, аракка берилип, үй-бүлөсүн жоготуп көчө адамына айланган адамдар калаабызда жүздөп, миңдеп саналат. "Буга өзүң гана күнөөлүүсүң" - деп биз аларды айыптоодон же "эми андай бол, мындай бол"- деп акыл айтуудан албетте алыспыз. Анткени, бул - тагдыр, бул - жашоо. "Адашкандын айыбы жок, кайрылып үйүрүн тапкан соң"- деген сөз бар эмеспи, болгону алар асты-артын карап, басып өткөн жолун таразалап, тактап, таза жолго түшсө дейбиз. "Адам жыгылып туруп оңолот" - дешет, болгону алар жыгылган жерден туруп, күбүнүп, кагынып, басып кетсе дейбиз...


Жазнура
Токтоболотова,
jazi011288@mail.ru






Пикир: