Айткым келди…

Интернетти барактап отуруп, бир сайттан "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын курултайынан даярдалган материалды көзүм чалды. Материалдын ичинде: "Курултайга Орусия элчилигинин эки кеңешчиси катышты. Буга байланыштуу Адахан Мадумаров докладынын көбүн орусча окуду" дегенди окуп алып, буга чейин ичимде топтолуп келген ойлорду бөлүшкүм келди.


Негизи эле совет доорунан калган жаман көрүнүштөрдүн бири катары орус улутундагы 1 адамдын көңүлүн карап, орусча чала болсо да чулдурап кошоматтанганыбыз азыр деле кала элек. Жакын арада калчудай эмес. Анткени учурда Кыргызстанды бир кездеги Орус империясынын мураскору азыркы Орусия Федерациясынан анын кагаз жүзүндөгү эгемендиги гана арачалап турганы жашыруун деле болбой калды. Айрыкча 2010-жылдын 7-апрелиндеги ыңкылаптан кийин Кыргызстанды жетектеген адамдар ар бир аракетин Кремль менен макулдашып жасаган деңгээлге жетип калышкан чагы. Алар го мейли, бийлигин сактап калуунун акыркы чарасы катары Орусияга багынууну олжо көрүшөт экен. Ал эми 20 жылдан бери Кыргызстандын эркиндиги, улуттун келечеги тууралуу кең-кесири сын айтып, жаагы айрылганча бакырып жүргөн саясатчылардын дээрлик көпчүлүгүнүн оозу Орусияны карап турат азыр деле. Мисалы жогоруда айтылган Адахан Мадумаровду алалы. Эми ошол курултайга катышкан 2 орус үчүн залдагы ондогон кыргыздын оозун ачырып, орус тилинде доклад жасаганы бир эле нерсени билдирет. Бул деген Орусияга отчет берүү. Анткени Адахан Мадумаровдун эртеңки күнү болжолдуу бийликке келишин ошол жак чечет. Мадумаровго карата Орусия бийлигинин колдоосу так ошол элчиликтин 2 үлкөн кызматкерлери Кремлге, элчиге жеткирген маалыматка ылайык чечилет. Эгерде курултайдагы иш-аракеттердин басымдуу бөлүгү аларга жакпай калса, анда эле иштин бүткөнү.

Мен муну менен Адахан Мадумаровдун атына көө сыйпайын деген ойдон алысмын. Тилекке каршы, бүгүн Кыргызстандагы эртең бийликти алууга камынып жүргөн саясий топтордун дээрлик бардыгы ушундай бир векторлуу саясат менен бара жатышат. Бул деген биз жакын арада Бажы союзунун, ОДКБнын, ШОСтун, КМШнын аты бар, заты жок, пайдасынан зыяны арбын чеңгэлинен чыга албайбыз дегенди туюндурат. Ушул жол менен бара берсек, кыргыз баласынын "Лексус" машинеси "Волгага", "Мерседеси" "Москвичке" алмашып калаарын мындай коюңуз, жада калса өз ара сүйлөшүүдө колдонуп келген эне тилин да орус тилине алмаштырып алуу коркунучу бар. Буга чейинки маңкуртчулук тууралуу айтылып келген икаялар эч нерсе эмес, өз тилибизге "эх, мой родной язык!" деп окемдердин тилинде тамшана ода жазып калышыбыз мүмкүн. Буга өзүн кыргыздын таза мекенчил жигити катары даңазалап келген Адахан Мадумаровдун кечээги аракети мисал боло алат. Эгер ал бийликке келбей жатып, орус тилине артыкчылык бергени аз келгенсип, курултайда ачык эле Кремль өкүлдөрүнө отчет берип жатса, демек бийликке келгендегисин элестетүү кыйын.

Негизи эле ушундай. Көчөдөгү семичке сатканы деле, дердеңдеп микрофондон шилекейин чачырата бакылдаган депутаты деле орусча сүйлөбөсө маданияттан артта калган адамдардын катарына кошулуп калчудай элеңдейт. Ажосу деле, кожосу деле андан алыс узай албайт. Мындай шартта эли жарды, жери талаш, ою туман кыргыздын эртеңин таамай элестетүү кыйын.

Адилет АЙТИКЕЕВ
adi77@inbox.ru





Саясый арнография
Аргымбек Малабаевге

Ассалоому алейкум,
Амансыңбы Аргымбек.
Анчалык алба көңүлгө,
"Алиби" гезит аркылуу,
Айтылып кеткен арбын кеп.

"Ар-намыска тийдиң" деп,
"Аргымбек болом билгин" деп,
Сотту көздөй сүйрөдүң,
"Соолтомун жүргүн" деп.

Калк бийлеген азамат,
Катуу сөз укса туйлабайт.
"Калк тараза" деп коет,
Кадырын бөөдө булгабайт.
"Топоро глатун" деп
жаздырып,
Том-том кылып бастырып,
Юристтерин кыйнабайт.
"Соолутуп бер" деп ушуну",
Сотко барып ыйлабайт.
Чынында эле ошо да,
Чычалак киши жыргабайт.

Калың болсо жетекчи,
Каралап айткан сөз жетпейт,
Калкагар тоодой көрүнөт,
Караанына көз жетпейт.
Маңыздуу жүргөн-турганы,
Майда сөзгө тепсетпейт.

Аргымбек баатыр андыктан,
Анчалык кетпей кеп уккун.
"Вагондун жайын билет" деп,
Вагута айтты сен уккун.
Ошону жазып ийем деп,
Ортодо бөөдө жеме уктум.

Укпай жүргөн жемеби,
Урушпай кепке келели.
Көп эле мага кырданбай,
Көңүл бурчу сен мени.

Кочкордун төр жагында,
Кашка-Сууда багылган.
Окшуюп оң жак көзү жок,
Окус тийип чагылган.
Сокур эчким бар эле,
Соо басалбай чалынган.
...Каякта менде калың кой...
Кадырың жапса Аргымбек!
Кара эчким алып жаным кой.

Алсаң ошол эчкимди,
Улагы менен берейин.

Союп келип өзүңө,
Туягы менен берейин.
Баш-шыйрагын куйкалап,
Кулагы менен берейин.
Аны дагы аз десең,
Айтканыңа көнөйүн.
Кара эчкинин үстүнө,
Кара тоогум берейин.
Айыптуу берет болгонун,
Андан башка не дейин?

Кандай дейсиң Аргымбек?
Катар берип жатамын,
Кара эчки, дагы тоогумду...
"Угам" деп турам өзүңдөн,
Ыраазычылык жообуңду.

Акындын жолу ошондой,
Айтса чыгат арбын кеп.
Ар жагын өзүң билерсиң,
Аман болгун Аргымбек!






Пикир: