Ыр жүрөк
Жыпар ИСАБАЕВА
Жүрөгүмдөн ырдап, ыйлап түшкөнгө,
Мага өмүрдүн жыты келет алардан!

Сүйүнчү, ата болдуң!

Төрөлүүдө -
Сен жыттанган ырларым!
Кубангандан…
Билесиңби, ыйладым!
Экөөбүзгө окшош куюп койгондой -
Катар, бирок кайчы өтүшкөн жолдордой!

Кудум сендей -
Жүрөгүнүн кагышы,
Сүйлөгөнү, күлгөнү да, дабышы!
(Алда нелер удургууда ичимде,
Дагы калып калган окшойт, ай ушу!)

Мына-мына,
Таптым да бир перзент!
О, Кудурет,
Экөө экен - эгиз, эх!
Эч кимде жок, эч ким бербес бакытты,
Эми мага мына ушулар беришет!

Жыттанышкан -
Жыргал, сүйүү жана арман,
Садагалар,
Сагынычтан жаралаган!

Жүрөгүмдөн ырдап, ыйлап түшкөнгө,
Мага өмүрдүн жыты келет алардан!

Башкаларга
жакпас, балким мүнөзү,
Ымыркайдын
жоктур анда күнөөсү?
Бири мынча калбаат, кагылайыным,
кудум мендей романтик бирөөсү!
Ушакчылар балким эми сөз кылаар:
"Ушу ырына окшобойт, - деп, - Күйөөсү..."

Күтүү менен жашап
өтөм дүйнөдөн

Телефондор...
Бүгүн дүлөй, кереңдей,
Тунжурашат - укпай, сезбей, кебелбей!
Ал ансайын күнүм түшүп аларга,
Күйпөлөктөйм: "Мага эмне?!"- деп теңелбей!
Көз каранды
болуп сага кайран жан,
Кадимкидей, башымды ийип, байлангам!
Кожойкеңер болсом дагы силердин,
Бөйпөңдөгөн кулуңарга айлангам!
Анткени издеп,
жүрсөм жалган дүйнөдөн,
Жүрөгүмө салып ийип дүрбөлөң,
Эстен кеткис ошол бир күн өзүңдөн(!)
Жүрөгүмдүн падышасы сүйлөгөн!
Ошол үндү угуш үчүн кайталап,
Күтүү менен жашап өтөм дүйнөдөн!..
Күтүү менен жашап өтөм, дүйнөдөн!.."

Күндү көрдүм түшүмдө

Күндү көрдүм түшүмдө!
Демек менин
Күнүм тийет экен деп
сени эстедим.
Күмүш күлкү тагынып
добушуңа,
Күлүп келген кезиңди
элестедим.

Айды көрдүм түшүмдө!
Демек менин
Айлап күткөн адамым
келет дедим!
Азаптарды арт жакка
таштап эми,
Алдың тосуп чуркашым
керек менин!..





Пикир: