Чалканчынын чар китеп

Жакшы иштесе өкүмат,
жашообуз болот бакубат.

Эски, жаңы өкмөттүн,
Курамынан ширелген.
Лидерлерине таянып
Министрлер чиренген.
Жакшы иштебей жатканын,
Жашырабыз неге элден.


Социалдык маселелер боюнча вице-премьер министр Камила Талиевага ("Ар-Намыс")

Өкүм окуп жаткандай,
Өктөм чыгат үнүңүз.
"Анча-мынча эркектен,
Артык кыз" деп жүрүбүз.

Тали кызы Камила,
Тарсылдасаң, тарсылда…
Така эмес, ишиңдин,
Изи калсын артыңда.


Экономика жана
инвестициялар боюнча вице-премьер министр Тайырбек Сарпашевге

"Тайраңдаткан кайната,
Тайырбектей баланы"
Какшап айтып жүрүшчү
Калбай көптөр жан-алы.
Кайнатасы жок эле,
Төөгө учкашып шарт эле,
Төгүндөдү бала аны.
Мамкызматта кандайы,
Билине элек, бирок ал,
Бизнесинде бал аары.


Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевге

Алла насип буйруптур,
Ага Ак үй, Көк үйдөн.
Кандай ажо келбесин,
Төрөлөрдөй чиренип,
"Төө" мингени, төө минген.
Көрөлекмин учурун,
Көчөдө калып жөө жүргөн.

Сайгактап жүрөт кээ бирөө,
"Салсак"- деп аны көңтөрө
Ой, оёндор уккула,
Жантөрө эмес, жөнтөрө,
Кыйкырмайын "сирена"
Кыла албайсыңар эчтеме.

Министр статусундагы өкмөттүн аппаратынын жетекчиси Нурханбек
Момуналиевге

Рулу болот өкмөттүн,
"Руководитель аппарат"
Анткени бардык маселе,
Аппаратка барып такалат.

Жарды, байга тең карап,
Жакшы иштесе аппарат.
Өлөсөлү өкмөт да,
Өтө мыкты аталат.

… "Кантээр экен Нурхан"- деп,
Капшыттан аңдып турган көп.
Абды Суеркуловдой,
Абройго жет Нурханбек!


Юстиция министри Алманбет Шыкмаматовго ("Ата Мекен")

Сатпаган "Ата Мекенин",
Соратниктердин бири сиз.
Колдогон "Ата Мекенин",
Кожолордун бири сиз.

Калганына каяктан,
Чиркешовичке чиркелип
Түйшөлүп кээде чыгат дейт,
Түшүндө түркүн иш көрүп.

Чычалап кээлер жүрсө да,
Чычаңдап, аны жактырбай,
Шыр алып кетти ишин ал,
Шыйракка шак-шук чаптырбай.


Экономика министри
Темир Сариевге (КСДП)

Убактылуу өкмөттө,
"Уучтап" туруп, минфинди.
Чама-чаркы жеткенче,
Чалды окшойт түркүн күү.

"Эки жерде, эки төрт,
Экенин жакшы билет" деп.
Эконом министрлигин
Тапшырды эле бул өкмөт.

Ой, максатта талаш жок,
Ойлогону элге жакшылык.
"Генплан"
Бирок, калса сөз бойдон,
Кеткен оң ишти тапшырып.


Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевге
(Премьердин квотасы
боюнча)

Ар бир адам жеталгыс
Абройлуу - миң тепкич.
Эсил СССР маалында,
СССР миДде иштепсиз.

Жарым сөздөн жаңылсаң,
Жалп эттирчү тармакты.
Өкмөт башчы ишенип,
Өз колу менен карматты.

Иленин болуп кетсек да,
Иш болбойт дечи катасыз.
Премьердин ишенчин,
Кандай актап жатасыз?


Айыл чарба жана мелиорация министри Чыңгызбек Узакбаевге ("Ар Намыс")

Өкмөтбайдан жардам аз,
Өзү багып мал, жанын.
Жаткан элди элетте,
Жадыңа бек кармагын.

Бюджет бөлгөн миллиондор,
Пайдаланбай максаттуу
Айыл чарба тармагын
Аксак койдой аксатты.

Айыл өкмөт, акимдер
Отчетун берет ар кандай…
Стабилдүү иш жүргүзгүн,
"Статкомго" айланбай.


Маданият, маалымат жана туризм министри
Раев Султан палванга

Бул кызматка Султаным,
Сен кайрылып келгени.
Күйүп жатат жалындап,
Күңк-мыңк сөздөр элдеги.

"Жакшы адам, бирок ал,
Жарытпайт" - деп иш кылып.
Кармап аллергиясы,
Кайбири жүрсө чүчкүрүп,
Басып жүрөк туштарын,
Кээси жүрөт үшкүрүп..

Жетим бала кейпин кийип,
Жер карабай күңкүлдөп.
Көздөрүнө көрүнчү бир,
Палванча иштеп, дүңкүлдөп.



Транспорт жана коммуникациялар министри
Калыкбек Султановго ("Ата Мекен")

Көрсөтсө да парламент,
Көзгө сайып катасын.
Кабагым, кашым дебеген,
Калыкбек мырза "жашасын".
Ал анткени капкачан,
Алып койгон дешет эл,
Ак эшендин батасын.


"Реанимациядагы" "Чалкан" журналынын редактору Бергеналы БАЗАРБАЕВ







Пикир: