|
Ажыкебиз жаш аял алуу боюнча алдына киши чыгарбайт Турсунбай Бакир уулу буга чейин Жогорку Кеңеште намазкана ачып, кыска этек кийген кыз-келиндерге каршы чыгып, кыскасы Кыргызстанды исламдаштыруунун камын жеп жүргөндүгү менен белгилүү болуп келди эле. Көрсө ал аял алуу боюнча да, ал гана эмес, жаш аял алуу боюнча да азыркы саясатчылардан алдына киши чыгарбайт экен. Адалсынган ажыкебиздин азыркы аялы Баткендин Сүлүктүсүнөн чыккан Нуриза Бурханова аттуу 18 жаштагы селки. Болгондо да "Тагдырдын өгөй балдары", "Бардыгын кайрадан баштайлычы", "Кызыл көйнөкчөн" жана башка көптөгөн тасмаларда роль жараткан айчырайлуу жапжаш айым. КСДП кыйрап калбайбы? Жогорку Кеңештеги фракциялардын ынтымагы ыдырап баратат көрүнөт. "Республика" фракциясы үчкө бөлүнүп кетсе, эми бийликтин партиясы КСДП фракциясы да ичинен ирип бараткандай. Буга социал-демократчылар Чыныбай Турсунбековду фракция лидерлигинен кетирүүгө шымалана киришкени ачык дадил. Эгерде социал-демократчылар лидери Чыныбай мырзаны челип түшүшсө, КСДПнын башына Токтогул Туманов тыкыйып отуруп калышы мүмкүн. Бийликчил фракцияны "тегирменчиге башкартып коюшту" деп эле жүрүштү эле, эми фракцияны "памперс саткыч" башкарып калса, "КСДП кыйрап калбайбы" деп чоочулагандар да жок эмес. Биздин окумуштуу АКШны багынтууда Окумуштуу, ойлоп табуучу Үсөнбек Касмакун АКШда жүрөт. Болгондо да АКШнын аттуу-баштуу инновациялык технологиялар форум-көргөзмөсүнө катышып жатат. Айта кетүүчү нерсе биздин окумуштуу автомобилдин кузовуна керектелүүчү эч качан чирибей турган темирди ойлоп тааптыр. Буга дүйнөлүк автоөндүрүшүнүн "киттери" аябай кызыгышууда. АКШнын Птисбург шаарында жыл сайын өтүүчү "Жаңы өндүрүш технологиялары AISTech-2013" аталган бул көргөзмөдө биздин окумуштуунун ойлоп тапканына "очиредке" турушуп, "бери келиңизчи сүйлөшөлү" деп эле АКШ, Европанын автоөндүрүш тармагынын лөктөрү, биринен-бири кызганып, "мен сүйлөшүп" атпаймбы дешип, "кырылышып" атат дейт. Акыры Үсөнбек Касмакундун "идеясын" АКШнын United States Steel компаниясынын вице-президенти Марио Лонги, Nucor-Yamato компаниясынын башкы директору Чаду Утемарк, ошондой эле Tata Steel улуттар аралык корпорациясынын вице президенти Ананду Сен өңдүү ири компаниянын ээлери "бизге бериңиз" деп алып калышты. Алар Үсөнбек Касмакундун "ойлогонун" жүзөгө ашырууга белсенүүдө. Балдардын ырыскысын талашкандар Мамлекеттик мүлк фондусу башка жер калбай калгансып, бала бакчаларга кирип алышкан мамлекеттик жана муниципалдык органдарды чыгара албай баштары катууда. "Чыгып койгулачы" дешип "чыркыраган" каттарын улам-улам жөнөтүшүүдө. Алар болсо жазылган каттарды чымын чаккандай көрбөй "жыргап" иштеп жатышыптыр. Бул тууралуу мамлекеттик мүлк фондусунун башчысы Айбек Осмоналиев ЖКнын тиешелүү комитет жыйында билдирди. Анын айтымында Кыргызстан боюнча 1395 бала бакча болсо, анын 236сына ар кандай муниципалдык жана мамлекеттик мекемелер кирип алышып, чыкпай жатыптыр. Мамлекеттик мүлк фондусуна буларды чыгаруунун эң эле оңой жолун айтып койгубуз келип турат. Минтип ЖКга чейин жетип, ыйлактап отургандын ордуна, бу Ош шаарында 35 овчарка итти "окутуп" жаткан, ит аздык кылгансып карышкырды кошо баккан кинолог Э.Жаңыбаев деген бар, ошону тапкыла. Андан 6-7 овчарка сурап алып, алдына карышкырды салып, айкырып кирип барсаңар, тигилер "апага" тили келбей алеки-саатта безип жоголушат. Себеби, балдардан ырыскы талашып отургандарда жүрөк дегенден эч нерсе болбойт. Ал эми беттери барбы, жокпу муну да текшерип көрүүнүн ыкмалары бар. Бирок, бекер айтпайбыз…Платный… Барактыктарга өзбектер үстөмдүк кылууда КСДП фракциясынан ЖК депутаты Зайырбек Жоошбековдун айтымында Барак анклавынан башка жакка (Ошко, Кара-Сууга ж.б.) көчүп кеткен үй-бүлөлөрдүн саны ондон ашып кетиптир. Эртең бул сан эки-үч эсеге көбөйүшү мүмкүн. Анткени, ал айылдын тургундарына өзбек тараптан тымызын түрдө да, ачык түрдө да үстөмдүк болууда. Тактап айтканда, бекеттен өтүп жатканда негизсиз текшерүүлөрдү жүргүзүшүп, акча талап кылып, базардан алган буюмдарына, тамак-аш, азыктарына дагы справка сураган учурлар көп кездешет. Зайырбек мырза "Бир мезгилдерде Барак абдан өнүккөн. Себеби, өзбектер жер семирткич каражаттарын Баракка алып кирип, ал жерге топтоп, анан кыргыздарга сатышып, пайда көрүшкөн. Азыр андай эмес, элге кыйын эле болуп жатат", - деп бул меселени тезирээк чечүүнү айтты. Ит атардын "иттиги" Ош шаарынын Кулатов кичирайонунда, таң атпай (эртең мененки саат 7) селсаяк иттерге аңчылыкка чыккан, шаардык "Тазалык" ишканасынын ит атары анык мергенчи экен. Бу кыраанга кыбыраган-кыймылдаган нерсе ит болуп көрүнгөнбү же кайсардыгы кармап кайыта атканбы, айтор, аткан огу кырк жаштагы аялы, кызы менен жайма-жай кетип бараткан бирөөгө тийиптир. Дагы жакшы чала-чарпыт тийип калса керек, ооруканага барып, жаратын таңдырып алып, басып кетиптир. Ал эми "итчилик" кылган ит атарга келсек, иштеген ишканасы жүрөгүн көтөрүп "апаптап" жатыптыр. Укук коргоо органдары да "укуругун таптап жатат" деп угуп калдык. Коомдук каналдын кошоматы Коомдук каналдын кошоматы калбайт окшоп калды. Буга чейинки жоруктарынан дагы кечээ күнү жасагандары чектен ашып кетти көрүнөт. Президенттин жарлыгы менен майрамдалып жаткан энелер майрамына карата кайсы бир иш-чарага экс-президент Роза Отунбаева жөн барбай, азыркы президенттин жубайы Раиса Атамбаеваны да ээрчите барган экен. Эми ошол жерден да кошоматын коюндарына ката барышкан коомдук каналдын журналисттери: "Аталган иш-чарага президенттин жубайы Раиса Атамбаева дагы катышты" деп жыйынтыктап коюшту. Мамлекеттин башында турган, учурда экс-президент макамы бар Роза Отунбаева тууралуу бир да сөз айтып коюшкан жок. Мындай кошоматты ажо Атамбаев тургай, Раиса айым өзү деле жийиркенич менен кабыл алса керек… "Азаттыктын" журналисттери майдаланып кеткендей Бир кезде "Азаттыкта" Тынычбек Чоротегин, Кыяс Молдокасымов, Бүбүкан Досалиева, сыяктуу кыргыз журналистикасынын мыкты өкүлдөрү иштечү. Жазган материалдарынын майын чыгарып изилдеп, каармандарына калыс мамиле кылып, өздөрүнүн саясый көз караштарын эч кимге таңуулабаган кесипкөйлөр эле. Эң башкысы кесипкөйлүктүн туу чокусуна жетишкенде да алар өздөрүн жупуну карманышып, бирөөлөргө жөнү жок асылбай, сын такпай, өздөрүн бир сырдуу кармашчу. Ал эми алардын ордуна келип жатышкан жаңы муун өкүлдөрү Аида Касымалиева, Жанар Акаев, Алия Суранова өңдүү кесиптештерибиз социалдык тармактарда кыргыз журналисттерине тийишип, "ушакчы" атап, "сынчынын сыңар өтүгү майрык" дегендей, сын тагып жатышканына күлкүбүз келет. Урматтуу кесиптештер, силер деле асмандан түшкөн эмессиңер, силер деле кыргыз тилдүү журналисттердин катарына киресиңер. Эгер америкалыктар силерди жалдап албаганда, бизге окшоп кыргыз гезиттеринде "ушакчы" болуп иштеп жүрмөксүздөр. Анын үстүнө Силердин деле бой көтөргөндөн башка өзгөчө эмгектериңерди көрө элекпиз. Эгер кыйын болсоңор эмнеге Чоротегин, Молдокасымов, Досалиева атын бийик көтөрүп кеткен "Азаттык" радиосунун атын азыр төмөн түшүрүп жибердиңер? Эл азыр мурункудай "Азаттыкты" кууп укпай, "Биринчи радиону" угуп калганын билесиңерби? Жаштар АКШнын элчилигинин алдына барып, "Азаттык" мурунку багытынан тайып бийликчил болуп калганын ашкере кылып, нааразычылык акциясына чыкканы жатышканын билесиңерби? Мунун себеби эмнеде? |
Пикир: |